"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист.
Ооганстандан келген баңгизат Кыргызстан аркылуу «Түндүк транзит» деп аталган жашыруун жол аркылуу ташылат.
Кыргызстандын Спикерлер кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты.
Кыргыз-казак чек арасындагы аткезчилик жана буга байланыштуу атышууда аты аталган депутат Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Урматбек Самаевдин талапкерлиги парламенттеги маанилүү комитеттин төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү.
Президент өз мөөнөтү бүткүчө өлкө таза суу менен 100% камсыз болорун кайталады.
Казакстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери сынак тапшыруу мөөнөтү узартылганын айтып, муну 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого байланыштырып жатышат.
Тажикстанда Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген бир нече кызматкер «троллдор фабрикасына» катышы бар экенин билдирди.
Казакстанда 1-майда бийликке каршы митингге катышкандардын арасында жазага тартылгандар көбөйүп жатат.
Өзбекстанда орус тилине расмий тил деген макам берүү сунушу кызуу талкууга түштү. Искусство өкүлдөрүнүн бул демилгеси орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун өткөн аптада Ташкентке сапарын утурлай көтөрүлгөн.
Тажикстандын Нурабад районунда жергиликтүү бийлик мечиттерди жаап, жума намазга тыюу салганы тууралуу кабар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат.
Орусиядагы бала бакчада тарбиячылардын наристени кордогон дагы бир учуру ачыкка чыкты. Бул ирет Краснодар шаарындагы бакчанын башчысы беш баштагы баланы жерди өбүүгө мажбурлаганы тартылган видео Интернетке тарады.
Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарылган тажикстандык балдар Дүйшөмбүдөгү саламаттыкты чыңдоо борборунда медициналык жана психикалык жардам ала баштады.
Тажик коомчулугу Интернеттин кымбатташына каршы кол топтой баштады. Жаңы тарифтерге каршы чыккандар президент Эмомали Рахмонго кайрылуу даярдашты.
Казакстандын Алматы шаарында эл аралык марафон учурунда камакка алынган активисттерди колдоо акциясы өттү. Эки активист - Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбаев таза шайлоого чакырык таштагандан кийин "митинг уюштуруу жөнүндөгү мыйзамды бузган" деген айып менен 15 күнгө камакка алынган.
Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 300гө чамалады. Жарадарлардын саны 500дөн ашты. 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленип жаткан маалда болгон жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Суданда он миңдеген киши армия жетекчилигинен бийликти жарандык өкмөткө токтоосуз өткөрүп берүүнү талап кылууда.
Украинада президенттикке талапкерлердин рейтинги тууралуу жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоо саясий тажрыйбасы жок актер Владимир Зеленский учурдагы өлкө башчы Петро Порошенкодон озуп чыкканын көрсөттү.
Түрк оппозициясынын өкүлү Экрем Имамоглу Стамбул шаарынын мэри болуп жарыяланды.
Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» тобунун тарапкерлери президент Эмомали Рахмондун Орусиядагы сапарында Москвада ага каршы акция өткөрүштү.
Өзбекстандын кылмыш дүйнөсү дагы бир «мыйзамдагы ууру» менен толукталганы кабарланды. Самарканддык Ахтам Якубов чейрек кылымдан бери «мыйзамдагы ууру» макамын алган экинчи кримтөбөл болуп калганын «Азаттыктын» өзбек кызматы өз булактарына таянып жазып чыкты.
Дагы жүктөңүз