Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Мугалимдердин профсоюз уюмуна дооматы


Жалал-Абадда билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетине карата нааразычылыктар айтылып, жетекчинин үстүнөн борбордук комитетке мугалимдердин атынан кайрылуу жолдонду.

Анда педагогдордун эсебинен чогулган каражаттар максатсыз жумшалып, профсоюз уюму алардын укугун коргобой жаткандыгы белгиленет.

Жаркул Эшиев педагогика илимдеринин кандидаты катары 20 жылдан ашык убакыттан бери билим берүү тармагында эмгектенип, учурда шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштейт. 15 миң сом айлыкка иштеген илимпоз ай сайын 2% акчасын окуу жайдагы кесиптик кошуунга которот. Бирок ал уюмдан эч кандай жардам албагандыгын билдирет:

- Окуу жайда эки жыл мурун профсоюз уюму жоюлуп кетип, быйыл жаңы окуу жылынан тартып кайрадан уюшулуптур. Сентябрь айынан тартып ар бир окутуучунун айлыгынан 2% профсоюзга деп кармап калып жатат. Бул кесиптик кошуун мугалимдерге эс алуу уюштурат жана укуктук жактан коргоп жардам берет дегени менен иш жүзүндө мен андайды көрө элекмин. Учурда бул уюм СССРдин системасы менен иштеп келе жатат. Өзгөрүү, жаңылануу деген жок. Мисалы, эс алуу үчүн жолдомону мен бир да жолу алганым жок. Эгерде алууну кааласаң кезекке туруп, укугуңду талашып жүрүп араңдан зорго алышың мүмкүн. Отчеттуулук деген нерсе да жок бул уюмда. Өз билгенин кылып, чогулган акчаларды каалагандай иштетишет.

Уюмдун облустук комитетинин жетекчисинин үстүнөн сузактык мугалимдер тарабынан жазылган кат борбордук комитетке жөнөтүлдү. Анда облустук жетекчи жылына чогулган 6 млн сомдой каражатты максатсыз колдонуп, педагогдор алдында отчет бербей жатканын жазышкан. Педагог Дөөлөтбек Эргешов буларга токтолду:

- Профсоюздарга чогулган акчалар кандай иштетилип жаткандыгы менен эч кимдин иши жок болуп жатат. Облустук комитеттин азыркы жетекчиси Абдукахар Исмаилов былтыркы жылы Сузак районунан которулуп келген. Исмаилов Сузакта акыркы 8 жылдан бери профсоюз уюмун жетектеп туруп бир да отчет берген жери жок. Жылына 7 млн сом каражат чогулат. Ал иштеген жылдарды эсептесек жалпы 56 млн сом чогулган экен. Бирок бул мугалимдердин акчасын Исмаилов кантип, кайда жумшагандыгын эч ким билбейт. Убагында бир топ жолу тийиштүү тараптарга кайрылуу жолдонгону менен жооп болгон эмес. Эми болсо аны облуска жетекчи кылып алып келишти.

Сузак району боюнча беш миң мугалим кесиптик кошуунга мүчө. Жылына алардан 7 млн сомго жакын каражат чогулат. 2015-жылы райондук профсоюз комитетинде жана билим берүү бөлүмүндө эсепчи болуп иштеген адамга карата прокуратура 22 млн сом чыгаша боюнча кылмыш ишин ачып, азыр бул иш сотто каралууда. "Ошол учурда Абдукахар Исмаилов райондо жетекчи болчу", дейт Эргешов:

- Бул киши Сузакта жүргөн маалында эле бир топ финансылык катачылыктарга жол берилгени белгилүү. Ага карата мугалимдер тарабынан нааразычылыктар көп. Ысык-Көлгө 30дай киши менен эс алууга барсам, көбү башка кесиптегилер экен, жолдомолорду сатып алышыптыр. Аларга профсоюз уюму жолдомолорду сатышкан. Мына ушул сыяктуу мыйзам бузуулар орун алып турганына карабай, профсоюз уюмунун борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов бул кишини облуска көтөргөн. Бул жагдай албетте нааразычылыктарды пайда кылууда.

Жалал-Абад облусунда 8 райондук, 5 шаардык жана бир жогорку окуу жайдын профсоюз комитеттери иштейт. Учурда аларын 28 миңге чукул мүчөсү бар. Жыл сайын алардын маяналарынын эсебинен бир пайыздык каражат комитетке которулат. Район-шаарлар чогулган каражаттардын 20 пайызын облуска берип, 10% республикага которулат. Каражаттардын баары коромжусуз сарпталарын мугалимдердин кесиптик кошуунунун облустук комитетинин төрагасы Абдукахар Исмаилов айтат:

- Бизде чогулган каражаттар кайра эле мугалимдерге коротулат. Аларга жолдомо беребиз жана эс алууларына шарт түзөбүз. Кокус кээ бир педагогдор ооруп калса, аларга да жардам көрсөтүлөт. Мындан сырткары жыл мугалими, спартакиада сыяктуу иш-чараларды да уюштуруп турабыз. Жылына бир жолу райондук комитет жетекчилеринин катышуусунда отчет берип турабыз. Быйыл да 16-январда шаардагы “Алтын-Сарай” ресторанында жетекчилерди чакырып, сый тамак көрсөтүү менен жыл жыйынтыгын чыгардык. Эми бизден жолдомо ж.б. ала албаган мугалимдерде нааразычылык болушу мүмкүн. Алардын айыптоолору негизсиз деп ойлойм.

Былтыркы жылы облуста 900дөн ашык мугалимге Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилген. Мындан сырткары 8 миң мугалимге ар кандай эс алуулар уюштурулган. Облустагы кесиптик кошуун 1991-жылдан тарта иштеп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG