"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Көк-Жаңгак шаарынын тургуну 36 жаштагы Каныбек Уметов милициянын убактылуу кармоочу жайында каза болду. Милиция ал өзүнө кол салган деген тыянак чыгарды.
Жалал-Абад: желим баштыктын зыяны
Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы 450дөн ашык бала билим алган мектептин ата-энелер жамааты “окуучулар эмгек кулчулугуна кабылды” деген жүйө менен мектеп директорун тез арада иштен кетүүсүн талап кылууда.
Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды. Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Көчкү басып калган алты адамдын сөөгү кечээ жерге берилди.
Сузактын Кыр-Жол айылында түндө көчкү басып калган алты адамдын сөөгү бүгүн эле жерге берилди.
Ала-Бука жана Аксы районунун талаштуу аймактарында жашаган жергиликтүү эл кыргыз-өзбек чек арасын эртерээк тактап, белгилерди коюп берүүсүн суранууда.
Кезектеги апта темасы кыздарды эрте күйөөгө берүү маселесине арналат. Жакында укук коргоочулар жергиликтүү телеканал аркылуу кыргыз тилинде көрсөтүлүп жаткан “Келин” аттуу көп сериялуу Индия тасмасын өспүрүмдөрдүн аң-сезимине терс таасир этип жатат деп нааразылыктарын айтып чыгышты.
Ала-Бука районундагы мечиттердин биринде жума намаздан соң чыккан чууну жергиликтүү тартип кызматтары териштирүүгө киришти.
Чаткалдыктар майда кен казган компанияларга лицензия берүү токтотулсун деген талап коюуда.
Учурда Ошто үрөй учурган түрдүү ушак-айың тарап жатат. Күч органдары болсо кооптонууга негиз жоктугун айтып, элди чагымга алдырбоого чакырууда.
Жалал-Абадда мектеп короосуна жанаша жайгашкан сауналарды токтотуу боюнча мугалимдердин кайрылуулары орундалбай келүүдө.
Базар-Коргон районунда кыш заводун иштеткен ишкерлер ур-токмокко кабылып, коркутууларга дуушар болуп жатканын айтып чыгышты.
Өлкө ичиндеги жолдор кейиштүү абалда. Бул жазында карлар жана тоңгон муздар эригенде өзгөчө байкалууда. "Азаттыктын" кабарчылары өлкө тургундарына жолдордун абалы канааттандырабы деген суроо узатты.
Жалал-Абад: жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны соңку жылдары өсө баштады
Жалал-Абаддагы оппозиция жыйыны Жүктөгөн кардардын аты: Руслан
11-апрелде Жалал-Абадда УОК элдик курултай өткөрдү. Курултайдын жүрүшүндө айрым аксакалдар УОК мүчөлөрү куру кыйкырык менен алек болуп, иш жүзүндө эч нерсе кылбай жатканын сынга алышты.
Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасынын директорунун эки орун басары жана бир кызматкери 7-апрелде камакка алынды.
Дагы жүктөңүз