Бирок жергиликтүү бийлик маселенин баарын өкмөт чечерин айтып, жогорку жактан жооп күтүп жатат. Талдоочулар болсо өкмөт саясат менен алек болуп, чарбалык иштер унутта калып баратканын белгилешүүдө.
Коопсуз жайдан жер тилке үмүт этип, беш айдан бери туугандарынын үйүндө убактылуу баш калкалап келе жаткан он чакты адам облустук бийликке нааразылыгын айтканы келди. Алардын бири Абдували Таабалдиев кышкысын кайда барып жашайбыз деп отурат.
- Айылыбызда жер көчкү орун алганына беш айдын жүзү болду. Сегиз үйдү топурак басып жарактан чыккан. Ошол күндөн тартып ар жерде көчүп-конуп, эптеп тиричилик өткөрүп келе жатабыз. Жаңы жайга, коопсуз жерге көчүп барабыз деп көпчүлүгү турак жайларын бузуп да алышкан. Кыш жакындап келе жатат, өкмөттөн болсо жооп жок. Биз болгону жер тилкесин гана сурап жатабыз. Өкмөт жер маселесин чечип берсе, курулуш материалдарын туугандар кол кабыш кылаар. Бизди ойлогон чоңдор барбы?
Ушул жылдын апрель айында болгон Сузактын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам сегиз там жараксыз болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери аймактагы 150 үй-бүлөнү тез арада коопсуз жайга көчүрүү сунушун берген. Бирок айылдыктар дале болсо жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймакта кала берүүдө. Айыл тургуну Сапаргүл Мөндөева мындай дейт.
- Облустук бийликтен бизди кабыл алган кызматкер "өкмөттөн буйрук келди, айыл өкмөт башчыңар келип алып кетсин да, жер бөлүп бере берсин" деген. Эми дагы күтүп турабыз, чындыгында жер тилкесин бөлүп береби же кезектеги эле калпы болуп чыгабы, билбейбиз. Анткени бизди ушул күнгө чейин бүгүн-эртең деп алдап келди. Биз кимге ишенерибизди билбей да калдык. Күн алыс эле такси менен айыл өкмөткө каттап, бирок жыйынтык ала албай жатабыз.
Жер көчкү жүргөндөн кийин аймакка электр жарыгын берүү токтотулуп, 160 окуучу билим алган орто мектеп жабылган болчу. Бирок өкмөт убагында жашоочуларды жер тилкеси менен камсыздай албаган соң кайра эле сентябрда мектеп ачылып, айылга электр жарыгы туташтырылып, убактылуу жашоого уруксат берилди.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тыныч Мусановдун маалымдашынча, жер бөлүп берүүнү өкмөт кечиктирип жатат.
- Бизге тиешелүү документтердин баарын өкмөткө жолдогонбуз. 35 гектар жердин башкы планын түзүп, өкмөткө трансформациялоого жибергенбиз. Бирок эмнегедир алардан бизге жооп келе элек, кечигип жатат. Мамлекетин өз жарандарына жасаган кайдыгер мамилесинен жана жашоочулардын суранычынан улам облустук комиссия кайра эле коопсуз жайда жашоого 2017-жылдын апрель айына чейин уруксат берди. Биз өкмөттүн токтому келсе эле жер бөлүп берүүгө даярбыз.
Анткен менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы жер көчкү жүрөт деген аймакта жашаган жашоочулардын копсуздугуна жергиликтүү бийлик жоопкер экендигин эскертүүдө.
Ал эми саясат таануучу Айбек Артыкбаевдин пикиринде, өкмөт саясат менен алпурушуп, чарбалык жумуштар унутта калып баратат:
- Эрежеге ылайык жерди трансформациялоо жараяны кырдаалды эске алып, үч айдын ичинде бүтүүсү керек. Айыл өкмөт жерге уруксат сураган документтери районго, алар облустук бийликке, андан соң өкмөткө жөнөтүлөт. Өкмөттө ведомстволор аралык комиссия баарына макулдугун берген соң бир айдын ичинде өкмөттүн токтому менен жер бөлүүгө уруксат берилиши керек болчу. Өкмөт саясат менен алек болуп, чарбалык иштер экинчи планга жылып кетти.
2015-жылдын май айында алты адамдын өмүрүн алган жер көчкү ушул эле райондун Кыр-Жол айылында катталып, турак жайсыз калган алты үй-бүлөнү үч айдын ичинде коопсуз жайга көчүрүшкөн. Бул жагдай президенттин көзөмөлүнө алынып, турак жайлар да өлкө башчысынын жеке фондунун эсебинен каржыланган болчу.