Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

Жалал-Абаддын мэри аралашкан жаңжал


Мураталы Тагаев.
Мураталы Тагаев.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаанын бир тургунун «сабап койгону» тууралуу маалыматты милиция иликтей баштады.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда факт катары катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдин Жээнтаев буларды айтты:

«Шаардагы ооруканадан 3-июлда «102» кызматына билдирүү түшкөн. Дарыгердин чакыруусу боюнча, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жерине барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Жабырлануучу алгачкы медициналык жардам алып, ооруканага жатуудан баш тартып чыгып кеткен. Ал шаардын мэри эмес, таанышы Мураталы Тагаев уруп койгонун айткан. Жабырлануучу факт реестрге катталган соң арыз менен кайрылыптыр».

Интернетте тараган арыз.
Интернетте тараган арыз.

Маалыматтарга караганда, окуя 3-июлга караган түнү шаардагы «Тагай-Бий» мончосунун жанында болгон. Токмоктолгону айтылган 32 жаштагы калаа тургуну ошол замат облустук клиникалык ооруканага кайрылган.

Оорукананын бейтаптарды кабыл алуу пунктунун жетекчиси Кулмамат Капаров жабырлануучунун алгачкы абалы тууралуу маалымат берди:

«3-июлда түндө келген. Жакындары «Тагай-Бий» мончосунун жанында тааныш адам урганын билдирген. Ага «башынан жараат алган, мээси чайкалган, мурдунун сөөгү сынган, моюнда жана бетте көгала тактар бар» деген диагноз коюлган».

Жабырлануучу менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Апасы уулу ооруканага жатуудан жана арыз жазуудан баш тартканын айтып, толук маалымат берүүнү каалаган жок.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 3-июль түнү жабырлануучу Мавлянбек уулу Сыдыктын атынан Мураталы Тагаевге чара көрүүнү өтүнгөн арыз жазылган. Бирок ошол эле күнү жабырлануучу «эч кимге доом жок» деп, арызын кайтарып алганы маалым болду.

Шаар мэри Мураталы Тагаев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген жок. Мэрияга караштуу басма сөз борборунун жетекчиси Азамат Жээнбеков буларды айтты:

Азамат Жээнбеков.
Азамат Жээнбеков.

«Бул окуя шаар мэри Мураталы Тагаевдин туугандарына таандык «Тагай-Бий» мончосунда болгон экен. Балким ошол себептен Тагаевдин аты аталып жаткандыр. Бирок Мураталы Тагаев түнкү саат 12де үй-бүлөсү менен мончодон чыгып баратып, сөз талашып жаткан балдарды көрүп, аларды ынтымакка чакырган. «Токмоктоду, кол көтөрдү» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул кайсы бир тараптардын атайын чыгарган ушагы болушу ыктымал».

Ушул жылдын май айында Интернетте мэрдин аты аталган аудио тараган. Аудиодо эки адам журналисттерди сөккөнүн, алар шаарда жасалган иштер жакшы чагылдырылбаганын айтып жатканын угууга болот.

Мындан сырткары шаар тургуну Урниса Турдиева менен журналист Анархан Жаңыбаеванын дарегине да сөздөр айтылган. Шаар тургуну Урниса Турдиева өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, Мураталы Тагаевдин үстүнөн шаардык прокуратурага кайрылган. 2-июлда бул факт Жазык кодексинин 145-беренеси («Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шаардык милиция тергөө иштерин баштады.

Ал эми Анархан Жаңыбаева өз укугун коргоп президенттик аппаратка кайрылганын айтты.

Анархан Жаңыбаева.
Анархан Жаңыбаева.

«Интернетте тараган аудиодо мэр Мураталы Тагаев, Сузак районунун акими Эрмек Омошев жана президенттик аппараттын кызматкери Чыныбектин сүйлөшүп жатканын угууга болот. Анда Чыныбек деген жигит «президент аймакка келген учурда Анархан Жаңыбаеваны жолуктурбай жок кыласың» деген тапшырманы эки жетекчиге берип жатканы жазылган. Ал жерде менин коопсуздугума коркунуч жаралып жатканы билинип турат. Ошол себептен 15-июнда президенттик аппаратка Чыныбекти жумуштан алууну жана Мураталы Тагаев менен Эрмек Омошевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп кайрылуу жибердим. Арызым президенттик аппаратта каралып жатыптыр. Жогорку жетекчи кызматкерлердин мындай деңгээлде сүйлөшүүсү этикага жат көрүнүш. Алар мени «жогот» же «жок кыл» деп айткан сөзү кандай маанини түшүндүрөрүн өзүңөр жакшы билесиңер».

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн «Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу» беренеси менен жыл башында козголгон дагы бир ишти учурда УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатат.

Былтыр декабрда Жалал-Абад шаарынын 72 жаштагы тургуну Урниса Турдиева мэрден өз иш бөлмөсүндө ыдык көргөнүн билдирип, прокуратурага кайрылган. УКМК бул иш териштирилип жатканын айтып, кошумча маалымат берген жок.

Мураталы Тагаев буга чейин «Азаттыктагы» маегинде булардын баары жалган жалаа экенин айткан.

«Коомдук анализ институту» бирикмесинин жетекчиси Рита Карасартова мындай көрүнүштөр мамлекеттик кызматтын беделине көлөкө түшүрүп жатканын айтты:

«Бүгүнкү күндө жетекчилердин кол көтөрүшү кадыресе эле көрүнүшкө айланып калды. Анткени бийликке азыр «каралар» жана татыксыз адамдар келип, «алар менен күрөшүү керек» деген куру кыйкырыктарды өздөрү айтып жатышат. Бул жагдайды мыйзам менен да жөнгө салууга болбойт. Башка деңгээлде иш алып барып, сот аркылуу далилденгенде гана айып коюуга болот. Бирок сот системасы да эмнеден көз каранды экенин баарыбыз жакшы билебиз. Мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын эреже жок. Бизде соттордун гана ички эрежелери бар, баскан-турганы гана жазылган. Мамлекеттик кызматкер да уруксат берген нерсени гана жасайт. Аларга бирөөнү токмокто деген укук берилген эмес. Коом кимдин ким экенин ачык айтканды үйрөнүшүбүз керек. Ошондо гана балким башкалар тартипке келээр».

Жалал-Абаддагы «Versia.kg» маалымат-аналитикалык сайты жакында эле Мураталы Тагаев мурда соттолгонун жазып чыкты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек шаардык соту 2004-жылы Тагаевди Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү») менен күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратылган. Бишкектеги №36 эмгек түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Тагаев эки айдан кийин мунапыс менен бошотулган. Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз борбору бул маалыматтарды тастыктаганы менен, толук маалымат берген жок.

Мураталы Тагаев мурдагы спикер жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү. 41 жаштагы мэр Сузак районунун Барпы айылынан болот. Жалал-Абад шаарындагы «Тагай-Бий» мончосунун ээси катары белгилүү.

2012-жылы шаардык кеңешке шайлоодо «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. Ошол учурда КСДП жана «Ата-Журт» партияларынын саясий тандеминин натыйжасында шаардык кеңешке төрага болуп шайланган. Ал 2018-жылдын 11-июнунан бери Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG