Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Чырак менен күн көргөн Чоңтовар-Сай


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксыдагы Чоңтовар-Сай жаңы конушунун тургундары 10 жылдан бери жарыгы жок жашап жатышат. Окуучулар шам чырак алдында сабак даярдап, жети чакырым алыстыктагы мектепке катташат.

Жергиликтүү бийлик 2000-жылдары жер тилкелерин бергени менен бул жердегилер ушул күнгө чейин калктуу конуш статусуна жетише элек. Электр тармактар ишканасы болсо калктуу конушту мыйзамдаштырууну күткөнүнө он жылдан ашты.

Айыл тургуну Замира Осмоналиева күн батканча балдарынын мектеп кийимдерин даярдап, кечки тамакка камынууда. Анткени караңгы түшкөнгө чейин баарына үлгүрүп калышы керек. Кечкисин жарыктын жоктугунан баары шам чырактын айланасына чогулушат. Телевизор, үтүк жана башка үй тиричилик буюмдарын балдары билбей чоноюшту. Анткени ушул шартта 10 жылдан ашык убакыттан бери жашап келатышат.

Замира Осмоналиева.
Замира Осмоналиева.

​- Бул жерге көчүп келгенибизге он жыл болсо да эмгиче электр жарыгына муктажбыз, - деди ал. - Окуучуларыбыз таң атпай мектепке жөнөп, кечинде караңгыда тосуп алабыз. Жарык болсо биз да эл катары телевизор көрмөкпүз. Балдарыбыз башка айылдагы теңтуштарынан акыл-эси жагынан бир топ артта калыптыр. Анткени азыркы техниканы билишпейт, телевизор көрүшпөйт. Үтүктү такыр колдонбойбуз. Балдардын кийимдерин эптеп жууп, кургатып, бүктөп коебуз.

Авлетим айыл аймагына караштуу Чоңтовар-Сай жаңы конушу 2008-жылдары түптөлгөн. Ошол жылдары капчыгайдагы сай жээгинен 50дөй кишиге турак жай салууга жер тилкеси берилген. Учурда 11 түтүн жарыгы жок болсо да там салып, жашап жатат. Алардын бири Ырысбек Узенов.

Ырысбек Узенов.
Ырысбек Узенов.

​- Бир топ жолу айыл өкмөт башчысына жана район акимине чейин кайрылдык, - деди ал. - Алардан «мүмкүнчүлүк жок» деген гана жоопторду алып жатабыз. Азыркы кылымда жарыгы жок айыл болбосо керек. Чырак менен сабак окуп, дүйнөлөшүү процесси менен тааныша албаган балдарыбыздын келечегинен эмнени күтөбүз? Биз жогорку бийликтен балдарыбыздын келечеги үчүн жардам сурайбыз. Эч нерсенин кереги жок, болгону жарык алып келип бергилечи!

Чоңтовар-Сай Авлетим айылынан төрт чакырым жерде орун алган. Жаңы конуштун балдары мектепке 7 чакырымдай жерден жөө каттайт. Таңкысын жана кечкисин ата-энелер балдарын капчыгай ичинен күзөтүп турушат. Балдарын мектептен тосуп келе жаткан Гүлзада Жоробаева буларга токтолду:

- Менин беш баламдын үчөө мектепке барат. Аларды мектепке жакын жердеги туугандарыма берейин десем, эч ким жок. Капчыгай ичинде окуучулар беш чакырым, андан чыгып эки чакырым, жалпысынан мектепке чейин жети чакырым жөө басат. Таң атпай аларды капчыгайдан чыгарабыз, кайра кеч киргенде ошол жерден тосуп алабыз. Кыш күндөрү жолдор кардан тазаланбай калат. Жергиликтүү бийликке айтканыбыз менен кабар алган адам жок. Биз өзүнчө эле жапайы аралда жашап жаткандайбыз.

Бул маселе өткөн жумада Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун Аксы районундагы иш сапарында жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуу учурунда да көтөрүлгөн.

Авлетим айыл аймагынын башчысынын орун басары Анарбек Осмоналиев азырынча жаңы конушка электр жарыгын жеткирүү мүмкүн эмес экенин билдирди:

Анарбек Осмоналиев.
Анарбек Осмоналиев.

​- Биз жакында эле Чоңтовар-Сайдын жанындагы Аут-Сай конушуна электр жарыгын жеткирүү боюнча 2,7 млн. сомго долбоор даярдап, аны аткаруу алдында турабыз. Чоңтовар-Сай мурун чабандар жашаган аймак болгон. Жайкысын жашап, кышында көчүп келе беришчү. 2009-жылдан тартып жер тилкелери берилген соң эл отурукташа баштаган . Азыркыга чейин ал жер калктуу конуш категориясына которула элек. Экинчиден аз калктуу конушка бир топ сумма коротуп линия тартуу да ашыкча чыгым. Ошондуктан ал жерге мыйзамдуу электр линиясын тартууга болбойт. Бул багытта эми иш алып барабыз.

«Жалал-Абад электро» ишканасынын басма сөз кызматкери Жыпариза Уметалиева Чоңтовар-Сай айыл статусун алса электр жарыгы жеткирилерин айтты:

Жыпариза Үмөталиева.
Жыпариза Үмөталиева.

- Чоңтовар-Сай айылы деп аталып келген жер бүгүнкү күндө айыл статусун алган эмес жана жер айыл өкмөт тарабынан трансформацияланган эмес. Ошондуктан турак жайларынын тиешелүү документтери жок болгондуктан, электр энергиясы жеткирилген эмес. Электр энергиясын колдонуу эрежелерине ылайык, турак жайларына документ алышса, тиешелүү электр жабдуулары жергиликтүү бийлик тарабынан алынат, куруу жумуштарын Аксы райондук электр тармактар ишканасы жүргүзөт.

Учурда Жалал-Абад облусунда СССР убагынан бери электр жарыгы жок жашап келе жаткан бир нече айыл бар. Базар-Коргон районундагы эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок. Ал жерде миңдей адам жашайт.

Ал эми Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 300гө жакын адам жарыксыз жашайт. Айыл ГЭСтин жанында жайгашканы менен анда медпункт, мектеп жок, уюк байланышы да жакшы иштебейт. Кызыл-Бейиттин тургундары айылдан сыртка Нарын дарыясынан кайык аркылуу өтүп гана каттай алышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG