Жалал-Абад облусунда мектеп окуучуларынын арасында "Мыктыгер" аталышындагы аскердик-спорттук таймаш өттү. Ага облустагы 11 райондон 15-17 жаштагы мектеп окуучулары катышты. Алар мелдештин жүрүшүндө 20 кг салмактагы жүктөрдү асынып, 5 чакырым ар кандай тоскоолдуктарды басып өтүштү жана ок атуу боюнча күч сынашты. Иш-чара Жеңиштин 70 жылдыгына карата ИИМ менен облустук бийликтин колдоосу алдында уюштурулду.