Уурдалып кеткен маяна, улутунган ишкер
Ысык-Көлдө польшалык инвестор иштетип жаткан “Алма-Ата” эс алуу жайынын жумушчулары иш таштады. Алар чет өлкөлүк ишкер айлык төлөбөй, буга чейин айткан убадаларын да аткарбай жатат деп нааразы. Акыркы төрт айдан бери айлыгы жок отурган 40тан ашык жумушчу укук коргоо органдарынан жардам сураганга аргасыз болууда. Ал эми чет өлкөлүк инвестор бул маселе пандемия менен бизнес-өнөктөштүн акчаны алып качып кеткенинен улам чыкканын айтууда.