Технологиялар паркынын имараты талашка түштү
Илимдер академиясынын Автоматика жана маалымат технологиялары институтунун жамааты имаратты "Жогорку технологиялар паркынын" дирекциясына өткөрүп берүү тууралуу Сапар Исаков премьер-министр кезинде чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу маселесин көтөрүп жатат. Ал эми “Жогорку технологиялар паркы” дирекциясынын өкүлдөрү институттун негизинде IT тармагын бириктирген эко система түзүүнү көздөп жатканын айтышууда.