Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Билим берүү тармагын уят кылган каталар


2019-жылкы бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттагы ката.
2019-жылкы бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттагы ката.

5-июль күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтери ката басылып чыкканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаганын кабарлады.

Буга 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө ар кандай ката менен жазылган 95 миң аттестат тапшырылганы тууралуу маалымат негиз болду. Бул кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатындагы жана толук эмес орто билими тууралуу күбөлүгүндөгү алгачкы каталар эмес.

«Н» тамгасынын ордуна «Ң»

Финансы полициясы 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттагы каталарга байланышкан маселени териштирүүнү Интернетте таратылган маалыматтарга таянып баштаганын билдирди. Мурдараак социалдык тармактарга Нарын облусунун Туз айылындагы мектеп окуучуларына таандык аттестаттагы ката сүрөтү менен кошо жарыяланган. Анда «окончила среднюю реднюю школу» деп жазылып турат. Аттестатта ошондой эле «н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы жазылып калганын таап чыккандар да муну кескин сынга алышкан.

Билим берүү жана илим министрлиги ката үчүн өзүн күнөөлүү деп эсептеген жок. Муну министрлик бланктарды басып чыгарган «Учкун» басмаканасынын келишим аркылуу алган милдеттенмеси менен түшүндүрүүдө.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда тендерден утуп чыккан «Учкун» басмаканасы менен Билим берүү министрлиги 6-июнь күнү келишим түзүшкөн. Аттестаттарды жана толук эмес орто билими тууралуу күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендерди Мамлекеттик каттоо кызматы жүргүзгөн.

Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

«Келишим түзүлүп, биз аларга аттестаттар менен күбөлүктөрдүн акыркы, басууга кетүүчү таза үлгүсүн бергенбиз, - деди министрдин орун басары. - Ал үлгүлөрдө эч кандай ката жок, таза. Биз бул каталар чыккандан кийин министрликтин ичинде да иликтеп, текшердик. Ката бизден кеткен эмес, каталар өздөрүнөн кеткенин «Учкун» басмаканасы мойнуна алып атса, анан кантип министрлик «бизден кетти» деп мойнуна алат?»

Быйылкы аттестаттагы каталар мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн күбөлүгүндөгү алгачкы каталар эмес экенин жарандык активисттер социалдык тармактарда кызуу талкуулашты.

Журналист Гүлмира Үмөталиева Билим берүү жана илим министрлигин окуучулардын билими тууралуу күбөлүктөрүндө, аттестаттарында гана эмес, окуу китептеринде, ири эл аралык иш-чараларда ката кетиргени үчүн дайыма сындап келет. Ал билим берүү тармагынан берилип жаткан мамлекеттик маанилүү документтерде ката кетип жатса, ага министрлик жоопкер деген пикирде.

«Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева «эки ката эч нерсе болбойт» деген позицияда турганда, эч качан оңолуу болбойт, - деди ал. - Министрдин ою өзгөрбөсө, өзүн өзгөртүш керек. Кризистин алдын ала албайбы, колунан келбейби - анда кызматтан кетиши керек. Билим берүү министринин моралдык жоопкерчилиги да болушу керек. Биз балдарыбызга «билимдүү болгула» деп туруп, «ката болсо эч нерсе болбойт» деген министрден окутуп жатканыбыздын өзү ката».

Гүлмира Үмөталиева 5-класстардын «Мекен таануу» китебиндеги каталар тууралуу да Билим берүү жана илим министрлигин айыптаган билдирүүлөрдү таратып келген.

Ошол эле учурда бул маселеде жалаң эле билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеваны айыптоо туура эмес деген да ойлор бар. Оштогу билим берүү боюнча эксперт, педагог Куштарбек Кимсанов мындай дейт:

Куштарбек Кимсанов.
Куштарбек Кимсанов.

«Каталар үчүн жоопкер тараптар бар. Бирок ага көңүл бурбай эле жалгыз министрди күнөөлөп, аны айыптуу кылгысы келгендердики туура эмес. Бул жерде атайын бир адамды айыптоо аракети көрүнүп турат».

Катасы бар аттестаттар алмаштырылып жатат

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, ката кеткен күбөлүктөр менен аттестаттардын быйылкы бланктарын ушу тапта «Учкун» басмаканасы алган милдеттенмесинин негизинде алмаштырып берип жатат.

Катасы бар аттестаттар алмаштырылып жатканын Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрү да билдиришти. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Сүйүнбай Исаков «Азаттыкка» ката басылып кеткен аттестаттар 5-июлга чейин толугу менен алмаштырылып берилгенин билдирди:

«Биздин мектеп орто билим тууралуу аттестаттарды 24-июнь күнү бүтүрүүчүлөргө берген. Алардын ичинен «катасы бар экен» деп бизге 50 аттестат, толук эмес орто билими тууралуу 60 күбөлүк кайтарылган. Мен өзүм мектептерден жыйнап, алмаштырып бердик. Тездетип алып келип, бүгүн таркатып бүттүк. Кабыл алуу экзамендери жакындап калгандыктан тез арада бүтүрүп бердик».

Быйыл Кара-Суу районундагы 128 орто мектепти 2998 улан-кыз 11-классты, 5707 окуучу 9-классты бүтүрүшкөн.

Маалыматтарга ылайык, «Учкун» басмаканасы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын 20 сом 17 тыйынга, ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн күбөлүктөрүн 17 сомго басып чыгарган. «Учкун» ишканасы мамлекеттин карамагында экенин эске алсак, Финполиция маалымадагандай 95 миң даана аттестатты кайра басып чыгарыш үчүн кошумча 1, 916 млн. сом сарпталат. Бул чыгаша «Учкун» басмаканасынын өз эсебинен сарпталарын Билим берүү жана илим министрлиги баса белгилөөдө.

2019-жылы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG