"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон дипломатиялык тиреши, Газа секторундагы кагылышуу, Өзбекстандын өзүндө алгачкы жолу басылып чыккан Ыйык Куран китеби, казак өкмөтүнүн калкты түндүккө көчүрүү аракети, Тажикстандагы кичи бизнестин көйгөйлөрү жана кишини
Бишкекте бүгүн ишембилик өттү. Ага өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Сапар Исаков өзү келип катышты. Ал борбор калаанын түштүк-чыгышында жайгашкан Ботаникалык бакты реконструкциялоо долбоору бир жыл ичинде ишке ашырыларын айтты. Ушундай эле саамалык Бишкектин Орто-Сай, Ак-Өргөө
Каректе Евразиянын бул жолку чыгарылышына Өзбекстандын жоюлган Улуттук коопсуздук кызматы, Орусиядагы президенттик шайлоо, Казакстандагы экстремисттик деп табылган оппозициялык кыймыл, эротикага тыюу салган "Тажикфильм", Өзбек-тажик соода алакалары, Түркмөнстандагы ундун тартыштыгы, Халабжа шаарынын
Шайлоого катышууга үгүттөө иштери Кыргызстандын аймагында да жүрүп жатат.
Бүгүн Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова баштаган бир топ укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттерин бириктирүүгө бел байлашканын коомчулукка жарыя кылды.
Эл аралык адвокаттар ассоциациясы Өмүрбек Текебаевдин жактоочусунун жагдайына тынчсыздануусун билдирди.
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Армениянын жаңы шайланган президенти, Казакстандагы ичимдиктерге тыюу салган мыйзам, Өзбекстандагы аткаминерлердин тойлорго баруусуна тыюу салган токтом, Тажикстанда кеңири жайылып бараткан пластикалык операциялар жөнүндөгү баяндар камтылды.
Экономисттер фискалдык саясатты өзгөртүү натыйжа бербейт деп эсептешет.
Соода жана өнөр жай палатасынын Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров "Азаттыкка" маек курду.
Мекенди коргоо күнү дегенде эле баарыбыздын оюбузга чек араны коргоп турган куралчан жоокер келет. Бирок бүгүнкү күндө мекенди кимден же эмнеден коргоо керек? Кыргызстандын душмандары ким?
"Каректе Евразиянын" бул жолку чыгарылышына Казакстанда өткөн аткезчиликке каршы ири операция, өзбек-тажик чек арасындагы жанданган өткөрмө бекеттер, Украинадан Европага өтүүчү мыйзамсыз миграция каналдары, Европадан башпаанек сураган грузин жарандары, ири терактты иликтөөгө жардам берген "Азаттыкты
Жапониянын Матсуда Шинжи аттуу жараны кыргыз президентине ачык кат жолдоду.
Кылмыш ишинде күбө катары суралып келген журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду.
"Каректе Евразиянын"бул жолку чыгарылышына Өзбекстан менен Түркмөнстандагы кымбаттап жаткан күйүүчү май, Ирандагы милдеттүү жоолук салынууга каршы чыккан кыз-келиндер, Тажикстанда жайылып бараткан жасалма жол менен боюна бүтүрүү ыкмасы тууралуу баяндар камтылды.
Бишкек Жылуулук борборундагы болгон авария шаар тургундарын кооптуу абалда калтырды. Бишкектеги карылар үйү авария болор замат тыштагы очокко отун-сууларды даярдап, тамак-ашты казанга бышырса, балдар үйлөрүнүн бири ымыркайларды калың кийиндирип, дароо электр жылыткычтарды колдоно баштаган.
Бишкекте көмөккө муктаж шаардыктарды кабыл алуу, ысык чай, тамак менен камсыз кылуу жана жайгаштыруу пункттары иштеп жатат. Учурда борбордо жылынуучу он пункт ачылды. Мындан тышкары, Бишкек мэриясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте кырк жылуу чатырларды орнотту.
Бишкек жылуулук борборунун жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу маалымат жыйын куруп, анда кырсыктын себептери белгисиз экенин жана ЖЭБдин иши качан толук калыптанары белгисиз экенин айтты. Ал ошондой окуяны атайын уюштурулган диверсия катары сыпаттоого негиз жок экенин кошумчалады.
Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепетин ооруканалардагы бейтаптар да тартышууда. "Азаттыктын" кабарчылары Бишкектеги Улуттук госпиталдын Эне жана баланы коргоо борборуна барып, ал жердеги абал менен жеринен таанышып келди.
Улуттук банктын электрондук капчыкты чектөө боюнча Жобосунун долбоору кескин сынга кабылды.
Кыргызстандын Улуттук банкы уюктук операторлорунун мобилдик капчыгын чектөө боюнча мыйзам жобону коомдук талкууга коюп, аларга тыюу салууну көздөп жатат. Уюктук операторлор болсо мындай демилгеге каршы чыгып, муну мамлекет көздөгөн электрондук трансформация жараянына каршы келерин айтышып, нааразы.
Дагы жүктөңүз