Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Тажикстандык баланын табышмактуу жарасы


Денесинен ийненин сыныктары табылып, ооруканада жаткан бала.
Денесинен ийненин сыныктары табылып, ооруканада жаткан бала.

Тажикстанда бирге толо элек баланын денесинен ийненин сыныктары табылды. Укук коргоо органдары бул үчүн анын энесин айыптап, камакка алды. Оор жараланган наристе дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Тажик дарыгерлери 9 айлык наристенин денесине кирген ийненин алты сыныгын алып чыгышты. Рудаким райондук ооруканасынын балдар хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Шухрат Чориевдин айтымында, эми баланын денесинде ушундай сыныктан дагы төртөө калды.

- Жаш балага узакка операция жасоого болбойт. Ошондуктан анын баш сөөгүндөгү жана курсагындагы ийнени дароо алып сала албайбыз, - дейт ал.

Денесинен оор жараланган наристени 28-июнда Рудаки районунун Сарикишти айылындагы жакындары ооруканага алып барышкан. Баланы текшерүүдөн өткөрүшкөн дарыгерлер анын денесинен ар кандай ийненин 10дой сыныгын аныкташкан. Болжол менен алар үч айдай мурда сайылган болушу мүмкүн.

- Эгерде ийнени бала өзү жутуп алган болсо ал кекиртегинде же ашказанында болмок. Бирок биз көргөндөй, ийне балага сайып киргизилген,- деди Шухрат Чориев.

Баланын денесинде катылган ийне сыныктары ар түрдүү күмөн ойлорду жаратып жаткан. Буга байланыштуу "баласынын денесине оор залал келтирген" деген шек менен анын апасы, 26 жаштагы Сарикишти кыштагынын тургуну кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, ал Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүн үйгө кайтарыш үчүн ушундай ишке барган болушу мүмкүн.

Анализдин жыйынтыктары ымыркайдын мээсинде, мурдунун алдыңкы катмарында, бутунда, тамагында жана башка дене мүчөлөрүндө ийне сайылып турганын көрсөткөн. Айрым сыныктар денесинин ичкери бөлүгүнө кирип кеткен.

Жабыркаган наристе - үй-бүлөдө экинчи бала. Анын атасы азыр Орусияда акча таап, миграцияда жүрөт. Баласынын денесине мынча ийне кантип киргени тууралуу келин эч бир сөз айткан жок. Чоң энеси Махрифат Хасанова бир ай мурда жаш баланын оозунан ийненин сыныгын алып чыгышканын айтып берди:

​- Бир жолу Орозо маалында келиним мага "балага тамак берип, уктатып коюңуз" деди. Бир маалда эле өз бөлмөсүнөн кыйкырган бойдон чуркап чыгып, каш тергич сурады. Анан баланын оозунан ийненин сыныгын алып чыкты. Ийненин учу сынык, көзү бар экен. Бала анан ойноп кетти, кантип ошондой болгонуна акылым жетпейт.

Райондук оорукананын балдар хирургиясы болүмүнүн башчысы Шухрат Чориев баланын денесине сайылган ийненин сыныктарын көргөн дарыгерлер таң калып жатышканын жашырбайт. Наристенин организми эмне үчүн сайылган катуу нерсеге эч кандай реакция кылган эмес? Адистер азырынча буга жооп таба элек. Мурда-кийин мындай окуя болгон эмес.

- Денеге ийне ар кандай жол менен сайылган. Аларды ким сайганы белгисиз. Эки ийне кадимки кийим тиккен ийне, дагы эки ийненин сыныгы баланын денесине бир топ мурда сайылган. Ал тургай дат баса баштаган, - деди Шухрат Чориев.

Жаш баланын денесине оор жараат келтирген окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ага шектүү деп апасы кармалды. Жакындары окуяны азыр да толук түшүно албай турушса, дарыгерлер баланын денесиндеги калган ийнелерди алып чыгууну аракетин көрүп жатышат.

Фергана облусундагы 11 айлык баланын денесинен алынган ийнелер.
Фергана облусундагы 11 айлык баланын денесинен алынган ийнелер.

Үрөй учурган ушундай окуя былтыр Өзбекстанда болгону белгилүү. Фергана облусунда 11 айлык наристенин денесинен дарыгерлер бир ай мурда сайылган 16 ийненин сыныгын табышкан. Бала дароо Ташкенттеги ооруканага жеткирилип, ага 10 саатка созулган операция жасалган. Натыйжада дарыгерлер 13 ийненин сыныгын алып чыгышкан. Учурда Азизбек Абдумажидовдун денесинде анча кооптуу эмес деп саналган 3 ийне калган. Ал үчүн балага дагы операция жасалышы мүмкүн. Ийнелер анын денесининин табарсык, көкүрөк, моюн, омуртка жана жүрөк туштарына сайылганы аныкталган. Ушул кезге чейин эмне себептен баланы мыкаачылык менен кыйнашканы белгисиз. Дарыгерлер "ийнени жаш бала жутуп жибериши мүмкүн эмес" деп таң калышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG