“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.
АКШнын Мамлекеттик департаменти кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” деп аталган эл аралык кадыр-барктуу сыйлыкты ыйгарды.
Кесиптик кошуундар Эмгек кодексине киргизилип жаткан айрым беренелерге каршы чыгып, митинг өткөрүштү.
Кылмышкерлер, мыйзам жана эреже бузгандар бирдиктүү тизмеге киргизилет. Аны күч органдары жана кээ бир жогору кызматтагы жетекчилер гана текшере алат.
Парламенттик шайлоонун так мөөнөтү аныктала элек болгону менен, саясый партиялар шайлоочулардын көңүлүн алууга активдүү киришти.
Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан 30 тонна дарбыз Омск облусунан кайра артка жиберилди. Орусиялык тиешелүү кызматтар жүктүн кайтарылышын фитосанитардык сертификаттын жоктугу менен негиздешти.
Кыргызстанда сексуалдык кызмат көрсөткөн интернет сайттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Шаардык прокуратуранын доо арызын Бишкектин райондор аралык соту канааттандырып, натыйжада Байланыш агенттиги кырдаалды көзөмөлгө алат.
Орусиянын Свердловск облусундагы №46 күчөтүлгөн Невьянск колониясынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө кыргызстандык жарандын каза болушу ачкачылык акциясы менен коштолду. Нааразылык акциясына катышкан абактагы 400гө чукул киши кылмыш ишин козгоп, фактыны тергөөнү талап кылышты.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна кырктан ашык долбоор келип түштү. Бирок фонддон билдиришкендей, көпчүлүк долбоорлордун экономикалык негиздемелери так болбой, жалпы сунуш каттары чийки болгондуктан, кайра иштеп чыгууну талап кылууда.
Бишкекте вареник жеп жарышышты
Соңку жумада бензиндин баасы эки сомго жогорулады. Нефтетрейдерлер ассоциациясы июль ичинде баа 15 пайызга чейин өсөрүн эскертип жатат.
Айбек: маңзат 25 жылдык өмүрдү уурдады
Патенттик салыкты акырындык менен жоюу каралууда. Бүгүнкү күндө патенттик система жеңил болгону менен, бул ыкма көмүскө экономиканын өсүшүнө жол түптөп жатканын салыкчылар айтышат.
Мал сатып марыбай калдык
Кыргызстанда унаа баасы кескин төмөндөдү. Унаа ташып саткан ишкерлердин билдиришинче, акыркы айларда машиналарга суроо-талап дээрлик токтоду.
2015-жылы өлкөдө 113 адам маңзат менен кармалган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынан билдиргендей, жылдан жылга маңзат ташып кармалгандардын саны көбөйүүдө.
Кыргыз өкмөтү 17 мамлекеттик ишкананы менчиктештирүүгө уруксат берүүнү сурап, парламентке кайрылды.
"Жаңы муун" кыймылы ТИМдин аткезчилик кылды деп кызматынан мурда четтетилген жооптуу кызматкерлеринин ошол эле мекемеде иштеп жатышына баа берүүнү сурап, Башкы прокуратурага кайрылды.
Ири суммадагы пара доолап жатат делген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин эки кызматкерин кармоо учурунда күч органдары ортосунда жаңжал чыккан.
Ош шаарынан борборго келген 67 жаштагы машыктыруучу Мамыт Таштанов жаштарга хоккей менен машыгууга шарт түзүп бергиле деп, бийликтеги жетекчилердин эшиктерин каккылап жүрөт.
Дагы жүктөңүз