Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:33

Стамбулга оппозиция өкүлү мэр болду


Оппозициялык Элдик-республикалык партиянын тарапкерлери мэр шайлоодо Экрем Имамоглунун жеңишин кубаттап жатышат. 17-апрель, 2019-жыл. Стамбул, Түркия.
Оппозициялык Элдик-республикалык партиянын тарапкерлери мэр шайлоодо Экрем Имамоглунун жеңишин кубаттап жатышат. 17-апрель, 2019-жыл. Стамбул, Түркия.

Түрк оппозициясынын өкүлү Экрем Имамоглу Стамбул шаарынын мэри болуп жарыяланды.

Өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясы шаршембиде ага мандат тапшырды. Бирок президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясы кайра шайлоо өткөрүүгө умтулуп жатат. Бул аракет ишке ашса, Имамоглу кызматтан четтетилиши мүмкүн.

Стамбулда эки жума мурун өткөн мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Бийликтеги АК партиянын («Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы) кайра шайлоо өткөрүү жана мандат бербей туруу жөнүндөгү талабына карабай, 17-апрелде Жогорку шайлоо комиссиясы аны Стамбулдун мэри деп жарыялады. Юстиция министрлигинде мандат тапшырылды. Бул жараян оппозициялык партиянын тарапкерлеринин акциясы, майрамдоосу менен коштолду.

Стамбулдун тургуну Эрдоган Баяр шайлоо калыс өтүп, татыктуу талапкер тандалды деген көз карашта.

«Шаарды 25 жыл бою башкарган АК партиянын бийлиги бүттү. Башкарууну демократ колго алды. Мен абдан бактылуумун. Келечек ачык. Жаз келди. Баары жакшы болот!» - деди ал.

Оппозициялык Элдик-республикалык партиянын жактоочусу Мужган Аслан шайлоонун жыйынтыгы демократиянын үмүтүн жандантканын белгиледи:

«Биз эркиндигибизди кайтарып алдык. Эми келечек жаркын болот. Биздин балдар жарыктын шооласын көрүштү. Бузулган билим берүү системасы кайра оңдолот. Начар абалдагы экономика калыбына келтирилет. Демократия өзүбүздүн колубузда!».

Мандат алгандан кийин Стамбулдун жаңы шайланган мэри Экрем Имамоглу тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөп, демократия жана адам укуктары үчүн күрөш улана берерин билдирди:

Экрем Имамоглу.
Экрем Имамоглу.

«Биз демократия жана укук үчүн күрөштөн эч качан баш тарткан эмеспиз. Бул дүйнөнүн жалпы баалуулуктарын колдойбуз».

Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясы бийликтеги АК партиянын мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү тууралуу өтүнүчүн канаааттандырса, Экрем Имамоглунун мандаты алынышы ыктымал.

Буга чейин бийликтеги партия тиешелүү өтүнүчтү Жогорку шайлоо комиссиясына берип, ошол эле кезде кайра добуш берүү өткөрүү маселеси чечилмейинче Имамоглуга мандат тапшырбай турууну талап кылган. Анткен менен шайлоо комиссиясы президент Режеп Тайып Эрдоган жетектеген башкаруучу партиянын талабын аткарган жок. Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга Эрдоган өзү да чакырган.

Стамбулда кайрадан мэр шайлоо өткөрүлөбү же жокпу, азырынча белгисиз. Быйыл 31-мартта өткөн добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катышкан. Анда Экрем Имамоглу АК партиядан талапкер, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добуш көп алган.

Башкаруучу партия башкалаа Анкаранын мэрин шайлоодо да утулуп, аны башкаруудан кол жууган. Борбор шаарда оппозициялык Элдик-республикалык партиянын өкүлү Мансур Яваш добуштардын 50 пайыздан ашыгын алса, бийликтеги партиянын талапкери Мехмет Озхасеки 47,06 пайызга ээ болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG