"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Үңкүр-Тоонун башындагы телемунарада жумуш кайра калыбына келтирилди. Телемунара кызматкерлери учурда бир айга жакын өзбек милиционерлери жашаган станциянын техникаларын кароодон өткөрүп жатышат. Бирок жергиликтүү тургундар ошол эле аймактагы Ителги тоого кошумча станциянын курулушуна каршылыгын билд
Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылынын тургундары Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө каршы кайрадан акцияга чыкты.
Жалал-Абад облусунда жетинчи жолу өтүп жаткан спартакиадага 150гө чукул спортчу катышууда. Уюштуруучулар кийинки жылы Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы майыптар арасында параолимпиада мелдешин өткөрүүнү пландоодо.
Борбордук Азияга Ислам динин жайылтууда Ала-Бука районунда жайгашкан «Сафед-Булан» тарыхый-мемориалдык комплексинин зор орду бар. Жергиликтүү тургундардын ырастоолорунда бул тарыхый жерге жылына миңден ашуун адам зыярат кылганы келишет. Тарыхый жайдын өзгөчөлүгу байыркы заманда курулган имараттарда.
10-сентябрда кыргыз мунайчылары өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти.
Сузактын Комсомол айылынын 70 жаштагы тургуну Патила Жолдошова күйөөсүнөн калган үйүнө батпай, азыр ар кайсы жерде көчүп-конуп жүрөт.
Үңкүр-Тоодогу телемунарадан өзбек күч кызматкерлери кармап кеткен төрт кыргызстандык бошотулду. Өзбекстан 8-сентябрда аларды Ала-Бука чек арасынан өткөрүп беришти.
Сузак районунун көп улуттуу Багыш айыл аймагындагы жараксыз деп табылган №52 мектепке ата-энелер балдарын кайра киргизип алышты.
Сузак районунун көп улуттуу Багыш айыл аймагындагы жараксыз деп табылган №52 мектепке ата-энелер балдарын кайра киргизип алышты. Бул аракет райондук бийликтин мектепти жараксыз деп тапкан август айындагы чечимин ишке ашырууну убактылуу токтотууга аргасыз кылды. Жайкы ремонттон өтпөй калган мектепти
Ала-Бука районунун тургундары Орто-Токой суу сактагычын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алуу талабын коюп жатат. Союз мезгилинде Өзбекстандын Наманган облусундагы пахта талаалары үчүн курулган Орто-Токой суу сактагычын бүгүн да толугу менен Өзбекстан пайдаланат. Быйыл жыл башында кыргыз чек арачыл
Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жанданганы менен Үңкүр-Тоодогу жагдай өзгөрүүсүз кала берүүдө. Телемунаранын 22-августта кармалып кеткен кызматкерлери да коё бериле элек.
Аксылыктардын айтымында, Үңкүр-Тоону илгертен бери кыргыздар пайдаланып келген. Тоо башына өзбек милиционерлери жайгашкандан тарта айылдыктар кооптонуп, санаа тартып жатышканын билдиришүүдө. Учурда Үңкүр-Тоого жакын жайгашкан айылдарды күч түзүмдөрү карап жатат.
27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 17 киши каза тапкан, алардын ичинен 14ү кыргызстандык кыз-келиндер. Набыт болгондордун улуусу 45 жашта, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар. Бүгүн, 29-августта алардын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.
Аксы районунда 27-августта Үңкүр-Тоодогу кырдаалга байланыштуу митинг өттү. Чогулган 150дөй тургун митингге катышкан бийлик өкүлдөрүнөн маселенин чечилиш жагдайларын сурашты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы менен азырынча жыйынтык жок, абал өзгөрүүсүз кала берүүдө.
Аксы районунун борбору Кербен шаарында кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилбей жатканына нааразылык билдирген эл 27-августта митинг өткөрдү. Нааразылык акцияга жүздөн ашык адам чыгып, алар менен Жалал-Абад облусунун губернатору, УКМК төрагасынын орун басары, ички иштер министринин орун басары, районд
Аксы районунун тургундары кезегинде Ринжит каналынын курулушуна деп өкмөт тарабынан берилген түтүктөрүн кайра алынышына нааразычылык билдирүүдө. 2003-жылы Өкмөттүн токтому менен райондун өнүктүрүү фондуна кайтарымсыз берилип, 2004-жылы ташылып келинген. Бирок жергиликтүү бийлик аны райондун башка му
22-августтан бери жумушчусу жок өз алдынча иштеп жаткан тоо башындагы станция токтоп калуу коркунучунда турат. Азыр ал жерди сыртынан өзбек милиционерлери кайтарууга алууда.
Аксынын Үңкүр-Тоо аймагына 22-августта күтүүсүз кирип келген өзбек милиционерлери ал жерден кете элек.
Керней-сурнай тартуу өнөрү азыр өзбек улутунун өкүлдөрүнүн тойлорунда кеңири жайылууда. Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында ата-бабадан келе жаткан бул өнөрдү аздектеген улуу муундун адамдары тойлордун көркүн ачып жатышкан кези.
Дагы жүктөңүз