Көмүр ташыган айдоочулар иш таштады
Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр ташыган айдоочулар бүгүн иш таштады. Айдоочулар өкмөттүн жүктүн салмагына чектөө киргизген 2011-жылкы токтомун жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Алардын айтымында, токтом оор жүк ташуучу автоунаалардын ишин чектейт. Ашык жүк үчүн ар бир жолу текшерүү пункттарына 200 сомдон 3 миң сомго чейин төлөөгө туура келет.