Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өз аймактарында электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышат. Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү жөнүндөгү токтомуна ылайык, аларга ушундай милдеттенме жүктөлдү. Документке премьер-министр 14-октябрда кол койгон.
Бирок токтомдогу «лимит» деген сөзгө түшүндүрмө жазылбагандыктан, коомчулук арасында «кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүн» деген түкшүмөл ойлор пайда болду.
Өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Маратбек Чолпонкулов «Азаттыкка» комментарий берип, жарык өчүрүлбөй турганын айтты.
- Лимит деп сөзмө-сөз түшүнүү туура эмес. Муну лимиттен ашса өчүрүп коюу же ошону менен чектөө деп түшүнбөш керек. Мисалы, Нарынбы, Таласпы, Ошпу же Бишкек шаарыбы, былтыр күз-кыш мезгилинде колдонгон электр энергиясы лимит деп аталат. Былтыркы колдонулган электр энергиясын эсептеп, ошону быйылкыга лимит деп чектеп коёбуз. Башкача айтканда биз аны лимит деп камсыз кылганбыз, бардык жерде электр энергиясы жеткен, өчүрүлгөн эмес, экономикада ошондой ыргак менен өсүш болгон. Электр энергиясы бардыгына жеткендегисин факты деп эсептейбиз дагы, ошону лимит деп чектейбиз. Эгерде андан өзгөрүү болсо наркы жылы түзөтүү киргизебиз. Эгерде өсүш болсо, өсүштүн негизин издейбиз, - мүмкүн Бишкек шаарында жаңы завод курулдубу, же тамдар кошулдубу, же жаңы конуштар кошулдубу, ошого карата электр энергиясын керектөө көбөйүп кеттиби деп. Биз ошону түзөтүү киргизген соң наркы жылга лимит коёбуз. Быйыл чектөө болбойт. Ошого жараша эгерде көбөйүп кеткен болсо биз ЖЭБдин ишин күчөтөбүз. Жарык өчүрүлбөйт, - деди ал.
Өкмөт өкүлү ошондой эле токтомдогу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мойнуна жүктөлгөн, «электр энергиясын пайдалануу лимитин көзөмөлдөө» милдетин мындайча түшүндүрдү:
- Быйыл эгерде кайсы бир жагынан күчөтүү болсо же кемитүү болсо, ошонун себептерин мэриялар же жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бизге негиздеп, тактап берет. Ошого жараша биз наркы жылга карата пландарыбызга түзөтүү киргизебиз. Бизде 200 мегаватт кошумча кубаттуулук дайыма даяр турат. Лимиттен ашып кете турган болсо биз электр энергиясын өндүрүүнү күчөтүп ошого даярдык көрө баштайбыз. Октябрдын этегине чейин энергетиктер бардык өзүнүн даярдык иштерин бүтүрөт. Андан кийин оңдоо иштери кандайдыр чукул кырдаал эле болбосо, калган жумуштар өз ыргагы менен эле жүрө берет. Бүгүнкү күндө кайсы бир жерде электр энергиясы өчүп калып аткан болсо - ал ошол ремонт иштерине байланыштуу.
Электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишинин бир кепилдиги - Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү. Суу сактагычтагы суунун аздыгы мындан бир нече жыл мурун электр энергиясынын туташ өчүрүлүшүнө себеп болгон. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда Токтогул ГЭСин оңдоо иштери менен таанышып жүргөндө «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын төрагасы Айтмамат Назаров ГЭСтеги суунун көлөмү 17 миллиард куб метрден ашаарын айтты:
- 2023-жылга чейин плотинадан башка ГЭСтеги бардык жабдыктарды алмаштырып бүтөбүз. Токтогул ГЭСи быйылкы кыш айына даяр. Гидроагрегат, трансформаторлор утурумдук оңдоп-түзөө иштеринен өттү. Ушул күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 миллиард метр кубдан ашат.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 839 млн. куб метрге аз. «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, 2018-жылдын 20-октябрында суу сактагычка 19 млрд. 44 млн. куб метр суу чогулган. Айдаралиева быйыл суунун аз чогулушу элге жарык берүүдө кедергисин тийгизбей турганын айтты.
- Быйыл 17 млрд. 205 млн. куб метр суу менен кирип жатабыз. Бул күз-кыш мезгилине жетиштүү. Жарык берүүдө эч кандай чектөө киргизилбейт.
Айдаралиева бул жылы Токтогул суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу аз топтолушун Нарын дарыясына мөңгүлөрдөн келген суунун аз болгону менен байланыштырды. Суу сактагыч эң көп дегенде 20 млрд. куб метрге чейин суу батыра алат.
Токтогул ГЭСиндеги жолугушууда Сооронбай Жээнбеков бул ишкана толук оңдолсо анын жумуш мөөнөтү 35-40 жылга узарарын, электр энергиясын өндүрүү 20% арбый турганын айтып, бирок жыл сайын керектөөнүн көлөмү да кыйла көбөйө турганын эске салды:
- Токтогул ГЭСи толук оңдоодон өтсө электр энергиясын өндүрүү 20% көбөйөт. Анткени жыл сайын керектөө 10,5% көбөйүп жатканы байкалат. Ошондуктан бизде ГЭСтерди жаңылоо зарылчылыгы жаралууда. Токтогул ГЭСин оңдоого каралган каражатты үнөмдөө менен 100 млн. долларды Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого бөлдүк.
2018-жылы Токтогул суу сактагычына 19,3 млрд. куб метр суу толгон. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин суу батыра алат. Ал эми жогоруда кеп болгондой, жыл сайын электр энергиясын керектөө 10,5% көбөйөрүн эске алганда, жасалып жаткан иштерге карабастан энергетика тармагындагы жагдайлар коомчулуктун көңүл борборунда кала берери түшүнүктүү. Анын үстүнө быйыл 17-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Республика - Ата Журт» фракциясынын жыйынында быйылтан башталган кургакчылык үч-төрт жылга чейин созулушу ыктымал экенин, муну мурдагы жылдагы тажрыйба көрсөткөнүн белгилеген жайы бар.
Жалпысынан «сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, энергетика тармагындагы маселелерге кооптонуу менен караган тургундарды да түшүнсө болот. Анткени былтыр кыш чилдеде ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калганы шаардыктардын эсинен чыга элек. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.
Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып коюлган.