Президенттик аппараттан билдиришкендей, Меркел менен Атамбаев эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү жолдорун талкуулашат. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга тийиштүү маселелер боюнча пикир алышат. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда немис канцлери менен президент биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.