Жаңы курам 26-майда Бишкекте журналисттердин республикалык жыйынында жабык добуш берүү менен отуздай талапкердин арасынан тандалды.
Жүздөн ашуун киши катышкан конференцияда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы, маалымат каражаттарынын этикалык жоопкерчилиги, алардын үстүнөн келип түшкөн даттанууларды караган комиссиясынын ишмердүүлүгү талкууга алынды.
Күн тартибине кирген маселелердин арасынан маалымат каражаттарынын үстүнөн даттанууларды караган комиссиянын иши кызуу талкуу жаратты.
Иш-чаранын жүрүшүндө укук коргоочулар айрым журналисттерге сын айтып, алар ар кайсы саясатчылардын же башка күчтөрдүн камчысын чаап жатканын айтышты.
Жарандык активист Динара Ошурахунова журналисттерге куугунтуктоо укук коргоочуларга кысым күч алганда эле башталганын айтты:
- Биз журналисттер менен бир өйүздө экенбиз деп ойлоп келгем. Бирок соңку окуялар андай эмес экенин көрсөттү. Силер журналисттерге болгон куугунтукту айтуу менен эле чектелип жатасыңар. Бирок сөз эркиндигине болгон кысым укук коргоочуларды кодулоо күч алганда эле башталган, - деди Ошурахунова.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен соттошкон журналист Нарын Айып укук коргоочуну кубаттады:
- Укук коргоочулардын миссиясы анык. Алар адам укуктарын коргойт жана бийликтин камчысын чаппайт. Биз, журналисттер көп учурда бийликтин койнуна кирип кетебиз, бул же тигил саясий күчтүн көз карашын колдоп, ошонун сөзүн сүйлөйбүз.
Шайлоодогу мыйзам бузуулар
Жыйында "Медиа өнүктүрүү борбору" өкмөттүк эмес уюму 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу тууралуу мониторингдин жыйынтыгын да жарыялады.
Иликтөөдө кыргыз медиасында бир тараптуулук көп байкалганы жазылган. Алсак, 10-сентябрдан 15-октябрга чейинки үгүт учурунда 11 телерадио, тогуз интернет басылма, 70тей гезитке байкоо салынган.
Шайлоо: демократия жана эски адаттар
Шайлоо: демократия жана эски адаттар
Жалпы талапкерлердин арасында эң көп маалымат (14%) Сооронбай Жээнбеков тууралуу берилген. Андан кийинки орунда Өмүрбек Бабанов (6,6%) турат.
Жээнбеков тууралуу маалыматтардын 89%, Бабанов жөнүндөгү кабарлардын 11% позитивдүү болгону айтылат. Ошондой эле телеканалдарда жарнама материал өзүнчө бөлүп көрсөтүлбөгөнү эске салынган. Иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, КТРК менен НТС көп мыйзам бузган. КТРК Жээнбековдун, НТС Бабановдун пайдасына иштегени даана көрүнүп турган. Интернет басылмалар арасында kabar.kg сайты бийлик партиясынын талапкерин колдогону байкалган.
Ал эми "Азаттык" шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда тең салмактуулукту сактаган, кесиптик этика нормаларын карманган маалымат каражаты катары аталды.
Кыргыз медиасында журналисттик этиканы жана шайлоо мыйзамын одоно бузган 101 учур катталган. Анын 23ү аноним автордун макаласы. Телеканалдардагы чектен чыккан тең салмаксыз баяндарды НТС 49 жолу, 5-канал 41 жолу, 7-канал 23 жолу, КТРК 14 жолу ободон кетирген.
Чыр-чатакты сотко жеткирбей чечсе болот
Жыйында маалымат каражаттарына келип түшкөн даттанууларды караган комиссиянын иши тууралуу сөз болуп, аталган орган көптөгөн медиа чөйрөдөгү чырды сотко жеткирбей чечүүчү инстанция катары орду эбегейсиз экени айтылды.
Жыйында аталган комиссия жарыяланган материалдарды кароону өзү демилгелеши керекпи же сөзсүз ага келип түшкөн даттануунун же арыздын негизинде карашы керекпи деген маселе кызуу талкууга жем таштады.
Журналист Авланбек Жумабаев арыз келип түшөт деп күтүп отура бербестен, материалдарды текшерүүнү комиссия өзү демилгелей берсе болот деген пикирин айтты:
- Менимче комиссия качан ага арыз келип түшөт деп күтүп отура бербестен, өзү да көрүп, байкап калган басылмалардагы материалдарды талдашы керек. Себеби, журналисттик этиканы бузган учурлар аябай эле көп кездешет, бирок ар бир эле учурда анын үстүнөн даттана беришпейт.
Маалымат каражаттарынын үстүнөн келип түшкөн арыздарды кароо комиссиясынын төрагасы, медиа эксперт Шамарал Майчиев буга каршы пикирин төмөнкүчө негиздеди:
- Комиссиянын курамында ар кайсы редакциялардын журналисттери бар. Эгер алар текшерүүнү өздөрү демилгелей турган болсо, бул бейтараптуулук принцибин бузуп, редакциялар ортосундагы кастыкты козутушу мүмкүн. Комиссиянын мүчөлөрү тигил же бул басылманын макалаларын алып талдай баштаса, алар бир тараптын кызыкчылыгын коргоп жаткандай сезим калтырышы ыктымал. Ошондуктан менимче комиссия келип түшкөн арыздардын негизинде гана материалдарды талдап, иш алып барышы керек.
Иш-чарага президенттин басма сөз катчысы жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева да катышты. Ал комиссиянын ишин кубаттап, мамлекет тарабынан мындай уюмдарга колдоо көрсөтүлөрүн “Азаттыкка” билдирди.
- Соттук териштирүүгө жеткирбей эле тараптар ушул аянтчаны пайдаланса албетте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээлине оң таасирин тийгизмек. Бул оптималдуу жакшы аянтча. Ал эми президенттик аппарат, тактап айтканда маалымат бөлүмү бул аянтчаны өзүнүн өнөктөшү катары карайт жана кызматташууга даяр.
Журналисттердин жыйыны комиссиянын жаңы курамын шайлоо менен жыйынтыкталды. Ага журналисттерден алты, жарандык коом жана медиа уюмдардын өкүлдөрүнөн жети киши кирди.
Журналисттерден Гүлжан Алтымышбаева, Толкунбек Турдубаев, Жылдыз Бекбаева, Санжар Эралиев, Улукбү Амирова, Элдияр Арыкбаев кошулду. Жарандык коом жана медиа уюмдардан - Нургүл Абдукеримова, Динара Ошурахунова, Шамарал Майчиев, Тамара Валиева, Элима Жапарова, Марс Төлөгөнов жана Клара Сооронкулова шайланышты. Арасында мурдагы курамда иштегендер да бар.
Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия мүчөлөрү журналисттердин макала-баяндарына нааразы болгон тараптардын арызынын негизинде иштейт. Нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарышат. Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес, тараптарды сотко жеткирбөө максатында, элдештирүү, этиканы сактоо багытында иш алып барат. Айлык алышпайт.
Аталган комиссия мүчөлөрү үч жыл сайын жаңыдан шайланат. Талапкерлерди жеке жана юридикалык жактар көрсөтөт же өзүн өзү сунуштаса болот.
Буга чейинки комиссия он бештей арызды карап, чечим чыгарган. Даттануулардын көбү саясатчылардан жана өнөр адамдарынан түшөт. Алар түрдүү басылмалардагы макала, баяндарга нааразы болуп, кадыр-баркына шек келтиргенин айтышат.
Мурдагы комиссияга Шамарал Майчиев төрагалык кылган. Жаңы курамдын төрагасы эми аныкталат. Мындай комиссия дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар.
Журналисттердин 23 пункттан турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толукталган. Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды кароо комиссиясы кодекс кабыл алынгандан бери иштейт.