Якубовго Кыргызстандын түрмөсүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаев менен байланышы бар өзбекстандык Равшан Мухиддинов көмөктөшкөнү айтылууда.
«Самарканддык Ахтам» деген каймана аты бар Ахтам Якубов 12-апрелде Стамбулдагы жашыруун жыйында «такка отургузулуп», «мыйзамдагы ууру» деген статус алганы ачыкка чыкты.
Жыйындан кабардар криминалдык чөйрөнүн өкүлү «Азаттыктын» өзбек кызматына анонимдүү түрдө билдиргендей, чогулушка мурдагы советтик республикалардагы кылмыштуу топтордун 15 лидери келген, дагы ондогон «мыйзамдагы ууру» телефон аркылуу катышкан.
Маалыматка караганда, Стамбулдагы жыйынга Интернет, телефон аркылуу катышкандардын ичинде Борбор Азиянын жана Кавказдын кримтөбөлдөрү да болгон. Кыргызстандык «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев да байланышка чыгып, Якубовду колдогон.
Ага «таажы кийгизүү» кылмыш чөйрөсүндө «мыйзамдагы ууру» макамын берүү убактылуу токтотулган маалга туш келди. КМШдагы кылмыш дүйнөсүн иликтеген, атын жашыруун сактагысы келген орусиялык талдоочу кылмышкерлер акыркы беш жылдан бери өз ара кандайдыр бир чиндерди ыйгарбай келгенин айтып берди:
«2014-жылдын октябрында Испаниядан Орусияга келген «Жаш Шакро » деген лакап атка конгон Захарий Калашов «мыйзамдагы ууру» статусун берүүгө тыюу салган. Мындай кадамга ал криминалдык дүйнөдөгү чыңалууну токтотуу жана «ууруларга» басымды азайтуу максатында барган. Кылмыш чөйрөсүнүн бардык өкүлдөрү беш жыл бою таасири күчтүү «Жаш Шакронун» бул буйругун кыңк этпей аткарып келишти. Азыр абал өзгөргөнү байкала баштады».
Ошол эле кезде кылмыш дүйнөсүнүн атын атабаган өкүлдөрү Ахтам Якубовго статус берүү боюнча чечимди кримтөбөлдөр өздөрү колдогонун, мындан кийин башкаларга чин берилбей турганын айтышты.
Ахтам Якубов тууралуу маалыматтар ачык эмес. Ал 1976-жылы Самаркандда туулганы гана белгилүү. Бирок ал жөнүндө кабарды Өзбекстандын укук коргоо органдарында көп жыл иштеп, былтыр эс алууга чыккан полковниктен жана Стамбулдагы кылмыштуу чөйрөнүн жыйыны тууралуу айтып бергендерден алууга мүмкүн болду.
Көрсө, Якубов өмүрүнүн 17 жылын Бириккен Араб Эмираттарындагы түрмөдө өткөрүптүр. Бул өлкөнүн соту 1998-жылы аны «эки кишинин өлүмүнө күнөөлүү» деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Кийинчерээк бул жаза 25 жылдык түрмөгө алмашкан. Дубайда түрмөдө отурган кезде ал көзөмөлдөөчү болуп, «мыйзамдагы ууру» атыккан ташкенттик Равшан Мухиддинов («Алтын Равшан») менен таанышкан.
2015-жылы Ахтам Якубов дал ушул Мухиддиновдун жардамы менен түрмөдөн чыгып, Стамбулга барган. Эми анын көмөгү менен кылмыш чөйрөсүндө статус алганы айтылууда.
Өз кезегинде Равшан Мухиддинов Нарында түрмөдө отурган жеринен «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, коомчулукта катуу талкууга түшкөн кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишин да көзөмөлдөгөнү белгилүү болду.
Стамбулдагы кримтөбөлдөрдүн жыйыны тууралуу жазган «Азаттыктын» өзбек кызматынын журналисти Сирожиддин Толибов өз булактарына таянуу менен Мухиддиновдун Батукаевди чыгарууга аралашканын аныктаган фактылар бар экенин билдирди:
«Равшан Түркиядан «Мухиддин уулу» деген ысым жана түркиялык паспорт менен Бишкекке учуп келген. Ал менчик учак менен конгон. Батукаевди үйүнөн алып келишкен. Аэропортто Азиз Батукаев жана анын карындашы, уулу сүрөткө түшүп калган. Алардын артында жүргөн киши Равшан Мухиддинов болуп чыкты. Муну ошол кезде укук коргоо органында иштеген адамдан жана башка булактардан алынган сүрөттөр жана документтер, видеолор да тастыктайт. Мен азыр алган файлдарды жана мурда жарыяланып кеткен сүрөттөрдү салыштырып көрдүм».
Батукаевди чыгарууга кошкон салымы үчүн Равшан Мухиддинов «Боордоштук чөйрөсү» деп аталган уюшкан кылмыштуу топко мүчө болгон.
Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн айыпталып, соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде чартердик учак менен Орусияга чыгып кеткен. Буга «айыккыс оорудан улам анын ичээр суусу аз калган» деген соттун чечими себеп болгон. Арадан алты жыл өтүп, Батукаевдин көрөөр күнү саналуу калганы калп болуп чыкты.
Кезинде окуяны кыргыз парламенти кызуу талкуулап, депутаттык комиссия түзүлгөнү менен аны экстрадициялоо маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей турат.