"Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 2004-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Биометрикалык ID карт-паспортторго айдоочунун күбөлүгү жана медициналык китепче бириктирилиши мүмкүн. “Азаттыктын” суроолоруна Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жооп берди.
Президент Алмазбек Атамбаев 12-декабрда иш сапар менен Кувейтке барды. Сапардын алкагында кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун алгачкы жыйынына катышып, эки тараптуу алаканы бекемдөөгө багытталган келишимдерге кол койду.
Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте өлкө ичинде доллардын жүгүртүлүшүн чектөө боюнча экономикалык жана социалдык чаралар системасын иштеп чыкканы жатат. Доллар өсүп, сом кунун жоготуп жаткан шартта кандай чаралар көрүлүшү керек? “Азаттыктын” суроолоруна экономист Мейманбек Абдылдаев жооп берди.
Өкмөт коррупцияны ооздуктоо аракеттери жемишин бере баштаганын билдирди. "Кыргызконцепт" ишканасынын жетекчиси, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” маек курду.
Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун сот иши 18-ноябрда уланмай болду.
Бүгүн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы ишин баштайт жана жаңы депутаттарга мандат берилет.
12-октябрдагы чуулгандуу окуялардан кийин Чүйдөгү 50-абактын жетекчисинен башка дагы алты түрмөнүн башчысы кызматтан алынды. Жаза аткаруу кызматы кандай реформаларга муктаж?
5-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Иранга иш сапары менен барды.
Иран жабык өлкөлөрдүн бирине кирет. Жакында кабарчыбыз Тегеран шаарында болуп кайтты.
Жакында эле Араванда 400 гектарга жакын жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабар тараган. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров "Азаттыкка" курган маегинде бул маалыматты четке какты.
Минск шаарында өлтүрүлгөн криминалдык чөйрөнүн өкүлү Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча Кыргызстанда айрым билдирүүлөр жасалды.
Соңку учурларда балдарга карата зомбулуктун көбөйүшү коомдун бул маселеге назарын бурууда. Бул теманын тегерегинде ЮНИСЕФтин коомчулук менен байланыш боюнча координатору Мавлюда Жапарова "Азаттыкка" маек курду
Соңку жылдары Кыргызстандын бир топ алыскы аймактары өкмөттөн колдоо күтүп, алакан жайып отура бербестен жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө өтүп жатканын байкоого болот.
14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 7 баллга жеткен зилзала катталды. Силкинүүнүн очогу Кажы-Сайда 6 балл болуп сезилди. Сейсмология институтунун директорунун орун басары Эрнес Мамыров “Азаттыкка” маек курду.
Ушул жекшемби күнү Кыргызстанда жергиликтүү жамааттардын түптөлгөнүнө он жыл толот. Кыргызстан эгемендик алгандан бери жергиликтүү өз алдынча башкарууда жетишкендиктер да, артка кетүүлөр да болду. Мамлекеттик кадр кызматынын төрага орун басары Бахтияр Фаттахов “Азаттыкка” маек курду.
Бүгүн Бишкекте заманбап коомдогу аялдардын ролуна жана ордуна арналган талкуу өтөт. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбор уюштуруп жаткан талкуу аялдардын радикалдашуусу жана бул процессти болтурбоонун жолдорун табуу максатын көздөйт. “Азаттык” Ислам изилдөө институтунун эксперти Назира Курбанованы кепке тартты.
Бүгүн КТРКнын башчылыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу токтойт. Буга чейин документин болгону төрт талапкер тапшырды. Коомдук Биринчи каналдын Байкоочулар кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков “Азаттыкка” маек курду.
Ысык-Көлдө "Тоо кен тармагына кызыкдар тараптардын кызматташуусун жолго салуу жана чыр-чатактарды азайтуу" деген аталыштагы эки күндүк улуттук конференция өтүүдө.
18-сентябрда шотландиялыктар Бириккен Падышалыктын түзүмүнөн чыгуу тууралуу добуш беришти. Референдумда көз карандысыз Шотландия мамлекети болсунбу? - деген суроо коюлган. Шотландиядагы референдум тууралуу “Азаттык” менен саясат таануучу Эмил Жураев ой бөлүштү.
Дагы жүктөңүз