"Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.
Жалал-Абадда жазгы талаа иштери күч алды. Ноокен районунда быйыл талаада иштеген кыз-келиндер арбын. Жашылчалардын тушүмүн эрте жыйноого ашыккан дыйкандын жаздагы мээнети сүрөттөрдө чагылдырылды.
Мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразы болуп чыгып, ок атуудан алты адамдын өмүрү кыйылган Аксы окуясына 17 жыл толду. Бул күнгө карата Аксы районунда жана Бишкек шаарында эскерүү иш-чаралары өттү.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
Ош жана Жалал-Абад облустарында тайганчылык өнөрүн өркүндөтүү максатында эки облустун тайганчылары алгачкы жолу “Салбурун” мелдешин өткөрүштү. Ага эки чөлкөмдөн 50гө чукул тайган таптагандар катышып, өзгөчөлөнгөн иттер каттоого алынды.
Жалал-Абад мэриясы Кадыржан Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү өзүнө каттата албай жатат.
Аксыдагы Чоңтовар-Сай жаңы конушунун тургундары 10 жылдан бери жарыгы жок жашап жатышат.
Жалал-Абад шаарында үйүнөн кишенделген абалда качып чыгып, көчөдө жардам сураган окуучу кыз реабилитациялык борборго жаткырылды.
Жалал-Абад шаарынан зер буюмдарын уурдоого шектүү катары өзбекстандык беш аял "Маданият" чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалды.
Депутат баңгизат менен ЖАМКтын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемесине кирерде кармалган.
Ооган согушунда дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен Финансы полициясы Сузак жана Бүргөндү айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз иштер үчүн бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.
“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад шаарындагы темир жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарды иретке келтире албай жатат.
Ала-Бука районунда кыштын ызгаардуу суугунда чатырларда билим алып жаткан 200дөн ашык окуучу маданият үйүнүн имаратына киргизилди. Бирок мугалимдердин усулдук бөлмөсү чатырга көчүрүлүп, балдар кошумча сабактарын кайра эле чатырларда улантышат.
Кыргызстандын экосистемасы мурда болуп көрбөгөндөй жабыркап, өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар азайып баратканы белгилүү. Илимге таянсак, мекенибизде дүйнөдө табылган биологиялык түрдүүлүктүн бир пайызга чукулу учурайт.
Аксыдагы Чоңтовар-Сай жаңы конушунун тургундары 10 жылдан бери жарыгы жок жашап жатышат. Окуучулар шам чырак алдында сабак даярдап, жети чакырым алыстыктагы мектепке катташат.
Жалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен адистер иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын айтып жатышат. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат да мергенчилерге жетпей келүүдө.
Жалал-Абад ОИИБнын мурдагы башчысы Акылбек Мамасеитовдун арызы Жогорку сотто каралат.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө кылмышка шектүү адамдын дайындалышы мугалимдер арасында жана коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.
Алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника жеткирип бараткан айдоочу окко учуп каза болду.
Жалал-Абад шаарында усталар электр тогу менен жүрө турган автоунаа кураштырды. Учурда бул автоунаа электр тогунун жардамы менен 80 чакырымга чейин жүрө алат. Эми усталар кичи автобусту да сыноо иретинде электр тогу менен жүргүзүп көргөнү жатышат.
Дагы жүктөңүз