Өз өмүрүнө кол салган окуучунун биринин жакын адамы баланын өлүмүнө мугалимдин жана милиция кызматкеринин басымы себеп болушу мүмкүн деп болжоп жатат.
Аксы районунун Кашка-Суу айылынан бир окуучу бала 9-октябрда, Таш-Көмүр шаарынан бир окуучу кыз 11-октябрда өз өмүрүнө кол салып, каза болушту.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин билдиргенине караганда эки өспүрүмдүн сөөгүн экспертизадан өткөргөндө зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес:
- Баштапкы тергөө маалыматтары ырастагандай, Аксыдагы окуучу бала эжекеси мектепте телефон көтөрүп жүргөнү үчүн урушуп койгондон кийин өз өмүрүнө кол салган. Жолдо баратып досторунан чемичке сурап чагып, “Тажап кеттим, өлүп алсам окшойт” деген сөздөрдү айткан. Андан соң үйүндөгү сарайына барып асынып алган. Үч күндөн кийин Таш-Көмүр шаарына караштуу айылдардын биринде жашаган окуучу кыздын да сарайда асылып турган денеси табылган. Кыздын суицидге барган себеби белгисиз, ал «Апа, мени кечир, мен ошол баланын артынан кеттим» деген кат таштап кеткен. Окуучулардын ата-энелери эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартышкан.
Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, эки факт боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилип, учурда соттук-медициналык экспертиза иштери дайындалды, териштирүү иштери уланууда. Бирок эки өспүрүмдүн жакындары "эч кимге дообуз жок" деп, арызданышкан эмес.
Кашка-Суу айылынан каза болгон окуучу №27 Үчкемпир Турдубаев атындагы мектептин 9-классында окуган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү экен. Жакындарынын айтымында адептүү, жакшы окуган бала болгон.
Маркумдун эжеси Төрайым Сагынбаева инисинин өлүмүнө бир топ жагдайлар себеп болушу мүмкүн дейт:
- Ошол күнү мугалим мектепте окуучунун колунан телефонун алып койгон экен. Сабак аяктаган соң аны кайтарбай, балага түшүнүк кат жаздырып, ата-энесин чакырып келүүнү буйруптур. Мектептин директорунун орун басары аны бетке чаап жибергенин кийин классташтары айтып беришти. Андан мурдараак Азимбек көчөдө “Флеш” ичип отурган балдар менен туруп калганда, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кармап, сүрөткө тартып алыптыр. Аны мугалимдердин "Вотсаптагы" тобуна таштап, баланы ичкилик ичпөөгө чакырган. Андан соң инспектор аны өзгөчө балдардын тизмесине каттоого албаш үчүн акча сураптыр. Спирт ичимдигин татып көрбөгөн иним буга аябай ызаланган экен. Молдонун баласы болуп туруп ичимдик ичет деп уят болгону бир, мугалимге телефонун алдырып, түшүнүк кат жазганы экинчи себеп болуп өмүрүнө кол салган.
Төрайым Сагынбаева арыз жазылбаган күндө да баланын өлүмүн тиешелүү органдар иликтеши керек деп эсептейт. Ал эми доо арыз жазуудан баш тартуунун себебин мындайча түшүндүрдү.
- Териштирүү иштерин алып баруу үчүн балага соттук-медициналык экспертиза жасалышы керек. Кийин соттук териштирүүлөрдө кайрадан кабыры ачылып, эксгумация болушу мүмкүн деген кабарды уккан атасы баарынан баш тартып койду. Бирок мамлекет же Билим берүү министрлиги доо коюп, баланын укугун талашса болмок. Мектеп жетекчилигине же акча талап кылган милиция кызматкерине карата чара көрүлбөйбү? Ата-энеси кайрылбаса, жабылуу аяк жабылган боюнча калып кете береби? Кыргызда же мусулманчылыкта качан эле суицид болчу эле? Анын өлүмү жөн гана суицид эмес, ал кайсы бир жагдайдан улам ушул кадамга барганга аргасыз болду. Мен башка тийиштүү органдарга кайрылат элем, баланын өлүмү кайрадан иликтениши керек.
Бул окуядан улам 700дөй бала билим алган №27 Үчкемпир Турдубаев атындагы мектептин директору жана социалдык педагогу өз каалоосу менен жумуштан кеткен.
Кашка-Суу айылынын 16 жаштагы тургуну каза болгон соң, үч күндөн кийин Таш-Көмүр шаарына караштуу Майлуу-Сай шаарчасынын 15 жаштагы тургуну, 9-класстын окуучу кызы да өз үйүндө асынып алган. Артында калтырган катына караганда бул өспүрүмдөр сүйлөшүп жүрүшкөн.
Кыз апасына «Апа кечир, мен баланын артынан кеттим, мени анын жанына койгула» деп жазылган кат калтырган. Кыздын жакындары да укук коргоо органдарына арызданышкан жок. Мунун себебин маркумдун жакындары айтыша элек.
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Изат Калыкова буларды айтты.
- Бул окуядан соң мектептерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Мектеп директору "иштегенге моралдык укугум жок" деп өз каалоосу менен иштен кетти. 30-октябрда райондук деңгээлде жыйын болот, ошол учурда да бул маселе каралат. Мектепте балдардын телефон көтөрүп жүрүшүнө тыюу салуу ата-энелер чогулушунда кабыл алынган. Ал билим уясынын ички тартип эрежеси болуп саналат. Мугалимдин ага акысы бар. Албетте биз окуяга өкүнүп жатабыз, мындай болуп кетет деп эч ким ойлогон эмес.
Жалал-Абад облусунун аймагында былтыр тогуз айдын ичинде 11 өспүрүм өз өмүрүнө кол салса, быйыл жыл башынан бери сегиз факт катталды.
“Балдардын укугун коргоо” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова көпчүлүк учурда өспүрүмдөр ар кыл таасирлерден улам өмүрдүн баалуу экенин сезбей жатышат деди:
- Балдардын психологиялык саламаттыгы абдан назик келип, өмүрдүн баалуулугун анчалык сезе беришпейт. Алар бирөөгө таарынса, кайсы бир жагдайдан капаланса өзүн кармай албай, эмоцияга алдырып ар кандай терс жоруктарга барып жатышат. Ар бир жашы жете элек балага ата-эне өзгөчө мамиле кылып карашы керек. Мектептерде социалдык педагог же психологдор таарынган же теңтуштарына аралаша албай жаткан балдарды карап, алар менен иш алып барышы керек. Мектеп балдарга билим гана бербестен аларды укуктук жактан да тарбиялоо зарыл.
Назгүл Турдубекова ошондой эле коомчулук да балдардын оюн билдирүү эркиндигин калыптоого кызыкдар болушу керек деп эсептейт:
- Алардын өз оюн ачык айтуусуна, өзүн эркин алып жүрүүсүнө шарт жаратышы абзел. Ошондуктан ар бир мектепте балдардын укугун коргой турган атмосфера жаралмайынча, мындай көйгөйлөр чыга берет. Эгер балдар эч кимге ишенбесе Кыргызстанда алар үчүн 111 байланыш телефондору иштейт. Мында өз ойлорун ачык айкын айта алышат.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы эле 88 окуучу өз жанын өзү кыйган. Буга чейин Акыйкатчы институту үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик да өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болуп жатканын кабарлаган.