Достукту бекемдеген аскердик машыгуулар
Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарында Кыргызстан менен Индиянын атайын даярдыктагы күжүрмөн аскерлеринин биргелешкен машыгуулары жыйынтыкталды. Өткөн айда башталган машыгуу тажрыйба алмашуу аркылуу эл аралык террорчулукка жана экстремизмге каршы турууга багытталган. Индиялык аскерлер тоо шартында аскердик тактикаларды өздөштүрүштү.