Ысык-Көлдө мал уурулук күч алды
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургундары бир канча жолу мал уурулук үчүн кармалган айылдашын жазалоону талап кылып чыгышты. Айыл тургундары акыркы 30 жылдан бери бул адамдын кылган ишинен жабыр тартып келишкенин да айтышты. Ал эми укук коргоо органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү маселе мыйзам чегинде чечилиши керек экенин билдиришти. 7-декабрда белгисиз адам түн жамынып, Түп районунун тургунунун короосунан жылкысын жетелеп чыгып баратканы видео көзөмөлгө түшүп калган. Кийин милиция ал адам мал уурдаганы үчүн бир нече жолу отуруп чыкканын билдирген.