Ал эми 14-15-декабрь күндөрү Атамбаев расмий сапар менен Катар республикасында болот. Мамлекет башчы аталган өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад ал Тани менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстанга инвестиция тартуу, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жолдорун талкуулайт.
Окумуштуу, тарыхчы Асан Ормушев Араб өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелер тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Учурдагы кыргыз-кувейт мамилелерине кандай баа берет элеңиз?
Асан Ормушев: Кыргызстан менен Кувейт ортосундагы дипломатиялык мамилелер жаңыдан гана башталууда деп айтам.
Кувейт Жакынкы Чыгыштагы экономикасы өнүккөн, бакубат өлкөлөрдүн катарына кирет. Кувейт коңшу өлкөлөр менен саясат, экономика, маданият тармагында байланыш түзүүгө абдан кызыкдар.
Эң кызыктуусу – Кыргызстан эгемендик алганда араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Кувейттин финансы министри келип, мурдагы президент Аскар Акаев менен жолугушуп, инвестиция тууралуу пикир алышкан. Бирок андан ары дипломатиялык өнүгүү болгон эмес.
2002-жылы Кувейттин парламенттик делегациясы Кыргызстанга келип, алты пункттан турган кыргыз-кувейт мамилесиндеги алгачкы мамлекеттик деңгээлдеги келишимдер түзүлгөн. Ал келишимдер экономикалык, соода жана маданий тармактарга тиешелүү болгон.
Мына эми Кувейт менен дипломатиялык мамилелерди Алмазбек Атамбаев түзгөнгө аракет жасап жатат. Кандай ийгиликтерге жетишери азырынча белгисиз. Бирок бир нече жакшы кадамдар жасалды. Мисалы, Кувейтте, Катарда элчиликтер ачылды, Катардан Кыргызстанга инвестиция тартуу аракеттери көрүлүүдө.
“Азаттык”: Кыргызстан бакубат араб өлкөлөрүнөн кандай инвестиция тарта алат? Кайсы тармакта кызматташтык жемиштүү болмок эле?
Асан Ормушев: Биринчиси – Кыргызстан адам баласына күндө керектелүүчү эң таза жана жагымдуу азык-түлүк продукциясын чыгарат. Мен Кувейтте бир нече жолу болгом. Кувейтте эч нерсе өспөйт. Баарын чет мамлекеттерден ташып келишет.
Дүйнө жүзү боюнча абдан бааланган кыргыз балын жана жаңгагын, кургатылган өрүктү жиберип, Кувейт бизде ошолорду кайра иштетүүчү цехтерди курса мыкты болмок. Бул иштерге көп деле акча кетпейт. Ошондо тышкы экономикалык соода абдан жакшы жүрмөк.
Изилдеп көрсөм, эки өлкө ортосундагы экономикалык жана соода байланыштар ушул күнгө чейин өз деңгээлине жете элек. Бизнесмендер өз алдынча тырбалаңдап аракеттенип жатат. Бирок ошол эле мезгилде мамлекет жардам бергендин ордуна аларга бут тосуп жатканын мен өз көзүм менен көрдүм.
“Азаттык”: Эмнеге бут тосуулар болуп жатат?
Асан Ормушев: Себеби мурдагы эки президенттин тышкы саясатында Араб мамлекеттеринен кандайдыр бир чочулоо, кооптонуулар болгонуна күбөмүн. Себеби мен бир нече жолу кат жазып кайрылгам. Илимий-практикалык конференцияларды, ислам темасында маселелерди чогуу талкуулайлы дегенде да ошол каттарга жооп болгон жок.
“Азаттык”: Араб өлкөлөрү менен дипломатияда эмнелерге көңүл буруш керек?
Асан Ормушев: Арабдар эч кимге ишенбеген калкка кирет. Качан гана анын ишенимине толук киргенде жардам бере баштайт. Мисалы, Кувейттин мамлекеттик фонду бар. Кыргызстан ошондон бир нече жолу жардам алып, экономиканы өнүктүрүүгө аракет жасады. Бирок эмне үчүн андан ары уланып кетпегени мага белгисиз. Балким “инвестициядан жең ичинен 10 пайыз алынат” деген чынбы? Болбосо, Казакстан эмне үчүн Кувейт, Катар менен жакшы байланыш түзүп жатат?
Алмазбек Атамбаевдин акыркы убактарда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жасаган иш сапарларын колдойт элем. Бул жерде эки өлкө ортосундагы соода жана экономикалык байланыштарды түзүү комиссиялары иштейт. Эгерде ошолор жакшы иш жүргүзө турган болсо, биз Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнөн көптөгөн инвестицияларды алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.