Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:38

Сузактагы билим берүү бөлүмүнүн чыры


Сузактагы мектептердин бири.
Сузактагы мектептердин бири.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө кылмышка шектүү адамдын дайындалышы мугалимдер арасында жана коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Нааразы тарап мындай дайындоого президенттик аппараттын кызматкеринин жана акимдин тиешеси бар деп эсептейт. Аталган адамдар мындай дооматты төгүндөп жатышат. Кызматка дайындалган Сопубек Сариев мурда жетектеген курулуш ишканасына карата былтыр март айында райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

56 жаштагы Сопубек Сариев Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп өткөн жылдын 24-декабрында дайындалган. Ал жетекчилик кызматка талапкер катары сынакка барган 8 талапкердин ичинен жеңүүчү деп табылган. Райондогу мектептердин биринин мугалими, жергиликтүү активист Дөөлөтбек Эргешов жетекчи президенттик аппараттын кийлигишүүсү менен дайындалды деп эсептейт.

Дөөлөтбек Эргешов.
Дөөлөтбек Эргешов.

- Менин бир таанышым райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына талапкер катары сынакка катышып келди, - деди ал. - Сариев тесттен баарынан эң аз балл алган. Бишкекте министрликте өткөн баарлашууда да ал көптөгөн суроолорго жооп бере албаптыр. Акырында конкурстук комиссия аны жеңүүчү деп таап койгону баарына таң калыштуу болуптур. Анткени Сариев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоевдин жакын досу жана жердеши. Түздөн-түз анын таасири менен кызматка келди. Сопубек Сариев - СССР убагында мектепте азыраак убакыт мугалим болуп иштегени болбосо, билим берүү тармагына таптакыр тиешеси жок адам. Анын 109 мектепти жетектөөгө эмес, бир мектепте класс жетекчи болуп иштөөгө деңгээли жетпейт. Сузак району Билим берүү министрлигине кадрларды сынап көрүүчү полигон болуп калды.

Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов аны дайындоодо катачылык кетирген министрлик менен район акимин айыптады:

Жылдызбек Турганов.
Жылдызбек Турганов.

- Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын тандаган Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы конкурстук комиссия сынакты туура эмес өткөрдү. Мен коомдук ишмер катары баарына баштан-аяк көз салып турдум. Ош шаарында өткөн алгачкы тест сынагында Сариев талапкерлердин арасынан эң төмөнкү 38 балл алган. Кийинки айлампаларда кантип жеңүүчү болуп табылганы бизге кызык болуп турат. Министрликтен бул боюнча татыктуу жооп ала алган жокпуз. Райондук сотто жана ички иштер органдарында анын үстүнөн козголгон кылмыш иштери каралып жатканына карабай Билим берүү министрлиги аны жетекчи кылып дайындап койду. Сариевдин айылдашы, Сузак районунун акими да анын пайдасына сунуш кылган. Эгерде Сариев соттолуп кетсе жоопкерчиликти ким алат?

Бул дооматтарды Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев да, райондун акими Эрмек Омошев да төгүндөштү. Маселен, Турдуназир Бекбоев «Азаттыктын» кабарчысына мындай жооп берди:

Турдуназир Бекбоев.
Турдуназир Бекбоев.

- Сопубек Сариев айылдашым жана жердешим экени чын. Бирок аны менен достук мамилебиз жок. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы сынак аркылуу тандалды. Ал жерде жеңип чыккан талапкер гана башчы боло алат. Менин кийлигишүүм ал жерде орунсуз болуп калат. Ошондуктан Сариевдин кызматка келишине мен эч кандай таасир эткен эмесмин.

Ал эми райондун акими Эрмек Омошев Сариевди ишенген кадр катары сыпаттап, сот актайт деген ишенимде экенин айтты:

- Билим берүү жана илим министрлиги Сопубек Сариевди сынактан женүүчү деп тапкандыктан мен анын пайдасына сунуш бергенмин. Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөөдө болгону менен соттолгон жок да. Тийиштүү тактамаларында «соттолгон эмес» деп жазылыптыр. Балким алдыдагы күндөрү акталып кетер. Эгерде сот жыйынтыгы чыгып, күнөөлүү деп табылса жумуштан кетет. Биз анын буга чейинки иш тажрыйбасын карап, анан сунуш киргиздик. Ал киши бул тармакты жетектөөгө татыктуу кадр деп билем.

Бир катар жергиликтүү коомчулук өкүлдөрүнүн сынына туш болгон Сопубек Сариев өзүнө карата айтылып жаткан сын пикирлерди негизсиз деп баалап, бир жыл мурда козголгон кылмыш ишинде күбө катары гана өтүп жатканын билдирди:

Сопубек Сариев.
Сопубек Сариев.

- Чындыгында мен бул кызматка эч кимдин жардамысыз, өз күчүм менен келдим. Республикадагы 69 шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн арасынан Сузак району тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 68-орунда экен. Август айына чейин билим берүүнүн сапатына аз да болсо таасир этсем деген планым бар. Бул тармакта тажрыйбам аз болсо да, алдыга алып кетем деген ойдомун. Ал эми кылмыш иши боюнча биз күбө катары өтүп жатабыз. Анын баарын сот чечет. Буга чейин иштеп кеткен жетекчилердин каталарын жоюуга аракет кылмакчымын.

Сопубек Сариев жетектеген «Ак-Мээнет» жоопкерчилиги чектелген курулуш компаниясына карата былтыр Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мүлктү ыйгарып алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Сайназаров: Билим берүүдө өң-тааныштык болбошу керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:00 0:00
Түз линк

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ишти тергөө аяктап, сотко өткөнү турат. Ушул эле ишканага байланыштуу «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш иши Сузак райондук сотунда каралууда.

Сопубек Сариев - кесиби боюнча орус тил мугалими. Мугалим катары 1985-1988-жылдары гана Баткен жана Кара-Суу райондорундагы мектептерде иштеген. Андан соң жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп кеткен.

2010-жылдан кийин Сузак райондук билим берүү бөлүмүн башкарган эки жетекчи «мугалимдердин маянасын кымырып алган» деп сот жообуна тартылган. Ал эми Сопубек Сариев келгенге чейин иштеген башчы министрлик менен соттошуп жатып, кетирилген кемчиликтери үчүн кызматтан кеткен. Райондо жалпысынан 109 мектеп бар.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG