"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Август айынын соңунда Швейцариянын Люцерн шаарында "Кыргызстандын күндөрү" өттү. "Кыргызстанга көпүрө" уюмунун жетекчиси, журналист Кайрат Биримкулов уюштурган бул жолугушууга Италия, Австрияда жашаган кыргызстандыктар да катышты. Иш-чара мигранттардын бөтөн коомго интеграциялашуусундагы кыйынчылыктар, чет өлкөлүк эксперттердин Кыргызстандын тышкы саясаты, артыкчылыктуу багыттары тууралуу көз карашы айтылган талкуу аянтчасы болуп берди. Расмий маалымат боюнча, Швейцарияда 100гө жакын кыргыз жашайт.
Путин башкарган Орусия менен жакындашуу Кыргызстан үчүн кооптуу, бирок эки ыңкылапты башынан өткөргөн кыргыз эли өз келечегин өзү тандап, саясый процесстерге таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экени өтө маанилүү. Мындай пикирин Швейцарияда Кыргызстанга арналган талкуунун катышуучулары билдирди.
АКШ президенти Барак Обама 10-сентябрда өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган уюм менен күрөшүү стратегиясын жарыялаганы жатат.
Италияда иштеген кыргызстандык Бактыбек Ишатов айлыгын толук төлөбөй койгон ишкананын ээсин сотко берип утуп алганын "Азаттыкка" айтып берди. Бактыбек 1994-жылы КУУнун юридика факультетин бүтүргөн. 2003-жылдан бери Италияда жашайт.
28-31-августта Швейцариянын Люцерн шаарында өткөн Кыргызстандын күндөрүн маданий программа коштоду. Кыргыздын улуттук аспаптарында ойногон Асылбек Насирдинов менен швейцариялык койчулардын жыгач сурнайын тарткан Тобиас Бөртчинин дуэти.
Швейцарияда Кыргызстандын маданий күндөрү өтүүдө. Европадагы тоолуу өлкөдө жашаган кыргыздар түптөгөн "Кыргызстанга көпүрө" уюмунун демилгеси менен өтүп жаткан төрт күндүк иш-чаранын ачылыш аземинен сүрөт баян. Криенс шаары, Люцерн кантону, 28-август, 2014-жыл
Украинадагы соңку кырдаал мындан ары кандай өнүгүшү ыктымал? Анда Орусиянын ролу канчалык? "Азаттыктын" суроолоруна серепчи Аскарбек Мамбеталиев жооп берди.
Акматбек Келдибековдун камалышы коомдо эки ача пикир жаратты. Бирөөлөр мунун саясий буйрук, экинчилери коррупцияга каршы күрөш катары баалап жатышат. Ал эми буга жарандык коомдун ою кандай? "Азаттык" бул боюнча Бир дүйнө Кыргызстан укуктук кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова менен маектешти.
Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламенттин Кумтөр боюнча соңку чечимине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Орусия Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын курууда бааны өтө эле жогорулатып жибергени айтылууда.
Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков өлкөнүн тышкы карызы боюнча "Азаттыкка" маек курду.
Саясат таануучу Санжар Тажыматов Кремль Кыргызстанды жалгыз гана Орусиянын таасири астындагы мамлекетке айландырууга кызыкдар деп эсептейт.
Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
1953-жылдын 18-мартында “Азаттыктын” алгачкы берүүсү обого чыккан. Азамат Алтай Германиянын Мюнхен шаарында кыргызча кабарлар менен ачкан.
Кыргызстандагы соңку саясый кырдаалга байланыштуу саясат таануучу Санжар Тажыматов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Диндин радикалдашуусу менен мамлекет кантип күрөшкөнү туура? "Азаттыктын" суроолоруна саясат таануучу Санжар Тажиматов жооп берди.
Теолог Бакыт Мурзараимов Кыргызстандагы бир да диний окуу жайдын аккредитациясы жок шартта Ислам академиясын ачуу тууралуу муфтияттын демилгесине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Кыргыз-өзбек чек арасында соңку күндөрү түзүлгөн кырдаал өтө эле кооптуу. Мындай пикирин "Азаттыкка" Искендер Ормон уулу билдирди.
Кыргызстан Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү аймагына чек ара тосмолорун орнотуу аракетинде. Бирок буга өзбек тарап нааразылык билдирүүдө. Бул маселеге байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаты Улукбек Кочкоров "Азаттыкка" маек курду.
Бишкек жана Чүйдү газ менен тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу маселеси чечилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Мелис Эржигитов билдирди.
Дагы жүктөңүз