"Азаттыктын" веб-редактору, журналист. 2004-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кечээ өкмөт курамында өзгөрүүлөр болуп, айрым министрлер кызматынан бошотулду. Дагы өзгөрүүлөр боло турганы кабарланды. Жогорку Кеңештеги “Республика” партиясынан депутат Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” маек курду.
Парламенттин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында вице-спикер Бөдөш Мамырова өкмөт хижаб мектеп формасына кирбейт деген позициясын так аныктап алышы керектигин билдирди. Ислам илимий изилдөө институтунун эксперти Назира Курбанова жоолук маселеси боюнча "Азаттык" менен ой бөлүштү.
2-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы кыргыз-кытай чек арасына жакын Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду жана маркумдарга арналып эстелик тургузулду. Иш-чарага катышкан тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин “Азаттыкка" кеп салып берди.
Коомдук каналды төрт жылдан бери жетектеп келген Кубат Оторбаев кызматтан өз каалоосу менен кетип, буга чейин коомдук ЭлТР телеканалын жетектеп келген Султан Жумагулов КТРК башчысынын милдетин аткаруучу болуп шайланды.
Кечээ Улуттук оппозициялык кыймыл “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди өз катарынан чыгарганын маалымдаган билдирүү таратты. Буга байланыштуу Камчыбек Ташиевдин жакын санаалаштарынын бири, аталган кыймылдын мүчөсү Нурлан Шакиевди сөзгө тарттык.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев "Азаттыкка" маек курду.
Апрелдин ортосунан бери Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында 500 вагон, Кыргызстанга алып келаткан дагы 400 цистернадан ашык күйүүчү май Орусия менен Казакстандын чек арасында кармалып турат. Бул болсо Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташына себеп болду.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кечээ Чүйдөгү №31 колониянын ички абалы менен таанышып чыккан соң өлкөдөгү жабык жайлар чукул реформаларга муктаж экенин баса белгиледи.
Бишкек шаар бийлиги тамак-аштан уулануулардын алдын алуу үчүн тиешелүү кызматтар кафе-ресторандарды жай мезгилинде текшерип туруусуна өкмөттөн уруксат сурап жатат.
Октябрь райондук сотунун чечиминен кийин камакка алынган Марс Жусупбековдун өзү жетектеген абакка камалышы коомчулукта түрдүү пикир жаратты. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттун бул чечими адам укугун одоно бузууга жатарын "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.
Кыргыз-тажик чегиндеги соңку кырдаал боюнча "Азаттыктын" суроолоруна вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жооп берди.
Бүгүн оппозициялык күчтөр Бишкекте митинг өткөрүп жатат. Оппозициянын көздөгөнү эмне? Бийлик менен оппозиция диалог кура алабы? “Азаттыктын” суроолоруна саясат таануучу Шайырбек Жураев жооп берди.
Страсбургда Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) жалпы жыйынында кыргыз парламентине демократияга өнөктөш деген макамды караган резолюция көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Орус президенти Владимир Путин Ооганстандан эл аралык күчтөр чыккандан кийин Борбор Азиядагы өнөктөштөр стабилдүүлүктү орнотуу үчүн "Москванын жардамына муктаж болушу мүмкүн" экенин билдирди.
Апрель окуяларына 4 жыл толду. Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, учурда экономика министри Темир Сариев "Азаттыкка" маек курду.
Бүгүн “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы жыйынга чогулат. Коалициянын жыйынында өкмөт башчылыкка талапкер Жоомарт Оторбаевдин программасы, өкмөттүн структурасы боюнча маалыматы угулат.
Жогорку Кеңештин 14 депутаты атайылап жалган маалыматты таратуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал өткөн аптада биринчи окууда кабыл алынды.
23-февралда Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владимир Жириновский Украинадагы окуяга байланыштуу сүйлөп жатып, Орусия "бир гана Украинаны эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да катуу кармаш керек" деген оюн билдирген. Ал Борбор Азияны Орусияга федерация катары кошуп, борбор калаасы Верный (учурдагы Алматы шаары) болушу керектигин айткан болчу.
Баткен облусунун Ак-Сай айылында, Ворух анклавынын жанында жергиликтүү тургундар менен тажиктер чатакташа кетти.
Кыргыз кинематографиясын түптөөгө жана бир кездеги “кыргыз кереметин” жаратууга салым кошкондордун бири, белгилүү кинорежиссер жана оператор, жазуучу, публицист, окумуштуу Альгимантас Видугирис узакка созулган катуу оорудан улам 25-июнда, 75 жаш курагында дүйнө салды.
Дагы жүктөңүз