"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Ала-Бука райондук прокуратурасы кыйноолорго байланыштуу аймактагы ички иштер бөлүмүнө кылмыш ишин козгоду.
Аксынын Топ-Жаңгак айылында көчөт отургузуу акциясы өтүп, Аксы окуясынын жабырлануучулары аларга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын айтышты.
Жалал-Абадда аялдардын коомдогу ордун которуу боюнча форум 3-апрелде болуп өттү. "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду өткөрүп жаткан иш-чарага чогулган 400дөн ашык активист аял айыл жергесиндеги гендердик маселелерди талкуулашты.
Жалал-Абад: кардан жапа чеккендер
Акыркы кездери өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, көчөнүн селсаяк турмушуна аралашып кетүү сыяктуу өңдүү көрүнүштөр коомчулуктун назарын бурган олуттуу көйгөйлөрдөн болууда.
"Макмал алтын" ишканасынын жумушчулары жарым күндүк иш таштоодон кийин кайра ишин улантышты.
Жалал-Абад шаарында куралдуу күчтөрдүн "Коопсуздук - 2015" деген аталыштагы машыгуусу өтүүдө.
Бул ирет кабарчыларыбыз Бажы биримдигине кирүү алдында турган Кыргызстандагы мал багуунун оош-кыйыштары, эпизоотикалык абалга кызыгып көрүштү.
Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү 9-класста окуган кыздын өлүмүн иликтеп жатат. Маркумдун энеси буга мектепти күнөөлөп, доомат артууда.
Аялдардын коомдогу абалы, турмушу, көйгөйү тууралуу "Азаттыктын" атайын макалалар топтомунда сөз болот.
Жалал-Абад шаарынын сыртындагы таштанды төгүлчү аянтта күн жылып темир чогулткандардын саны көбөйдү. Алардын көбү аялдар менен балдар. Негизинен алар темир-тезек, желим идиш жана каткан нандарды издешет.
Базар-Коргон районунун тургуну Төлөгөн Мамарасулов 10 жылдан ашык убакыттан бери үй-бүлөсү менен үңкүрдү байырлап, казуу иштерин жүргүзүп келет. Былтыркы жылдан бери үңкүр алдына тура-жай тургузуп, сыйынууга келген зыяратчыларга кызмат көрсөтөт.
Жалал-Абад шаарында ата-энеси башка жакка кетип, туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдарды шаар бийлиги каттоого алууда.
Жалал-Абад шаарында ата-энелери башка жакка кетип, туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдарды шаар бийлиги көзөмөлгө ала баштады. Бул багытта атайын штаб түзүлүп, жер-жерлерде үйлөрдү кыдырган рейд жүрүп жатат. Учурда калаа аймагында 1400дөн ашык бала туугандарынын колунда калууда.
Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Алардын кыйла бөлүгү социалдык имараттар. Акыркы жылдары алардын 61и гана мамлекетке кайтарылды.
Жалал-Абад облусунда күйдүргү дартына шектелип, колдорун жара баскан жети адам учурда ооруканада дарыланууда жана 180 адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Жалал-Абадда облустук телеканалдын кызматкери “Хизб-ут Тахрир” уюмунун идеяларын жайылтууга шектелип, соттолуп жатат.
Жалал-Абаддын Токтогул районунда электр энергиясынын баасын арзандатууну талап кылган акция экинчи ирет өттү.
Дагы жүктөңүз