Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:12

Гонконг демократияны талап кылууда


Гонконг, 28-сентябрь, 2014-жыл
Гонконг, 28-сентябрь, 2014-жыл

Гонконгдо демократия тарапкерлеринин он миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары уланууда. Демонстранттарды таратуу үчүн жергиликтүү полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду.

29-сентябрда Гонконгдун бийликтери демонстранттарды борбордук көчөлөрдү бошотууга үндөп, полициянын атайын күчтөрүн артка чакыртып алганын маалымдашты. Бул бийликтин демонстранттарга чегинүүсү катары бааланууда.

Азыр Гонконгдо болуп жаткандай ири нааразылык акциясы Кытайда 25 жыл мурдагы Тянанмэн аянтындагы кандуу кагылыштан бери боло элек эле. Дүйнөлүк финансылык борборлордун катарына кирген Гонконгдо он миңдеген жаштар көчөгө чыгып, бул жерде 2017-жылы өтө турган жергиликтүү бийликти шайлоого Бээжин кийлигишпесин деп талап кылууда.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократия жана эркиндиктер кепилденген атайын район катары өткөрүлүп берилген. Быйыл август айында Кытай бийлиги үч жылдан кийин өтө турган жергиликтүү шайлоодо Бээжин иргеген 2-3 адамдын талапкерлиги коюларын, ошолордун арасынан гана бирди тандаш керек болорун билдирген эле. Бул күндөрү көчөгө чыгып, каршылыгын билдирип жаткан жаштар мына ушул талап Гонконгдун өзгөчө макамына каршы келерин, эгер шайлоо ошондой принцип менен өткөрүлө турган болсо убада кылынган укуктар жана саясый эркиндик сакталбай каларын айтууда.

- Кытайда Гонконгдогудай эркиндик жок. 50 жылдан кийин мен телевизордон каалаганымды көрө албай, Фейсбукка кире албай, Кытайдын гана гезиттерин окуп калууну каалабайт элем, - дейт 16 жаштагы Фиби Люн.

Кытай Гонконгду Британиядан өзүнө кабыл алып жатканда “бир өлкө, эки система” формуласы боюнча башкарарын убада калган. Бул формула социалисттик өлкөнүн курамындагы Гонконгдо демократия кепилденет дегенди түшүндүрөт. Бирок жергиликтүү шайлоого Бээжиндин кийлигишип жатышын бул убаданы бузуу катары баалаган он миңдеген жарандар, айрыкча жаштар, 2017-жылдагы шайлоодо Бээжин өз кишилерин бийликке алып келет деп чочулоодо. Дем алыш күндөрү демонстранттар полиция кубалаганына карабай түнкүсүн да аянттан кетпей, ошол жакта түнөп жатат. Ал эми күндүз ысыктан жашынып, көпчүлүгү кол чатыр алып отургандыктан бул ири акцияны айрымдар “кол чатыр ыңкылабы” деп атап жатышат.

Демонстранттар бул акция тынч протест экенин, эч кандай зомбулукка жол берилбеши керектигин айтууда.

18 жаштагы Гордон Чонг:

- Полиция бизге кол көтөрүшү мүмкүн, бирок биз аларга кол көтөрбөйбүз. Биз Гонконгубузду жана өз келечегибизди коргоп калуу үчүн андайга барбайбыз.

Ал эми Виктор Чан аттуу демонстрант:

- Бизге жасалма шайлоонун кереги жок. Реалдуу демократиялуу шайлоо керек, - деген оюн айтты.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, дем алыш күндөрү аянтта 80 миңдей адам чогулду. Бирок расмий тарап муну тастыктай элек.

Кытай тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньин 29-сентябрда Бээжиндеги басма сөз жыйында Гонконгдогу демонстрацияларды комментарийлеп:

- Гонконг Кытайдын Гонконгу, Кытайдын административдик району, биздин ички ишибиз. Биз кайсы чет өлкө болбосун Кытайдын ички ишине кийлигишүү үчүн кандай ыкма болсо да колдонушуна караманча каршыбыз. Биз ошондой эле кайсы өлкө болбосун "Борборду ээле" деген мыйзамсыз ишмердикти колдоого аракеттенишине да каршыбыз. Кытайдын борбордук өкмөтү Гонконгдун аймактык өкмөтүнө ишенет жана аны бекем колдойт. Биз Гонконгдун узак мөөнөттүү бакыбатчылыгына жана стабилдүүлүгүнө ишенебиз. Анткени бул Кытайдын бүткүл элинин, аймактын жана дүйнөнүн кызыкчылыгына шайкеш келет, - деп айтты.

Гонконг администрациясынын башчысы Лян Чжэньин шаар тургундарын нааразылык акциясына катышпоого чакырды. Ал ошондой эле шаардыктардан толкундоолор каптаган кооптуу райондордон чыгып кетүүнү суранды.

АКШнын Гонконгдогу Башкы консулдугу бул өлкөдөгү соңку окуяларга байланыштуу тараткан билдирүүсүндө тараптарды мындан аркы чыңалууга алып келүүчү аракеттерден оолак болууга үндөдү. Ири банктар убактылуу жабык турат.

Гонконгдогу нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

XS
SM
MD
LG