Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Түркияда поезд кырсыгынан 24 киши жан берди


Түркияда кырсыкка кабылган поезд.
Түркияда кырсыкка кабылган поезд.

Түркияда поезд кырсыгында каза болгондордун саны 24 кишиге жетти. Жабыркаган 120дан ашык адам азыр ар түрдүү жаракат алып ооруканада жатат. Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу жекшембидеги кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын жок экенин билдирди.

8-июлда кырсыкка кабылган Капыкуле – Стамбул каттамындагы поездде жабыркаган 338 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 124 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Түркиянын вице-премьер-министри Режеп Акдаг министрлер менен дүйшөмбүдө басма сөз жыйынын өткөрүп, куткаруу иштери таңда токтогонун жана аймак толугу менен тазаланганын билдирди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган кырсык тууралуу Транспорт жана Ички иштер министрликтеринин маалыматын угуп, каза болгондордун жакындарына көнүл айтты.

Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

360 жүргүнчү бараткан поезд Чорлу аймагында кырсыкка кабылган. Алты вагондун бешөө рельстен чыгып жерге кулап, бир топ жерге чейин сүрүлүп барган. Көпчүлүк кишилер оодарылган вагондордон өздөрү тышка чыгышкан.

- Аман калганыбызга кудайга шүгүр, бирок көп кишилер каза болуп калды. Сураныч, аларга жардам бергиле, - деди жабыркагандардын бири.

- Биз бара жаткан вагон рельстен чыгып, оодарылып кетти. Ичинде бараткандардын көбү ошол жерде каза болду окшойт. Биз болсо терезеден араң чыгууга үлгүрдүк, - деди дагы бири.

- Мен кырсык кандай болгонун түшүнбөй калдым. Эч нерсе айта албайм.

Кырсык болгон жерде иштеп жаткан жумушчулар жана дарыгерлер.
Кырсык болгон жерде иштеп жаткан жумушчулар жана дарыгерлер.

Маалыматтарга ылайык, Эдирне шаарынан Стамбулга бараткан поезддин кырсыкташына нөшөрлөп жааган жаандан улам темир жол төшөлгөн жер кыртышы эзилип, оюлуп калганы себеп болгон. Кырсык болгон аймакка катуу жааган жамгырдан ылай болуп баткактан улам тез жардам унаалары дароо жете алган эмес. Алгач тик учактар жардамга келип, андан соң 100дөй тез жардам унаалары жабыркагандарга жеткен.

Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу жабыр тарткандардын арасындагы кыргызстандыктар жок экенин «Азаттыкка» ырастады.

Куткаруу иштери жекшембинин түнүндө толугу менен токтотулду. Азыр ооруканада жаткандардын абалын дарыгерлер көзөмөлгө алууда. Ал арада ушул тапта Түркиянын борбору Анкара шаарында Режеп Тайып Эрдоган ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий киришкени жатат. Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Эрдогандын экинчи мөөнөткө киришүүсү менен аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG