"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Караколдогу чаңгы базасында өспүрүмдүн өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Казакстандык 13 жаштагы өспүрүм 10-январда эс алууга барганда каза тапкан.
Пандемияга байланыштуу быйыл чет элдик туристтердин жоктугунан Ысык-Көлдөгү мейманкана бизнеси артка кетти. Кышкы туризмге ылайыкташкан ишкерлер да мурдагыдай эл жоктугун, бир нече мейманкана жабылууга мажбур болуп жатканын айтышууда. 80 миң калк жашаган Каракол шаарында эле 80ден ашык мейманкана ба
Ысык-Көлдө төрт баланын апасы, 40 жаштагы эне каза болду. Келиндин туугандары ал үй- бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, күйөөсүнүн колунан ажал тапканын айтышууда. Маркумдун күйөөсү азыр Түп райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө. Дарыгерлердин айтымында, ал уулуу зат ичип алган.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 10-январда тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, бир кишинин өмүрү кыйылды. Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев "Азаттыкка" билдиргендей, жарылуу борбордук базарда жайгашкан тез татым жайында болгон.
Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмү соңку 20 жылда ишке жарабай турган. “Азаттыктын” атайын берүүсүнөн кийин оорукананын имараты оңдоп-түзөлүп, керектүү медициналык жадбыктар коюлду.
Ысык-Көлдө польшалык инвестор иштетип жаткан “Алма-Ата” эс алуу жайынын жумушчулары иш таштады. Алар чет өлкөлүк ишкер айлык төлөбөй, буга чейин айткан убадаларын да аткарбай жатат деп нааразы. Акыркы төрт айдан бери айлыгы жок отурган 40тан ашык жумушчу укук коргоо органдарынан жардам сураганга
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургуну Айымбүбү Арзыматова беш айылдын мектеп окуучуларын чогултуп, англис тилин окутуп жатат. Эки жылдан бери балдарга билим берүү менен алектенген жаш мугалимдин эмгегин көрүп, жумушка тарткысы келген бир катар жеке мектептер да бар. Бирок элеттеги балдардын келеч
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургундары бир канча жолу мал уурулук үчүн кармалган айылдашын жазалоону талап кылып чыгышты.
3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады.
Каракол шаарында ишкерлердин демилгеси менен өзгөчө китепкана ачылды. Дүйнөлүк бестселлерлер топтолгон, ысык чай жана кофеси бар бул китепкана жергиликтүүлөрдү кызыктырууда. Бул жерге соңку күндөрү шаардын жаш тургундары келип жатканын кабарчыбыз Кундуз Сырдыбаева баяндайт.
Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү сабап, майып кылып койгон жарандын мыйзамдуу өкүлүнун арызы боюнча сот жараяны өтүүдө. Жабыркоочунун жакындары кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары камалбай, эми басым көрсөтүп жатканын айтууда. Алар ошондой эле аймактагы соттун ишине нааразычылык билдирип чыгыш
Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташыган айдоочулар бүгүн иш таштады. Айдоочулар өкмөттүн жүктүн салмагына чектөө киргизген 2011-жылкы токтомун жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Алардын айтымында, токтом оор жүк ташуучу автоунаалардын ишин чектейт.
Ысык-Көлдүн тургуну Бакытбек Жакиев машинеси менен айыл аралап, массаж жасайт. Үч жылдан бери бул кесипти аркалап келген жигитти Тоң районунда жакшы таанышат. Өзгөчө жай мезгилинде анын кардарлары арбыйт. Бакытбек пандемия бүтсө, Көлдү айланып иштөөнү жана шакирттерин көбөйтүүнү максат кылууда.
Ысык-Көл районунда мугалимдер эки жыл мурун жумуштан бошотулган билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин кайрадан кызматка келишине каршы чыгышты.
Жети-Өгүз районунда эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошту. Эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошкон үлпөт Түп районунда да болду. Ошентип, Ысык-Көлдө төрт эгиз түгөйлөрүн таап, түтүн булата баштады. Бул өзгөчө түгөйлөргө суктанып, сүрөткө түшкөнү келген айылдаштары да аз эмес.
Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Түп районунун Кең-Суу айылында чоңойгон.
Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 200гө жакын адам чогулду.
Ысык-Көлдө кулагы укпай, сүйлөй албаган эки дос жеке эмерек цехинде иштеп жатат. Алардын колунан жаралган эмгектер көл жээгиндеги мыкты эс алуу жайлары жана ири пансионаттарга коюлат.
Ысык-Көлдө “Касса, финиш” деп аталган акча топтоо системасына алдангандар милицияга арызданууда. Бул финансылык пирамида Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын тогуз жеринде ачылган. Айрым шаар тургундары акча топтоо системасына мүлкүн сатып кирсе, кээ бири топтогон акчасын толук берген.
Пандемиядан улам быйыл Ысык-Көлгө 3,5 миңге жакын медицина кызматкери келип эс алды. Алардын дээрлик бардыгы кызыл зонага кирип, кыйын күндө коронавирус менен ооругандарды караган дарыгерлер, медайымдар жана техникалык кызматкерлер.
Дагы жүктөңүз