“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Кыргызстандын эгемендик тарыхында Түштүк Кореянын өкмөт башчысы алгачкы жолу расмий сапар менен келди.
Зардалы жана Кара-Бак айылынын тургундары 2016-жылы сел алып кеткен көпүрөнүн ордуна ашар жолу менен жаңысын курушту.
Араван районундагы Юсупов айыл аймагында бала бакча жетишсиздигинен башталгыч мектептин эки каанасы бала бакчага берилген. Наристелер ошол жерде тамактанып, уктап, тамга таанышат. Муктаждыктан улам, учурда аталган айыл аймагында эки кабаттуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Кыргыз-казак өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалын жана келечегин сүйлөштү.
Араван районундагы Юсупов айыл аймагында бала бакчанын жетишсиздигинен улам башталгыч мектептин эки бөлмөсү бала бакчага берилген.
5-июль күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтери ката басылып чыкканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаганын кабарлады.
Араван районунда жети киши "кутурган ит тиштеп алган" деген шек менен ооруканага жаткырылды. Он күн мурда аймакта кутурма боюнча дагы бир учур катталган. Буга байланыштуу райондо кутурма оорусун чектөө боюнча штаб түзүлдү.
Финпол ишкерге тиешеси бар деген ишканалардын салыгын текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.
Жайкы каникул башталаары менен түрдүү жумушта иштеген балдар көбөйдү.
Жайкы туристтик сезонго карата Ош аба майданынан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттам кайра жанданды.
Ошто быйыл 20-мартта жарылуу болгон май куюучу жай кайра ишин жандантып жатканы аймак тургундарын нааразы кылды.
«Девзира» деген бренд менен белгилүү болгон өзгөн күрүчү быйыл жылдагыдан 100 гектарга аз айдалды. Мунун себебин дыйкандар күрүчтүн ички рынокто баа болбой калганынан көрүшөт.
Ошто кыздарды эрте турмушка берүүнүн кесепеттери талкууланып жатат.
Ош шаарында Сириядагы согушка байланышы бар 170ке чамалуу киши каттоого алынган.
Ош шаарында ишканалардын салык үчүн карызы 35 млн. сомдон ашты.
Быйыл жыл башынан бери Ош облустук төрөт үйүндө жашы жете элек он алты кыз көз жарды.
Оштун Араван районундагы багбандар кокон гиласын Кытайга экспорттоп жатат.
Өткөн аптанын соңунда Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы келин төрөттөн каза тапты. Айрымдар «буга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп» десе, дарыгерлер өздөрү аялдардын өз ден соолугуна мамилеси начар болуп жатканын айтышууда.
Ошто бир топ ишкерлер Ош-Баткен-Исфана жолунда курулуш жүргүзгөн түркиялык компанияга нааразы болуп жатышат.
Ош шаарынын тургуну уулун «кыйноого алышты» деп милицияга каршы прокуратурага кайрылды.
Дагы жүктөңүз