"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Бүгүн Аксы окуясына 15 жыл толду.
Гүлайда Жоробекова бүркүт таптап, мүнүшкөрлүк менен алектенген Жалал-Абаддагы жалгыз аял. Эки жылдан бери атасынан мурас калган жалгыз бүркүтүн таптап, ата кесибин улантып келет. Ал кушу менен мелдештерге катышууну да көздөп жатат.
Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарында Кыргызстан менен Индиянын атайын даярдыктагы күжүрмөн аскерлеринин биргелешкен машыгуулары жыйынтыкталды. Өткөн айда башталган машыгуу тажрыйба алмашуу аркылуу эл аралык террорчулукка жана экстремизмге каршы турууга багытталган.
Он жаштагы Азимжан Икрамов 2-топтогу майып экендигине карабай мектепке өз алдынча барып окуп келет. Бирок жакынкы убакыттан тарта баланы үйдө калтырып окутууну мектеп сунуштап жатат. Бул сунушгка окуучунун ата-энеси каршы. Алар ансыз да сүйлөөдөн артта калган баласын коомго аралашып үйрөнсүн деген
Жалал-Абадда майып баланы үйдөн окутуу сунушу анын ата-энесин капа кылды.
Жалал-Абадда 100 жаштан ары өмүр сүрүп келе жаткан 60тан ашык карылардын баары аялдар. Алардын бири Сузак районунун Жоон-Күңгөй айылынын тургуну Алма Назарбекова быйыл 116 жашка толду. Кабарчыбыз Руслан Калматов 8-март майрамын утурлай Алма эненин үйүнө барып келди.
Митинг Жалал-Абад облустук администрациянын алдында өттү. Анда камакта жаткан Бектур Асановду бошотуу, президенттин оппозицияны жана айрым ММКларды негизсиз каралоосун токтотуусу талап кылынды.
Ала-Букада алтын кендердин эсебинен райондун өнүктүрүү фондуна түшкөн акчанын мыйзамсыз иштетилиши боюнча органдар текшерип жатышат. Жергиликтүү депутаттар район бийлиги бул акчаны коромжусуз иштетип жатат деген негизде укук коргоо органдарына кайрылуу жолдогон. Былтыркы жылы ишин баштаган фондго 10
Жалал-Абад шаарында 3-мартта мамлекеттик Туунун жана Ак калпактын күнү белгиленди. Шаардын ар тарабынан калпак кийип, колуна желек кармаган эки миңден ашык жаштар жана мекеме, ишканалардын кызматкерлери жөө жүрүш менен борбордук аянтка келишти. Мамлекеттик Гимн ойнотулуп, аянтта илинип турган туу жа
Ала-Буканын тургундары алтын кенинен түшкөн акча максатсыз жумшалып жатат деп нааразы.
Ала-Бука районунда таштандыларды кайра иштетүүчү чакан цех ишке кирди. Андан өндүрүлгөн желим түтүктөр айыл чарбасында колдонула баштады. Атайын долбоор менен ишке ашкан цехтин ишке кириши тазалыкка да салым кошуп жатканын жергиликтүүлөр билдирүүдө.
Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевди колдоп чыккан митингчилер жолду бөгөөгө аракеттеништи. Милиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандарды жолдон сүрүп, четке чыгарып, жолду бойлой тизилип турушат.
Ош-Бишкек автожолунун Акман участкасында Өмүрбек Текебаевди колдоп чыккандар жолду тосууга аракет кылууда. Видеодон милиция кызматкерлери жолду тостурбай жатканын көрүүгө болот.
Базар-Коргон айылындагы райондук акимчиликтин алдында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин митинги өттү. Анын катышуучулары бийликтен Текебаевди бошотууну талап кылышты. Аны менен катар "атамекенчи" депутаттар Аида Саляновага, Алмамбет Шыкмаматов
Сузак районунда сел ташкындарын алдын алууга жергиликтүү тургундар да жардам берүүдө. Районду аралап өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгин айылдыктар ашар жолу менен тосуп жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 230 метр зым тосмолор берилип, калган жумуштарды 100гө жакын жергиликт уулөр аткарышууда. Ми
Оштун Чоң-Алай районунда кар көчкүнүн кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө. Жалал-Абаддын Чаткал районунда кар кучагында калган тургундарга гуманитардык жардам жеткирилди. Адистер жаратылыш кырсыктары алдыдагы күндөрү арбын орун алышы мүмкүндүгүн билдирип, кооптуу аймактардагы тургундарга эскертүүлө
Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүдө күнөөлүү деп табылгандар жазадан бошотулду.
11-февралдан бери тынбай жааган кардан улам райондун Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге чейин жетти.
Жалал-Абадда мугалимдер билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетине нааразы
Жалал-Абад облусунда сегиз айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо экинчи ирет өткөрүлүүдө.
Дагы жүктөңүз