"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Аксыда элеттик аялдардын күнү белгиленди. Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунан чогулган 100дөй демилгелүү ишкер аялдар флешмоб уюштуруп, өз колунан жасалган буюмдарды жана таттууларды жармаңкеге коюшту.
Жалал-Абадда эки милиционерге карата Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишин УКМК териштирип жатат.
"Азаттыктын" апта түрмөгүндө Кыргызстандын калкын таза суу менен толук камсыздоонун бүгүнкү абалы жана көйгөйлөрү тууралуу сөз болот.
Кыргыз-өзбек жаштарынын Жалал-Абадда өткөн үч күндүк фестивалы жыйынтыкталды. Иш- чарада билим берүү, маданият жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча эки тараптуу суйлөшүүлөр болду.
Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө өрткө каршы куткаруу бөлүмү аймакта суунун жоктугунан жамгырдын суусун атайын бакка топтойт. Тогуз жыл мурда ачылган өрткө каршы бөлүмгө ушул кезге чейин суу жеткириле элек. Буга чейин Кетмен-Төбөдөгү эки көп кабаттуу үй суунун жоктугунан күйүп кеткен.
Аксы районунун Үч-Коргон айылында Нарын дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кызды издөө иштерине кошуна өзбек тараптын куткаруучулары да жардам берүүдө.
Санитардык эпидемиологиялык кызмат быйыл март айында “Имарат ичинде иштөөгө болбойт” деп берген кезектеги билдирмеси да аткарылбай турат. Мындан сырткары айылдагы башка социалдык объекттер кароосуз калып, четинен талкалана баштады.
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Белдеги монумент алдында 2010-жылдагы июнь окуялары эскерилди.
Москвада иштеген сузактык жаштар туулган айылына 2 млн. сомдук эс алуу багын куруп беришти. Багыш айылында жаштар түптөгөн эс алуу багы балдар ойногондон тышкары, бардык айылдыктардын башын бириктирген жай болуп калды. Жергиликтүүлөр айылдын инфраструктурасын жакшыртууга мигрант жаштардын салымы өзг
Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуга каршы «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен козголгон кылмыш ишин милиция териштирип жатат.
Жалал-Абаддын Барпы театрынын чыгармачыл тобу Орусиянын шаарларын кыдырып, эмгек мигранттарына өнөр көрсөткөнү жол тартты. Чет өлкөгө алгачкы жолу чыгып жаткан жалалабаддык өнөрпоздорду кепке тарттык.
Акыркы жылдары карылар үйүнө байланган тагдырлар көбөйүп бара жатат. Анткен менен бул жерде бири-бирине жөлөк болчу түгөйүн таап, өмүргө башкача карай баштаган адамдар да барын эске сала кетели.
Кыргызстанда 5-июнда Орозо айт майрамы белгиленди.
Жийде айылынын бир катар тургундары аймактагы чек ара заставасынын башчысына каршы арызданышты.
Жалал-Абаддагы медициналык коллеж 40 жыл мурда курулган. Учурда анын дубалынан жарака кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу деп эскерткенине карабай ал жерде студенттер жашап жатат. Жатакананы Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү текшерип, "санитардык абалы на
Токтогул районундагы №52 жатак абактагылар катаал шартта кармалып жатат.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу коомдук байкоочу кеңеш Жалал-Абад медициналык коллежинин лицензиясын карап чыгуу боюнча министрликке кайрылмак болду.
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы майып үй-бүлөгө өз каражатына турак жай салып берип жатат. Командир Мамаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн дээрлик баарынын мүмкүнчүлүгү чектелүү.
Жергиликтүү активисттер Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунан былтыр Аксыга көчүрүлгөн бугу-маралдар кароосуз калып, жоголуп баратканын айтышууда.
Дагы жүктөңүз