Алар диктаторлук бийликтин жоюлушун, саясий негизде камакка алынгандардын баарын бошотууну талап кылышты. Активисттер Москванын аялдамаларында Рахмондун диктатор экенин таанууга чакырган баракчаларды да чапташты. Тажик президенти Орусияга расмий сапар менен 16-апрелде барган.
Эмомали Рахмон 17-апрелде Москвадагы расмий сапарынын жүрүшүндө шаардын башкы аянтында Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койгон маалда «Группа 24» оппозициялык тобунун тарапкери Рахматжон Махмаджон Кремлдин жанына акцияга чыкты. Ал колуна «Диктатор Рахмонов менен таанышып алгыла» деген жазууну кармап турду:
«Тажикстанда бардык түзүмдөрдө адилеттик жок. Өкмөттүк бардык тармактар коррупцияга малынган. Эл кыйналып, жарандардын укуктары бузулуп жатат. Тажикстандын өзүндө да, сыртта да тажик жарандарынын укуктары тебеленүүдө».
Москванын башкы аянтында жүргөн тажикстандык айрым мигранттарга бул пикет жаккан жок. Алар «өлкөнү уят кылып жатасыңар» деп нааразы болушту.
«Мен Дүйшөмбүдөн кечээ эле келдим. Ал жакта баары жакшы. Бул кылганыңар уят. Бул жерден кет», - деген мигрантка активист Рахматжон Махмаджон «биз эмес, Рахмон уялышы керек» деп жооп кайтарды.
Анын пикетин улай эле бул күнү жарым сааттан кийин Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борборунун өкүлү Бахром Хамроев да Москвадагы Кызыл аянтта Рахмондун бийлигине каршы пикет өткөрдү. Укук коргоочу Тажикстанда саясий негизде камакка алынгандардын баарын бошотууну талап кылды. Бирок аны полиция кармап, жакын арадагы бөлүмгө алып кетти.
«Азыр мен Москвадагы «Кытай шаарча» полиция бөлүмүндө отурам. Мага карата протокол толтуруп жатышат», - деди Бахром Хамроев.
«Группа 24» тобунун тарапкери Рахматжон Махмаджонду пикетке чыккан кезде Москва полициясы кармаган жок. Бирок кийинчерээк ал метронун алдында жарандык кийим кийген жана тажикче сүйлөгөн кишилер кол салып, телефонун тартып алууга аракеттенишкенин, окуяны полиция токтотуп калганын маалымдады. Натыйжада, активист да «Кытай шаарча» полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Былтыр ушундай эле акцияны чет өлкөдөгү тажикстандык активисттер Прагада жана Петербургда уюштурушкан. «Группа 24» тобун 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозиционери Умарали Кувватов түзгөн. 2012-жылы Москвада негизделген уюм Тажикстанда өкмөттүн курамын өзгөртүү, саясий өңүттө камалгандарды бошотуу, адам укуктары менен эркиндигин сактоо жана «Улут лидери жөнүндөгү» мыйзамды жокко чыгаруу максатын көздөй турганын билдирип келет. Аталган топту 2014-жылы Тажикстандын Жогорку соту «экстремисттик» деп таап, анын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган. Азыр анын лидерлери чет мамлекетте. Өлкөдө бийликтин ондогон оппоненттери камакта отурушат.
Кыймылды жактагандардын Москвадагы акциясы президент Эмомали Рахмон Кремлде орусиялык кызматташы Владимир Путин менен кездешип жаткан маалда Тажикстандагы абалга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөдү.
Тажик президенти Орусияга шейшембиде расмий сапар менен барган. Эки өлкөнүн башчысы бир сааттай жабык сүйлөшкөндөн кийин журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүштү. Эмомали Рахмон Орусия Тажикстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экенине токтолду:
«Орусия Тажикстандын соода-экономикалык кызматташтыгында алдыңкы орунду ээлейт. Биздин маданий-гуманитардык тармактагы алакабыз да жакшырып баратат. Кооопсуздук багытындагы кызматташтык бекемделүүдө».
Орусия менен Тажикстандын соода-сатыгынын көлөмү былтыр 1 миллиард доллардан ашкан. Ал эми тажик экономикасына Орусия 1,6 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Орус президенти Владимир Путин Тажикстан менен бардык тарапта кызматташтык илгерилип жатканын билдирди:
«Биздин алакага мүнөздөмө берүүнүн зарылчылыгы жок. Биз өнөктөшпүз. Ортодогу кызматташтык стратегиялык өнөктөштүккө гана негизделген. Бизде саясий диалог да жөнгө салынган. Аскердик тармакта Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында жана эки тараптуу негизде кызматташып жатабыз. Экономикалык кызматташтык өнүгүүдө».
Рахмондун Москвадагы сапарынын жүрүшүндө жалпысынан 17 документке кол коюлду. Анын арасында Тажикстандын Дүйшөмбү, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларына Орусия «орус тилинде окуткан» беш мектеп салып берээри тууралуу макулдашуу бар.
Ошондой эле орус жергесинде тажик мигранттарынын убактылуу иштеши үчүн аларды уюшкандыкта жумушка алуу тууралуу келишим да түзүлдү.
Бир күн мурда Рахмон орус премьер-министри Дмитрий Медведев жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, тажикстандык мигранттарга мунапыс берилишин күтүп жатканын айткан. Мигранттардын патент алуу жана миграциялык каттоого туруу эрежелерин жеңилдетүүнү да орус бийлигинен сурай турганын билдирген.
Эки жыл илгери Орусияда административдик мыйзам бузду деген негизде «кара тизмеге» киргизилген 122 миңден ашуун тажик мигранттарына мунапыс берилген. Тажик жарандарына мындай мунапыс берүү 2017-жылдын март-апрелинде ишке ашкан.
Расмий маалыматтарга караганда, учурда Тажикстандын 1 миллиондон ашык жараны Орусияда жашап-иштейт. Алардын укуктары тебеленген учурлар көп.
Тажик президентинин сапарынын алдында БУУнун Мигранттарды коргоо комитети расмий Дүйшөмбүнү мигранттардын абалына кайдыгер карабоого, алар иштеген өлкөлөр менен эки тараптуу келишимдерди түзүүгө чакырган. Комитет мигранттарды коргоо багытындагы бийликтин аракеттерин «жетишсиз» деп баалаган. Мындай сын бир жума мурда Женевадагы жыйында Тажикстан эмгек мигранттардын укуктары боюнча баяндама жасагандан кийин айтылган.