"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге жакын экени маалым болду.
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин бир жума мурда кызматка дайындаган бир тууганы коомчулуктун сынынан кийин кызматын тапшырды.
Сузак районунун 77 жаштагы тургуну Алымжан Файзуллаевдин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусун Башкы прокуратура териштирип жатат.
Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт. Бирок ички жолдордун абалы ал жолдо жүргөн жүргүнчүлөр менен айдоочуларды толук канааттандыра элек.
Жалал-Абадда сот адвокаттын кызматы үчүн 160 миң сом төлөп берүүнү 65 жаштагы карыя Абдрасул Дармановго милдеттендирди.
Базар-Коргон районунун Карача айылынын 50 жаштагы тургуну Карамат Токторалиева балдары менен бирге жаңы кесипти өздөштүрдү. Ал тандыр жасоонун сырын үч жыл мурда үйрөнгөн. Былтыр сезондо 3 миң даана тандыр жасап, миң сомдон баштап эң чоңун 15000 сомго чейин сатып үлгүрдү.
Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында 21-августка караган түнү өрт чыгып, 2,5 миң чарчы метр соода аянты күлгө айланды. Ишкерлер өрттүн себептерин тактоо менен кесепеттерин эртерек жоюуну талап кылууда.
Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын тургундары төрт жылдан бери аягына чыкпай жаткан таза суунун курулушун бүтүрүүнү талап кылып жатышат. 2 миңге чукул калк жашаган элеттиктер аргасыздан тазаланбаган булактын суусун өз алдынча айылга тартып алышкан.
Базар-Коргон районунун Совет айылындагы «Жахабанын күбөлөрү» диний агымына таандык сыйынуу үйүнүн курулушу убактылуу токтотулгандыгы жана уюмдун ишмердиги иликтенери кабарланды.
Жалал-Абад шаарынын аймагында курулушка уруксат кагаздары жок башталган көп кабаттуу беш үйдүн курулушун токтотуу боюнча прокуратурага, сотко кайрылуудан азырынча майнап чыга элек.
Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Виктор Самсонов учуучу аппаратын жасап жатат. Төрт орундуу кичи тик учагын учурууну ал эки жылдан бери кыялданып жүрөт. Биринчи топтогу майып күнүмдүк жашоосуна каражатты маркумдарга эстелик жана ар кандай айкелдерди жасап табат.
Жалал-Абадда төрт балалуу келиндин бычакталып өлтүрүлүшүнө күйөөсү шектелип камакка алынды.
Көк-Жаңгак шаарында көчкү түшүү коркунучу бар аймакта чөбөрөсү менен жашаган 70 жаштагы байбиче коопсуз жайга көчүү аргасын таппай жатат. Төрт баласынан айрылган Шарапат Шамшидинова карыганда жаңы турак жай салууга чамасы келбей турат.
Токтогул районунун Тер-Жайлак жайлоосунда Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана фельдшердик акушердик пункт көчүп барып, калкка кызмат көрсөтүшөт. Алар эски вагонду кеңсе катары пайдаланышууда.
Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду үй камагына чыгарды.
Ал арада каржылоонун жоктугунан 400дөн ашык жумушчу айлап маянасын ала албай жатат. Жыл башында башталган жолдун курулушу токтоп, казылган жерлер ошол бойдон калып кетти.
Жалал-Абадда активдүү мигранттардын катышуусунда жайкы үйрөтүү лагери өтүп жатат. Түштүк облустарынан чогулган 20дай мигрант жаштарга адистер коомдук активдүүлүк, мамлекеттик түзүлүш жана шайлоо негиздерин үйрөтүп жатат. Мындай лагерь өткөн айда Ысык-Көл жэгинде да уюштурулган.
Чаткал районунда кен казуу иштерин алып барган "Кичи-Чаарат" компаниясынын жумушчулары маянанын аздыгын жана иштөө шартынын оордугун айтып чыгышты.
Мураталы Тагаев бир тургунду «сабап койгону» жөнүндө маалыматты милиция иликтей баштады.
5-июлда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өттү. “Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч” деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышты.
Дагы жүктөңүз