"Азаттыктын" Бишкектеги кызматкери, журналист. Борбор Азиядагы Америка Университетинин журналистика факультетинде окуган.
Эгер кумсалардын клубундагы атышуу теракт болсо, ал 2001-жылдын 11-сентябрынан берки эң чоң теракт болуп калды.
Актөбөдө 5-июнда куралдуу кол салуу учурунда каза тапкан үч киши жерге берилди. Алардын баары карапайым жарандар болчу. Ал эми куралчан топтун мүчөлөрүнүн сөөгү туугандарына бериле элек.
Иш-чара Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 14-майда уюштурулду. Ал күнү кечки саат 8ден түнкү 2ге чейин сүрөтчүлөр, скульпторлор, кол өнөрчүлөр, манасчылар жана ырчылар келгендерге өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары сүрөт тартып, скульптура чегүүнү каалагандар үчүн атайын мастер
15-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейинки убакытты эсептеп турган саат расмий ачылды. Анын ачылышына шаар тургундары, өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, чет өлкөлүк коноктор күбө болду. Саат темирден жасалып, улуттук стилде кооздолгон. Оюндарга 111 күн калды.
Бишкектеги Улуттук китепкана 13-майдын түнү окурмандар үчүн “Китепканада кадыр түн” аттуу акция өткөрдү.
Активисттер "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзамга каршы акцияга чыкты. Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров мыйзам долбоорун жокко чыгаруу керектигин өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу көргөзүүгө аракет кылды.
11-майда Бишкекте активисттер "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү" мыйзам долбооруна каршы акцияга чыкты. Алар парламентти бейөкмөт уюмдардын ишмердиги боюнча сунушталган өзгөртүүнү колдобоого чакырды.
Өткөн жумада Ички иштер министрлигинин терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмү оперативдик маалыматтардын негизинде жыйырмадан ашык үйдү тинтти.
Өткөн жума экстремизмге каршы күрөштүн алкагында ИИМдин 10-Бөлүмү Чүй облусунда жүргүзгөн тинтүү учурунда 21 үйдөн 9 миңге жакын экстремисттик, радикалдык мааниде деп шектелген ар кандай китептер, дисктер табылган.
"Азаттык" Бишкек тургундарына спикер деген ким жана анын милдети деген суроо жолдоду.
Бүгүн апрель соту боюнча отурум Республикалык аскер сотунда уланып, анда соттолуучулар акыркы сөздөрүн айтышты. Азыркы убакка чейин качкын президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев жана ошол кездеги баш прокурор Нурлан Турсункулов соңку сөздөрүн сүйлөштү. Бул жолку соттук отурум ак
Чэн Жифен аттуу кытай сүрөтчүсү кыргыздардын тарыхына жана маданиятына арналган “Eagle clan\Бүркүттүн уруусу” деп аталган фотоальбомун чыгарды. Ак-кара түстөгү сүрөттөрдө кытайлык кыргыздардын жашоо-тиричилиги чагылдырылган. Сүрөттөрдү жаратууга Чен Жифен бир нече жылдарды арнап, миңдеген чакырымды багынткан. Урумчүдө белгилүү болгон сүрөтчү аталган альбомдун бир нускасын Кытайга иш сапары менен барган Султан Раевге тапшырган. Учурда Чен Жифендин жеке көргөзмөсүн Кыргызстанда да өткөрүү талкууланууда.
Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында хижаб кийген кыздар арбын. Эми алардын ата-энелери мектепте кыздар менен балдар бөлүнүп окушун талап кылууда. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан мындай талаптар жүйөсүз деп түшүндүрүүдө билим берүү тармагынын адистери.
Бишкекте бүгүн, 2-апрель аутизмди таануу жана ал тууралуу маалымат таркатуу күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү. Аутизм акыбалындагы өзгөчө балдар жана алардын ата-энелери, жакындары катышкан бул иш-чара түштөн кийин Эркиндик бульварында башталып, асманга шар учуруу жөрөлгөсү менен аяктады.
Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Бул тууралуу Кыргызстандын президенти тогуз мамлекеттин элчилерин кабыл алган учурда айтты. 30-мартта тогуз мамлекеттин: Пакистан, Түркмөнстан, Алжир, Польша, Австралия, Швеция, Филиппин, Израил жана Венгриянын Кыргызстандагы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырышты.
Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Эл үнү" оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров 24-мартта Ошто белгиленген курултай чек ара маселеси үчүн токтотулганын айтты.
Бишкекте Ленин райондук сотунун имаратында эки бөлмө ачылды. Алар кадимки соттук отурумдар өтүүчү бөлмө, болгону өспүрүмдөрдүн ыңгайын эске алып жасалган. Темир торлордун ордуна оюнчуктар, китептер жайгашкан.
Бүгүн Бишкекте Жалпы кызыкчылыктарды издөө (Search for Common Ground) бейөкмөт уюму уюштурган "Ислам жана тынчтык" интеллектуалдык оюну өттү. Оюнга өлкөнүн жети дубанынан келген жаштар, аялдар, имам-молдолор жана ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
Дагы жүктөңүз