Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды. Натыйжада алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Набыт кеткендердин баарынын сөөгү бүгүн эле жерге берилди. Азыр аймакта тазалоо жумуштары жүрүп жатат.
Карайлаткан капилет кырсык
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, кырсык 23-майдан 24-майга оогон түнү саат 01:49 чамасында болгон.
Топурак алдында калган алты адамдын сөөгүн куткаруучулар күндүзгү саат 10до толук алып чыгышты. Каза болгондордун арасында үч жана алты жаштагы балдар, 3-класстагы бир окуучу, дагы бир студент кыз жана 57 жаштагы жубайлар болгон.
Маркумдун айылдаштарынын бири Чолпонай Исакова түн жарымында болгон кырсыкты мындайча айтып берди.
- Түнкү саат үчтөр чамасында айыл ичи ызы-чуу болуп, адамдарды көчкү басып калыптыр деген кабар тарады. Жолдошум менен бул жерге келсек, жол жабылып калган экен, анан ылайдын жээгинен эки кызды жолдошум алып чыкты. Башка адамдар келип дагы төрт адамды куткарып чыгышты. Ошондой бир үй-бүлөдөн туугандары менен биригип, төрт адам жер алдында калды. Ыйлап отурган келиндин бир баласы, сиңдиси жана апасы менен атасы каза болду. Баары карапайым адамдар болчу, эч кимге жамандыгы жок. Таенесинин үйүнө конок болуп келген үч жашар бала өлдү. Анын атасын былтыр Маркайдагы көмүр шахтасы басып калып, каза болгон болчу. Эмне кылабыз, кырсык экен, тобо кылардан башка айлабыз жок.
Кырсыкта каза болгондордун тизмеси:
1. Кенжебай кызы Элнура, 1995-жылы туулган;
2. Калыбек уулу Мирлан, 2005-жылы туулган;
3. Калыбек кызы Зарина, 2009-жылы туулган;
4. Алымбеков Аттокур, 1958-жылы туулган;
5. Сейдалиева Жамиля, 1958-жылы туулган;
6. Аттокур уулу Нуржигит, 2012-жылы туулган.
Кыр боорунан топурак көчүп, колоттун ичиндеги төрт үйдү басып калса, бир турак жай жарактан чыгып, айылдык ФАПтын жарымын көчкү алган. Мында жашагандардын 16сы аман калып, азыр беш адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Аймакта Өзгөчө кырдалдар министрлигинин куткаруу кызматы иш алып барып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Министр Кубатбек Боронов аларга мамлекет тарабынан түрдүү жардамдар берилерин убада кылды.
- Бул жерге Оштон да куткаруучу бригада келди. Азыр турак жайы жок калган беш үй-бүлөгө убактылуу жашаганга чатыр тигип жатабыз. Ашканасы өзүнчө каралган. Мындан сырткары азыр эле президенттик фонддон ар бир үй-бүлөгө 100 миң, өкмөт тарабынан 50 миң сомдон бөлүнөрү белгилүү болду. Жергиликтүү бийлик да колдон келген жардамын берет. Ошондой эле мамлекет тарабынан пайызсыз 200 миң сом (ссуда) каражат бөлүнүп берилет. Документтерин тактасак, 10 күн ичинде аларды чечип берүүгө аракет кылабыз.
Айыл кооптуу аймакка кирер-кирбеси териштирилет
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 650 кожолук жашаган Кыр-Жол айылы 1994-жылдары адистер тарабынан көчкү жүрүүчү аймактардын катарына киргизилген. Бирок жер тилкелери берилбегендиктен, айылдыктар кооптуу аймакта жашап келишкен. Район акими Нурболот Мирзахмедов бул жерде көчкү жүрөт деген маалымат берилген эмес дейт.
- Район аймагында азыр 400 адамды биз башка коопсуз жайга көчүрүшүбүз керек. Айыл аймак башчылары аркылуу аларга дайыма көчүү тууралуу эскертүү берип келсек да, ага жашоочулар макул болбой келүүдө. Көпчүлүгү "өмүрүбүзгө өзүбүз жооп беребиз" деп тил кат да жазып беришкен. Ал эми бул жер боюнча менде маалымат жок болчу. Суук түшкөнчө биз колдон келген аракетти көрүп, турак жайларын тургузуп беребиз.
Айылдыктарга көчүү боюнча эскертүү берилген же берилбегендигин облустук комиссия текшерип чыгат. Жергиликтүү тургундардын бири Айымкан Абдурахманова жер тилкелери берилбегендиктен, айылдыктар айласыз жашап келаткандыгын айтат.
- Мурда эле айылдыктар Кыржолдун келечеги жок деп айтышчу. Бул жагдайды көрүп, эми бул жерде жашагыбыз келбей калды. Менин беш балам бар, эртең кокус дагы көчкү жүрүп басып калса, ким жооп берет? Буга чейин жер тилкесин бергиле деп айтпаган жерибиз калбады. Айткылачы, бизди дагы көчүрүп чыкпаса, кандай кылып жашайбыз бул жерде? Түздүк жерлерден чек берсин.
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өкмөткө көчкү кесепеттерин тезинен жоюуну тапшырып, вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев түштөн кийин абал менен жеринен таанышты. Бүгүн кечинде облустук администрацияда чукул кырдаалга байланыштуу атайын штабдык жыйын өтөөрү белгилүү болду.
Расмий маалыматтарга караганда, өлкө аймагында учурда 22 миң участкада жаратылыш кырсыктары болуу коркунучу бар. Ал эми Жалал-Абад облусунда бүгүнкү күндө 252 – үй-бүлө күчүрүүгө зарыл болгон көчкү жүрүүчү аймактарда жашап келет.