"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Сузакта ардагерлер үчүн “Жашоо эми башталат” борбору иштей баштады. Ал жерде жашы 50дөн ашкан адамдарга адистер жана тренерлер көл өнөрчүлүктү жана компьютерди үйрөтүшөт. Мындан сырткары жума сайын психологдордун кеңештери да каралган.
Апта темасы бул ирет кыздардын эл аралык күнүнө арналат. Бириккен Улуттар Уюму 11-октябрды кыздар күнү деп 2012-жылы жарыялаган. Кыргыз коомундагы кыздарга болгон мамиленин айрым өңүттөрүнө аймактардагы кабарчыларыбыз көз салып көрүштү.
Токтогул районунун Үч-Терек айылында жергиликтүү келин ачкан кыздардын бий мектеби көпчүлүктө кызыгуу жаратты. Учурда айылдагы маданий иш-чаралар жана той-топурлар жаш бийчи кыздардын коштоосу менен өтүп келет. 32 жаштагы Наргиза балалык кыялын айылда ишке ашырып жатканын айтууда.
Токтогул районунун айрым аймактарында иштеп жаткан бир катар компаниялардын геологиялык чалгындоо жана казуу иштерин токтотууну жана кенге берилген лицензияны жокко чыгарууну талап кылган элдик жыйындар ишемби күнү Үч-Терек жана Кызыл-Өзгөрүш айылдарында өтүп, ага 500дөй тургун катышты.
Жалал-Абад мамлекеттик университетине быйыл өткөн студенттердин 40% чет элдиктер түзөт.
Тогуз-Тородогу курулушу бүтө элек имаратка жайгаштырылган 238 окуучу кайра эски мектепке киргизилди.
Жаңыдан ондолуп бүткөн Кербен жана Казарман аэропорттору иштей элек.
Орусияда иштеген мекендештердин “Үмүт” аталышындагы өз ара жардамдашуу тобу (кичи фонд) Жалал-Абад шаарында жетим балдар үйүнөн чыккандарга жана жалгыз бой энелерге көп батирлүү турак жай салып баштады.
Парламент комитети «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулаганы турат.
140 түтүн эл жашаган Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылына электр энергиясын алып баруу маселеси былтыр президент Сооронбай Жээнбеков эл менен жолуккан учурда көтөрүлгөн. Өкмөт бул айылга күндүн нурунан кубат ала турган жабдыктарды орнотууну чечкени менен иш азырынча аткарыла элек.
Базар-Коргон айыл өкмөтүндө, айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарган адам эки жарым жыл ичинде сегиз жолу дайындалды.
Анын мүлкүн өткөрүп алган «Элдик» ишканасы объектилерди жергиликтүү бийликке тарата баштады.
Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташкан топ балдардын үчөө ооруканада. Алардын бирөө эсине келбей оор абалда жатып каза болду.
Чаткалдагы «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясында иштеп жүрүп кырсыктаган Аскатбек Амираев арыз-муңун эч ким укпай жатканына даттанды.
9-сентябрда Кыргызстанда Комуз күнү биринчи ирет белгиленди. Майрамды утурлай өлкөнүн ар кайсы облустарында түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. Ошто кечээ күнү 500 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертсе, Баткенде бүгүн 250 комузчу белгилүү кыргыз күүлөрүн аткарып, миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыкты.
23 жашында кайрадан чукул аскерге чакырылып, 2000-жылы Баткендин Тажикстан менен чектешкен Төрө ашуусунда жоочулар менен салгылашкан Касымбек Жалаловдун эсинен ал күндөр кетпейт.
Сузак районундагы ардагер педагог Юрий Губайдулин окуяга байланыштуу өлкө башчысына кайрылды.
Жалал-Абад шаарында “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору ачылды. Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга психологиялык колдоо көрсөткөн борбор Түштүк Кореядагы уюмдун колдоосу менен түптөлдү.
Быйыл Кыргызстан боюнча 15 мектептин курулушу бүтүп, ишке кирди. Курулушу бүтө эле дагы 124 мектеп бар. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулган жеке менчик мектептер да быйыл окуучуларга эшигин ачты. "Азаттык" баш калаадагы жана аймактардагы жаңы ачылган мектептердин сүрөттөрүн чогултту.
Өткөн айда үй камагына чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районунда эл менен жүз көрүштү.
Дагы жүктөңүз