Ала-Бука: алтындын акчасы өөнөлдүбү?
Ала-Букада алтын кендердин эсебинен райондун өнүктүрүү фондуна түшкөн акчанын мыйзамсыз иштетилиши боюнча органдар текшерип жатышат. Жергиликтүү депутаттар район бийлиги бул акчаны коромжусуз иштетип жатат деген негизде укук коргоо органдарына кайрылуу жолдогон. Былтыркы жылы ишин баштаган фондго 100 млн сомго жакын каражат чогулган.