"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстанда Баш мыйзамда кепилдеген диний ишеним эркиндиги барбы? Басымдуу бөлүгү салттуу исламды тутунган кыргыз коомчулугу башка диндерге толеранттуубу? "Азаттыктын" апта темасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналат.
23-октябрда Тогуз-Тородон Жалал-Абадга жөө чыгып, ошону менен дайынсыз жоголгон эки адамдын биринин жансыз денеси табылып, экинчисин издөө иштери уланууда.
Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу асынып алды. Маркумдун ата-энеси буга айылдаш жигит жана милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда. Бирок экинчи тарап жана милиция баары мыйзам чегинде болгонун билдирди.
Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу асынып алды. Маркумдун ата-энеси буга айылдаш жигит жана милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда.
Чаткал районунда тоо башында жайгашкан байыркы кылымдарга таандык Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү орто азияда ыйык зыярат кылуучу жайлардын катарына кирет. Анткени пайгамбардын ыйык күмбөзүнө Кыргызстандан гана эмес, бүткүл Орто Азия, Казакстандан, башка да мусулман өлкөлөрүнөн адамдар зыяратка келишет.
Чаткал районунда Чандалаш кен казган компаниянын иши жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам кайрадан токтотулду.
Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын имаратында нааразычылык акция өттү. Чогулган кызматкерлер ишканага жаңы жетекчинин келишине каршылыгын билдирип, мурдагы жетекчиликти ордунда калтыруу талабын коюшту.
Жергиликтүү бийликтин аймактарды өнүктүрүү багыттары, аракеттери менен көйгөйлөрү "Азаттыктын" апта темасында.
Ала-Букада башка динге өткөн деп айтылып жаткан кемпирдин сөөгү үчүнчү ирет жашыруун жерге берилди. Райондогу айрым тургундар маркумдун сөөгүн христиан мүрзөсүнө коюлушуна каршы болуп, сөөктү кабырдан чыгарып салышкан. Мындан кийин район бийлиги кеңешип сөөктү башка жерге жашырышты.
Ала-Букада башка динге өткөн деп айтылып жаткан кемпирдин сөөгү үчүнчү ирет жашыруун жерге берилди.
Юстиция министрлиги жарандарга акысыз укуктук консультация берүү үчүн “Укугуңду бил” акциясын өткөрүүдө.
Жалал-Абаддын Ноокен районунда жашаган багбан уникалдуу өсүмдүк саналган тропикалык жемиштердин түрүн өстүрүп өздөштүрө баштады. Азыр анын күнөскана тибиндеги багында банан, киви, лимон ж.б. ушул сыяктуу 17 түрлүү тропикалык өсүмдүк бар.
Таш-Көмүр шаардык соту диний кастыкты козутууга күнөөлүү деп 45 жаштагы көп балалуу аялды эркинен ажыратты.
Жалал-Абад шаарындагы автобазанын мурдагы айдоочулары жана акционерлери 20 жылдан ашык убакыттан бери дивиденддерин ала албай, пенсияга чыгууда кыйналып жатканын билдирип чыгышты.
24 жаштагы майып ырчы Абдурауф Жалал-Абад шаарында жеке концертин өткөрдү. Коомго аралашып, бала чагынан чыгармачылыкка кызыккан Абдурауф арабада отуруп ырдайт. Айылдагы майрамдык кече жана тойлордо Абдурауф өзү жазган ырларды аткарат.
Күз келгени кечки убакыттын көбүн айылдыктар да, шаардыктар да тойлордо өткөрүп калышты. “Азаттыктын” кабарчылары быйылкы тойлордун мүнөзүн, өзгөчөлүгүн сураштырып, чыгымдарын болжолдуу санап көрүштү.
Ушул жылдын апрель айында жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун Алмалуу-Булак айылынын тургундары коопсуз жайдан жер берүү боюнча убада аткарылбай жатат деп, облустук администрацияга нааразылык билдирип чогулушту.
Сузак районундагы Бек-Абад айылынын 34 жаштагы тургуну Сириядагы согушта каза тапканы тууралуу маалыматты күч органдары тактап жатышат.
22-сентябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында элдик жыйын өтүп, ага катышкандар айыл тургуну Абдыназар Курманалиев элге тынчтык бербей жатат деп, аны көчүрүп жиберүү талабын коюшту.
Жалал-Абадда “Санпа шейиттери” коомунун мүчөлөрү Кадыржан Батыровдун ЕККУдагы билдирүүсүнө байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүштү.
Дагы жүктөңүз