"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
"Иззат Артыковдун допинг-тести оң чыгып, ал Рио-2016 Олимп оюндарынан четтетилди". Бул тууралуу Спорттук арбитраж сотунун (САС) допингге каршы бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылат.
Талиптер Ооганстандагы Гилменд провинциясына чабуулун күчөтүүдө. Провинцияны талиптерге тарттырып коюу коркунучу жаралып, ооган бийликтери ал жакка кошумча аскерлерин жөнөттү.
Бразилиянын ири калаасы Рио-де-Жанейродо дүйнөдөгү эң ири спорттук мелдеш - Олимп оюндарынын ачылыш аземи башталды.
Жыйынды АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ачып, терроризмге каршы күрөштө жана экономикалык өсүштү камсыздоо багытында кызматташууга чакырды. 3-августта башталган жолугушууда Кошмо Штаттар Орусия жана Кытай үстөмдүк кылган региондо кызматташууну жандантууну көздөөдө. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан
Human Rights Watch жана Amnesty International адам укугун коргоочу уюмдар Чыгыш Украинадагы жаңжалда адам укуктары одоно бузулгандыгы үчүн эки тарапты тең айыптады.
19-июлда Фетхуллах Гүленди экстрадициялоо боюнча Анкара төрт бөлүктөн турган керектүү далилдерди АКШ бийлигине жолдогон.
Армениянын борбору Ереванда полиция имаратында барымтага алынгандардын экөө атайын операция маалында бошотулду. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматы кабарлады.
13-июль күнү түштөн кийин Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон каныша Елизавета IIге кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшырат. Ошол эле күнү кечинде Тереза Мэй Британиянын жаңы премьер-министри болору күтүлүүдө.
Стамбулдагы жардырууларды уюштурган деген айып менен камакка алынган 17 адамдын 11и Орусиянын жарандары экендигин түркиялык ММКлар жазып чыкты. Сот аларды террорчул топторго мүчө болгондугу үчүн айыптады.
Орусия президенти Владимир Путин 3-июлда Ички иштер министрлигинин базасында Улуттук гвардия түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Мындай жаңы аскер түзүмгө муктаждыкты ал терроризмге каршы күрөш деп негиздесе, айрымдар Путиндин кадамын ушул жылы Орусияда өтө турган парламенттик шайлоодогу ыктымал башаламандыктардын алдын алуу аракети деп сыпатташууда.
Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы кол салууда курман болгондордун саны 41 кишиге жетти. Алардын ичинен 10 киши чет өлкөлүк жарандар болсо, дагы үчөө кош жарандыгы барлар экени аныкталды.
Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда 3 жардыруу болуп, 147дей адам жараат алып, 36 киши мерт болгону кабарланууда.
Атактуу пакистандык ырчы Эмжад Сабри өткөн аптада Карачи шаарында атып өлтүрүлгөнүн полиция теракт деп сыпаттады. Кыянатчыл иш үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын каты эки өлкөнүн алакасын калыбына келтирүүгө жасалган алгачкы кадам катары сыпатталууда.
Социалдык медиа платформалар бүгүнкү күндө видеону түз ободо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай мүмкүнчүлүктү террористтер да пайдаланууда. Алардын интернет аркылуу өз кылмыштарын даңазалоосун, аларды видеого тартып кеңири таркатуусун көзөмөлдөө күндөн-күнгө кыйын болуп бараткандай.
23-24-июнда Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өттү. Анда уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу тууралуу сөз болду.
Сумая Сирияга кеткен атасын күн сайын сагынып күтөт. Бир жолу ал белгилүү тажик ырчысын телевизордон көрүп калып, атасына окшоштурган. Эми ырчы Шахриёр Давлатов Сумаяга убактылуу ата болуп, ага жолугуп турат.
Дагы жүктөңүз