Бул чечим Жогорку соттун ишти кайра кароо тууралуу 3-июлда чыгарган бүтүмүнүн негизинде кабыл алынган.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов Музаффар Исаковдун баш коргоо чарасы жактоочусунун өтүнүчүнүн негизинде өзгөртүлгөнүн "Азаттыкка" билдирди.
«Сузак райондук соту Музаффар Исаковду 2019-жылдын 15-сентябрына чейин үй камагына чыгарды. Аны менен бирге айыпталып, камалган райондук архитектуранын дагы эки кызматкери үй камагына бошотулду. Ал эми Таш-Булак айылынын мурдагы башчысы Жолдошбай Эргешовдун жактоочусу өтүнүч келтирбегени үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Жогорку соттон кайтарылган иш 29-июлда Сузак сотунда каралат».
Ушул жылдын 14-майында жер сатууга байланышкан коррупциялык иштери үчүн айыпталып, 2017-жылы кылмыш иши козголгон мурдагы депутатты Жалал-Абад облустук соту жети жылга эркинен ажыраткан.
Сот залынан камакка алынган Исаков Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат»), 320-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен күнөөлүү деп табылган.
Сот Музаффар Исаков менен кошо жергиликтүү бийликтин мурдагы үч өкүлүнө беш жылдан жаза мөөнөтүн берген. Алар "2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда Мамлекеттик каттоо органдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган" деп айыпталууда.
Жергиликтүү укук коргоочу, мурдагы депутатка каршы арызданган Анарбай Орозов соттун чечимине нааразы экенин билдирди.
"Тоок уурдагандар түрмөдө отурса, мамлекетке миллиондогон сомдук зыян алып келген адамдын үй камагына чыкканы акыйкатсыздык. Жогорку соттун ишти кайра кароого жөнөткөнүн, жазадан бошотуу аракети катары түшүнсөк болот. Бул Кыргызстанда мыйзамдар иштебей, сот реформасы ишке ашпай жатканын көрсөтөт. Акыйкатты билбеген соттордун иштөөгө акысы жок деп ойлойм. Музаффар Исаков толук жазасын алышы керек".
Жарандык активист жана жабырлануучулардын биринин жактоочусу Майрам Алтыбаева Исаковго чыккан бул өкүмдөн шек санап турганын айтты.
"Мен бул ишке башынан тарта катышып келе жатам. Башкы прокуратура 14 гектар жерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп козгогон ишке ошол учурдагы район акими, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, Архитектура бөлүмүнүн башчылары түздөн түз тиешелүү болгон. Бирок иштери тергөөдөн алынып, кыскартылып кеткен. Алардын ордуна жөнөкөй кызматкерлер жазага тартылды. Сузак райондук сотунун төрайымы жети жылга камалган Исаковду кайсыл мыйзамдын негизинде үй камагына чыгарганы бизге белгисиз болуп турат. Андай болсо ушул иш боюнча айыпталып, азыр камакта жаткан мурдагы айыл башчы Жолдошбай Эргешовду чыгарыш керек болчу".
Бул кылмыш иштин алкагында 2008-2015-жылдары Сузак районунун акими болгон, азыркы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов да сурак берген. Ал буга чейин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Таш-Булак айылындагы жер мыйзамсыз сатылып жатканын кылмыш иши козголгонго чейин билбегенин айткан.
"Менин билишимче, бул жердин көпчүлүгү трансформациялоодон өтпөй туруп эле сатылып кеткен. Райондук администрация көзөмөлдөөчү органга кирбейт, ошондуктан ага биздин күчүбүз жетпейт. Сузак району боюнча жалпысынан 44 миң гектар айдоо аянты бар. Ал жерлердин кайсынысы чекесинен берилип жатканын жалгыз аким карай албайт. Аны Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы көзөмөлдөйт. Мындан сырткары айыл өкмөттөр өз карамагындагы жерлерди өздөрү караш керек. Бизге жер сатылып жатат деген маалымат түшкөн эмес", - деген Нурболот Мирзахмедов.
Мамлекеттик айыптоочу Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөөнү жана анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган.
Жалал-Абаддын Сузак райондук соту былтыр декабрь айында бул ишти карап, «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, мурдагы депутатты үч жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.
Музаффар Исаков былтыр декабрь айында депутаттык мандатты өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Аны өз үйүнөн табууга мүмкүн болгон жок, ал өзүнө коюлган айыптар негизсиз экенин айтып келет.