“Азаттык”: Үч маанилүү документти бириктирүү демилгесин көтөрүүгө эмне себеп болду?
Мелис Эржигитов: Мамлекеттик каттоо кызматы 2016-жылдын экинчи жарымынан баштап паспорттордун жаңы үлгүсүн чыгара баштайт. Алар биометрикалык паспорт деп аталат. Алар азыркы паспорттой эле болот, бир гана өзгөчөлүгү – чип орнотулат.
Мындан сырткары биометрикалык паспорттор корголуусу жагынан ID-картадан бир топ күчтүү болот. Чиптин ичинде жаран тууралуу маалыматтар болот. Биометрикалык паспорт дүйнөлүк стандарттарга толугу менен жооп берет. Дүйнөнүн 102 мамлекети биометрикалык стандарт системаларын кабыл алып, жигердүү иштетип жатат.
Бул чиптин мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Мисалы, анын ичинде жаран тууралуу маалыматтардан сырткары, айдоочунун күбөлүгүн, медициналык картаны киргизсе болот. Мамкаттоо кызматы ушинтип бириктирүү керек деген сунушту киргизип жатат. Эми өкмөт, коом колдоп, чечим кабыл алынса бул ишке ашат. Биз эл аралык тажрыйбаны абдан терең изилдеп чыктык.
“Азаттык”: Адам тууралуу маалыматтардын баары бир документте болсо, коопсуздук жагынан кандай болоор экен?
Мелис Эржигитов: Жаңы технологиялардын негизинде коопсуздук жагына өтө чоң көңүл бурулуп жатат. Мисалы, буга чейин биометрикалык маалыматтарды топтогондо деле “эгерде флешкага топтогон маалымат жоголуп кетсе эмне болот” деп тынчсызданып жатышпайт беле. Ал жоголгону менен эч ким аны чечмелей албайт. Андай аппараты жок. Аппарат тапкан күндө деле аны окуган программасы жок. Биометрикалык паспорттор жогорку деңгээлде корголгон, жашыруун шифрлер менен бекитилген. Аны чечмелеп чыгуу өтө татаал.
“Азаттык”: Эгерде адам паспортун жоготуп алса, бардык документтерди кайра топтоп чыгабы?
Мелис Эржигитов: Маалыматтын баары бир базада болот. Техникалык жактан кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн. Паспортту жоготуп алсаңыз, кам санабай эле койсоңуз болот. Себеби чипти эч ким окуй албайт. Ал ушунчалык жашыруун болот. Аны окуй турган аппараттар өзгөчө органдарда гана болот. Эгерде коду бар телефонду жоготуп алсаңыз, кодду билбеген адам телефонду ача албайт да. Паспорт да ошондой эле болот.
“Азаттык”: Азыр паспорт, айдоочулук күбөлүктөрдү көтөрүп жүргөндөр бекер алмаштырабы, же төлөмдөрү көп болобу?
Мелис Эржигитов: Биз азыр баасын так айта албайбыз. Болжолдуу айта турган болсок, баасы азыркы паспорттордон жогору болбойт.
“Азаттык”: Пенсионерлерге, майыптарга социалдык жеңилдиктер болобу?
Мелис Эржигитов: Бул маселе да азыр талкууда.
“Азаттык”: Биометрикалык паспорттор каалагандарга берилеби, же милдеттүү түрдө болобу?
Мелис Эржигитов: Биометрикалык паспортту колдонуунун дагы бир максаты – 2017-жылдагы президенттик шайлоодо идентификациялоону бир гана ушул паспорт менен өткөрөлү деп жатабыз. Себеби бул идентификациялоону жеңилдетет жана тартипти күчөтөт. Ошон үчүн элге биометрикалык маалыматтарды тапшырууну сунуштайбыз.
“Азаттык”: Айрымдар машине айдабайт да. Кийин үйрөнүп, күбөлүк алып калды дейли. Аны паспортко кошуп коёбу?
Мелис Эржигитов: Бул чиптин мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Азыр бир жерде жашап, экинчи жакка көчө турган болсоңуз, ID-картаны алмаштырууга туура келет. Себеби ал жерде жашаган дарек башка болуп жатпайбы. Система ушундай болуп туура эмес түзүлүп калган. Жаңы биометрикалык паспорт менен бул маселе чечилип жатат. Сиз Мамлекеттик каттоо кызматына келип, ал жерден кызматкер чипти ачып, маалыматтарды жаңылап коёт, паспорт алмаштыруу зарыл эмес.
“Азаттык”: Азыр ID-картада “никеси бар”, “никеси жок” деп жазылып турат. Демек бул маалыматтарды паспорт албай эле өзгөртүүгө мүмкүн турбайбы?
Мелис Эржигитов: Ооба, эл буга чейин ушинтип кыйналып келатпайбы. Жаңы үйлөнгөндөр, ажырашкандар паспортун алмаштырыш керек. Биометрикалык паспортто андай болбойт. Бул жерде атайын аппарат менен чиптин ичиндеги маалыматты өзгөртүп коюшат. Маалыматтар улам толукталып турат.
Монголияда биометрикалык паспорттун жардамы менен эл кызмат көрсөтүүлөрдү алууда. Монголдор терминалдарга биометрикалык паспортту киргизип, каалаган справкаларды ошол терминалдардан эле алып жатышат.
“Азаттык”: Биометрикалык маалыматтарын канча киши тапшырды? Качан бере баштайсыңар?
Мелис Эржигитов: 2016-жылдын экинчи жарымынан бере баштайбыз. Ушул күнгө карата туруктуу жашаган элдин 98% биометрикалык маалыматтарын тапшырып бүттү.