"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Түркмөнстандын башкалаасы Ашхабадда жана облус борборлорунда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды.
Статистикалык маалыматтарга караганда, быйыл беш ай ичинде эле Казакстандан жети миңден ашык адам биротоло чет өлкөгө көчүп кеткен.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешин өмүр бою башкаруу укугуна ээ болду.
Тажикстанда бирге толо элек баланын денесинен ийненин сыныктары табылды. Укук коргоо органдары бул үчүн анын энесин айыптап, камакка алды. Оор жараланган наристе дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.
Өзбекстандын Самарканд облустук прокуратурасы аялды басмырлап, шылдыңдаган милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, бирөөнү камакка алды. Уурулукка шектүү катары кармалган аялды милиция бөлүмүндө тартип сакчылары энеден туума чечинүүгө мажбурлап, видеого тартышкан. Жабыркаган аялдын үйүнө кечээ Өзбекстандын вице-премьер-министри барып, укуктук жактан жардам берилерин айтты.
Түркияда поезд кырсыгында каза болгондордун саны 24 кишиге жетти. Жабыркаган 120дан ашык адам азыр ар түрдүү жаракат алып ооруканада жатат. Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу жекшембидеги кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин билдирди.
Таиландда үңкүрдө калган балдарды куткаруу иштерине катышкан суучул каза болду. 6-июлда Самарн Кунан үңкүрдө калган балдарга кычкылтек толтурулган баллонду жеткирип келатып, өзү суу алдында аба жетпей мерт болду. Эки жума мурун кырсыкка кабылган балдарды куткаруу иштери дагы эле уланып жатат.
Тажикстандын Зафарабад районунун жашоочусу Хамза Турабек Багдад шаарындагы түрмөдө кармалган кызын көрүп келүүгө камынып жатат. Тажик бийлиги ага өлкөдөн чыгууга уруксат берип, ушул тапта жаңы паспортун күтүп турган кези. Ал Казакстандагы Ирактын элчилигинен виза алып, анан өлкөгө кире алат. Карыя алыска барып-келүүгө аз-маз тыйын да чогултту.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 61 жаштагы кримчөйрө төбөлү Шухратулла Насировду өз үйүнөн кармады. Кылмыш чөйрөсүндө “Шухрат Домбрабад” деген каймана аты менен таанылган кримтөбөл менен кошо туугандары да камакка алынды.
Орусияда пенсия курагын көтөрүүгө каршы акцияга чыккандардын жетөө кармалды.
Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) Бухара облустук башкармалыгынын жана облустук прокуратуранын жетекчилери баштаган бир топ мурунку кызматкерлери соттолду.
Эл аралык издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды.
Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин жарлыгына ылайык Түштүк Казакстан облусунун ордуна Түркстан облусу түзүлдү. Облустун административдик борбору Түркстан шаары болот. Ал эми мурдагы борбор Чымкент республикалык маанидеги шаар макамына ээ болду.
2005-жылкы Анжиян окуясына байланыштуу сот жообуна тартылган Диларом Абдукадырова мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулду. Анжияндык качкын аял 2010-жылы Австралиядан Өзбекстанга келген учурда кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 14-июнда Абдукадырова эркиндикке чыгып, үй-бүлөсүнө кайтып барды.
Тажикстанда билим алган 4 миңден ашык түркмөнстандык студенттер оор абалда калды. Анткени алар колдонгон эл аралык банк карталары убактылуу жабылып, Түркмөнстандан акча которулбай калды. Бул Түркмөнстандагы экономикалык каатчылыкка байланыштуу болуп жатканы кабарланды.
Түштүк Кореяда жол кырсыгынан кийин ооруканада каза болгон тажикстандык Нурмухаммад Жалаловдун сөөгүн жакындары медициналык кызматтар үчүн ал өлкөгө 21 миң доллар төлөгөн соң гана алышты. Анткени мигрант жигиттин бул өлкөдө жашап, дарыланууга жол берген медициналык камсыздандыруу документи болгон эмес.
Ташкент шаарынын прокурорунун мурунку биринчи орун басары Мираглам Мирзаевге таандык байлыкты издөө максатында анын жакын туугандарынын үйү тинтүүгө алынууда. Мурунку президент, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда алардын үй-бүлөсү Өзбекстандагы бүтүндөй күч түзүмдөрүн көзөмөлдөп, ишкерлерден салык чогултуп жүргөнү айтылат.
Тажикстандын ислам борбору жубайларын жыныстык катнашка мажбурлаган эркектерди айыптап чыкты. Бул боюнча коңшу өлкөнүн муфтийи атургай атайын фатва чыгарды. Өткөн жумада ушул эле муфтий болсо бокс менен эрежесиз эр урушту "арам" деп атаган.
Кытайда камакта отурган казак улутундагы Ертай Султанбектин туугандары Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, казак бийлигинен көмөк сурады. Ертай быйыл 25-майда Кытайда кармалгандан бери кабарсыз. Басма сөз жыйынын өткөргөндөр Назарбаевдин Кытайдагы сапарында ал жактагы казактардын маселесине бийликтин көңүлүн бурдурууну көздөп жатканын айтышты.
Казакстандагы бейөкмөт уюмдардын ишин татаалдаткан жаңы мыйзам жарандык активисттер үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду.
Дагы жүктөңүз