Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Таиланд: Үңкүрдөгүлөрдүн үмүтү үзүлө элек


Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүргө кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен экени 2-июнда белгилүү болгон.
Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүргө кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен экени 2-июнда белгилүү болгон.

Таиландда үңкүрдө калган балдарды куткаруу иштерине катышкан суучул каза болду. 6-июлда Самарн Кунан үңкүрдө калган балдарга кычкылтек толтурулган баллонду жеткирип келатып, өзү суу алдында аба жетпей мерт болду. Эки жума мурун кырсыкка кабылган балдарды куткаруу иштери дагы эле уланып жатат.

Үңкүрдөгү куткаруу иштерине өз ыктыяры менен көмөктөшүп жаткан мурдагы аскер суучулу Самарн Кунан балдарга жардам жеткирип, суу алдында сүзүп келатып, дем алган кычкылтеги түгөнүп, эс-учун жоготкон. Суучулдар тобунун капитаны Апхакон Юнгкео "“Деңиз мышыгы” деген атка конгон мурдагы аскер кызматкери каармандык көрсөтүп, арабыздан кеткенине карабай балдарды куткаруу иштери улантылат" деди.

Таиланд. Үңкүрдүн оозундагы куткаруучулар. 5-июль, 2018-жыл.
Таиланд. Үңкүрдүн оозундагы куткаруучулар. 5-июль, 2018-жыл.

Аскер суучулдары Таиланддын Чианг-Рай провинциясында катуу жааган жаандан кийин үңкүргө суу толуп, анын бир коңулунда аман калган балдарга тамак-аш, дары-дармек жана кычкылтек толтурулган баллондорду жеткирип жатышат. Үңкүрдүн сыртында аскер күчтөрү тартылып, куткаруу операциялары башталды. Өспүрүмдөрдү куткарууга алгачкы күндөн тартып британиялык адистешкен куткаруучулар катышууда. Ошондой эле АКШнын, Австралиянын, Кытайдын куткаруучулары да жардамга келишкен. АКШ аскер тобунун капитаны Жессика Тейд буларга токтолду:

- Куткаруу иштери оңой жүргөн жок. Ар улуттагы куткаруучулар, ыктыярчылар, аскер адамдары биригип, бир максатты көздөп жатабыз. Тилегибиз ишке ашса экен деп турабыз. Азыр бардык таиланддыктар колдон келген аракетин көрүп жатат. Алгачкы издөө иштери ийгиликтүү болду.

Балдарды куткаруу иштеринин жүрүшүнө жалпы эл көз салып турат. Социалдык тармактарда жардам бергендерге ыраазычылык айтылып, ал тургай үңкүрдөн балдардын аман-эсен чыгып келатканын элестеткен сүрөттөр жайылууда. Таиланддын өкмөт башчысы Прают Чон Оча ыктыярчыларга терең ыраазычылыгын билдирди:

Прают Чон Оча.
Прают Чон Оча.

- Бизге жардамга келген чет өлкөлүк бардык ыктыярчыларга жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирем. Эгер алар болбогондо балким биз кыйналмакпыз. Мамлекеттик кызматкерлер, жеке менчик ишканалар да мүмкүнчүлүгүнө жараша көмөк көрсөтүп жатышат.

23-июнда Чианг-Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон. 10 күндөн кийин аларды британиялык суучулдар таап, видеокамерага тартып чыгышкан. Балдар ушул тапта үнкүрдүн оозунан 3 чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Куткаруучулар камоодо калгандарды бир канча ай бою тамак-аш, кийим-кече, жылыткыч жана байланыш менен камсыз кылып туруунун камын көрүүдө.

- 10 офицер жана дарыгерлер азыр балдардын саламаттыгына жана моралдык абалына көз салып жатабыз, - деди аймактык аскердик куткаруучулардын командири Вуттхичай Пучароенес.

Адистердин айтымында, азырынча балдар үңкүрдөгү ылай суу толгон 3 чакырым аралыкты сүзүп өтө алышпайт. Ошондуктан куткаруучулардын алдында үч жол турат. Биринчиси - балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүү, экинчиси - тоону тешип балдарды алып чыгуу. Үчүнчү жол - суунун азайышын күтүү. Бирок Таиландда жаан көп жааган мезгил октябрь айына чейин сакталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG