Алардын арасында Ноокен районунун акими да бар. Айыпталып жаткан бийлик өкүлдөрү болсо "бардык аракеттер мыйзам чегинде болгон" деп ырасташууда.
Облустук прокуратура өткөн жылдын декабрь айында Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Азыр бул ишти УКМКнын облустук башкармалыгынын тергөө тобу териштирип жатканын прокуратурадан кабарлашты.
Жергиликтүү активист жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Абдыганы Халиев документи жок жер тилкелери азыркы Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев айыл аймак башчысы болуп иштеген учурунда берилгенин айтты:
- Учурдагы Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев мурда Бүргөндү айыл аймагынын башчысы болуп иштеген. Менин маалыматым боюнча, азыр "анын убагында 48 гектар жер мыйзамсыз берилген" деген негизде иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан башка да трансформациялоодон өтпөй, турак жайга бөлүнүп кеткен жерлер толтура. Болжолдуу мындан башка 50 гектар жер мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү боюнча фактылар бар. Анткени акыркы учурларда жерди трансформациядан өткөрбөй туруп участок берип, андан соң гана документ даярдоо практикада колдонулуп калыптыр. Мындай учурда эл кыйналууда.
Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев 2009-2017-жылдары Бүргөндү айыл аймагынын башчысы болуп үч ирет шайланган. 2017-жылдан бери Ноокен районун жетектеп келет. Прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши 2015-жылдагы Бүргөндү айылындагы 48 гектар жер боюнча каралууда. Аким Маматаев жер бөлүштүрүү өз учурунда мыйзамдуу болгонун айтты:
- Суу чыкпаган, айыл арасындагы дөңсөө жерлерди изилдеп, 2015-жылдары жер тилкеге берүү боюнча документ даярдаганбыз. Бул багытта райондук мамлекеттик администрациянын да буйругу чыккан. 48 гектар жердин 7 гектарына күнөскана курулуп, калган аянты 180ге чукул үй-бүлөгө кезеги менен таратылган. Убагында буларды укук коргоо органдары да текшерип, мыйзам бузуу аныктаган эмес. Кезегинде жерлердин баары трансформациялоодон өтүп, анан бөлүштүрүлгөн. Тергөө ишинин жыйынтыгы кимдин канчалык күнөөсү бар экендигин көрсөтөт. Кайсы бир тараптардын кызыкчылыгынан улам менин үстүмдөн каралоо жүрүп жатат.
Ал арада ушундай эле жерди туура эмес бөлүштүрүү фактысына байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Сузак айыл аймагындагы 142 гектар жердин чоо жайын иликтей баштады. Буга байланыштуу мамлекеттик кызмат райондук бийликке кайрылып, Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевди тергөө иштери аягына чыкканга чейин кызматын чектөөнү суранды. Сузак районунун акими Эрмек Омошев буларга токтолду:
- Өткөн жумада өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысынын атынан кат келди. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 305-беренеси (“Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”) менен Сузак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарына карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ЭККМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы жазылган. Буга байланыштуу Сузак айыл өкмөт башчысы Аскар Сариевди тергөө ишине таасирин бербеши үчүн убактылуу жумушун чектөө жагы суралган. Финансы полициясы кайрылуусунда жумуштан четтетүү эмес, чектөө жагын белгилешиптир. Алардын катынын негизинде мен райондук прокуратурага мыйзамдуулугун сурап кайрылдым. Прокуратура өз жообунда жетекчини кызматтан убактылуу алуу сот аркылуу гана аныкталышы керектигин билдирип жазыптыр. Мен ЭККМКга тагырак аныктама берүүсүн билдирип, кайрадан кат жолдодум.
Башкы прокуратура 2018-жылдын сентябрь айында Сузак айылындагы 142 гектардан ашык жер тилкеси мыйзамсыз берилген деген негизде Сузак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарына кылмыш ишин козгогон. Азыр аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тергеп жатат.
Сузак айылдык кеңешинин депутаты Шерзад Умарбеков мыйзамсыз жер сатуу фактылары азайбай жатканын айтты:
- Сузактан берилген жер тилкелерине документ жасоодо 2003-жылдагы же 2009-жылдагы даталар менен жасалып келген. 2013-жылдан бери бир топ жер үлүштөрүнө турак жайлар салынып кетти. Жер ээлери менен айыл өкмөт сүйлөшүп, ортодо участок катары соодалашкан. Азыр эми “эл басып алган” деген таризде мыйзамдаштырабыз деп жатат. Сузакта эч качан жерлер басылып алынган эмес. Булардын мафиясы ошондой болуп жатат. Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен жолугушкан учурда да ушул маселени айтканмын.
Сузак айыл аймагынын башчысы Аскар Сариев аны жумуштан убактылуу бошотуу мыйзамсыз экенин билдирип, мыйзамга каршы келген ишке барбаганын билдирди.
Башкы прокуратура жерге байланыштуу мыйзам бузуу көп катталарын маалымдаган. Көзөмөл органы 2017-жылы 771 текшерүү жүргүзүп, мамлекетке 3 млрд. 800 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн, жалпы аянты 629 гектар болгон 156 жер тилкеси кайтарылган. Прокурордук көзөмөлдөөнүн натыйжасында 87 кылмыш иши козголгон.