Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, анда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Мамлекет башчы өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Түштүк Кореяга ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдары Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү 42 млн. долларды түзгөн.
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён да өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин Кыргызстанга расмий визит менен келген Түштүк Кореянын биринчи өкмөт башчысы экенин белгиледи.
“Бул визит кечиккен визит болуп калды. Бирок биз эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн тездетүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз", - деп белгиледи Ли Нак Ён.
Ал Кыргызстанда жакынкы мезгилде билим берүү, административдик башкаруу жана айыл чарба технологияларын өнүктүрүү чөйрөлөрүндө суммасы 7 млн. долларлык жардам берүү пландары жөнүндө айтып берди.
"Түштүк Корея бизнес чөйрөсүнө үлгү"
Эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ли Нак Ён “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чакан чөйрөдө жолуккан учурда Кыргызстан жана Түштүк Корея кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатканын белгилешти.
Абылгазиев Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигинде өзүнүн жакын өнөктөштөрүнүн бири катары эсептей турганын, премьер-министрдин сапары кызматташтыкты жаңы баскычка көтөрүп жатканын айтты.
“Түштүк Кореянын Кыргызстанга алдыңкы технологияларды киргизүүсү жана пайдаланууга колдоо көрсөтүүсү менен президенттик жана парламенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштыкта өттү. Бул өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөттү”, - деди Абылгазиев.
Мындан сырткары ал Түштүк Корея Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө үлгү болуп жатканын кошумчалады.
Корей премьер-министри 1992-жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын, бул эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Кыргызстандын ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында аймактык байланышты жакшыртууга кошкон салымын жогору баалады.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Абылгазиев Бишкекке Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча макулдашууга кол коюларын журналисттерге билдирди.
"Бишкек шаарында 150 орундуу республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча макулдашууга кол коймой болдук. Бул экономикалык өнүктүрүү жаатында Кореялык кызматташтык фонду тарабынан ишке ашырылат", - деди Абылгазиев.
Бишкек-Сеул каттамы
Кыргызстандын жана Түштүк Кореянын премьер-министрлери Бишкек – Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу чакан жана кеңири форматтагы жолугушуудан соң өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге билдирди.
“Эки тараптуу кызматташуубузда транспорт тармагы да көңүл сыртында калган жок. Аба каттамы жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол койдук. Туристтик байланыштарды жандандыруу, маданий-гуманитардык тажрыйба алмашуу максатында Бишкек- Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин жакшылап карап чыктык”.
Абылгазиев жылдан жылга Кореяга барууну каалаган кыргызстандыктардын, ошол эле маалда Түштүк Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин да саны көбөйгөнүн кошумчалады. 2015-жылдан 2018-жылга чейин Түштүк Кореядан келгендердин саны эки эсе өсүп, жети миңден 14 миңге чейин көбөйгөн.
Үмүт жана ишенич чоң
Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёнду коштоп 50дөн ашуун кореялык компаниялардын өкүлдөрү келди. 17-июль күнү Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөт башчыларынын катышуусунда бизнес-форум өткөн. Ага эки тараптан жүздөн ашуун ишкана-компаниялардын өкүлдөрү катышкан. Анын алкагында эки документке кол коюлду.
Иш-чарада Мухамедкалый Абылгазиев Түштүк Корея Кыргызстан үчүн ар тараптуу өнүгүүнүн үлгүсү экенин билдирген:
«Түштүк Корея дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы катарында турат. Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия мейкиндигиндеги өзүнүн абдан жакын өнөктөштөрүнүн бири деп эсептейт. Бизнес-форумга Түштүк Кореянын өкмөт башчысы өзү катышып жатканы да эки өлкөнүн ишкерлигинин аралыгын бир кадамга жакындатып, бир тепкичке көтөрдү десек жаңылышпайм. Түштүк кореялык ишкерлерге биз Кыргызстанды санариптештирүү жаатына көңүл бурса деп сунуш кылат элек».
Бизнес-форумда белгиленгендей, Кыргызстанда Түштүк Кореянын миңден ашуун ишканасы бар.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тараткан маалыматка ылайык, 2018-жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн. жакын долларды түзгөн.
Палатанын төрагасы Марат Шаршекеевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, тараптар бул сумманы 100 млн. долларга чейин чыгарууну көздөп жатат.
«Бул жакка Түштүк Кореядан 120дан ашуун компаниянын өкүлдөрү келишти, - деди ал. - Эки күндүк форумда биз эки тараптуу жемиштүү келишимдерге кол коюлат деген үмүтүбүз бар. Түштүк кореялыктар биздин экологиялык жактан таза, органикалык азыктарыбызга кызыгат. Ушул 120 ишкананын жок дегенде жарымы келишим түзөт деген үмүттөбүз».
Марат Шаршекеевдин кошумчалаганы боюнча, 17-июлда эки келишимге кол коюлду, анын бири электробула өнүмүн чыгаруу боюнча болсо, экинчиси - түштүк кореялыктар Кыргызстанда медицинанын жетишкендиктерин пайдалануу менен заманбап курорт курууну көздөп жатышат.
Соодада гана эмес, илим-билимде да кызматташтык
Адистердин баамында Түштүк Корея Кыргызстан менен соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө жана башка тармактарда кызматташууга артыкчылык берет жана бул тармактарга инвестиция салып келе жатат.
Оштогу Технологиялык университетте ачылган Сежоң Хандак окуу борборунун башчысы Ким Бу Гилдин «Азаттыкка» бөлүшкөн пикири боюнча, Түштүк Корея Кыргызстанды өзүнүн маанилүү өнөктөшү катары көрөт жана бир катар тармактарга инвестиция жумшап келет. Анын ичинде билим берүү жана туризм тармагы да бар.
«Кыргызстан менен Түштүк Кореянын эки тараптуу кызматташтыгы экономикалык жактан гана эмес, маданий-гуманитардык, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатында да өнүгөт, - деди ал. - Биздин окуу борборубузда окуган 500дөй студент корей тилин үйрөнөт. Каалоочулар жогорку билимин Түштүк Кореянын беделдүү жогорку окуу жайларынан уланта алат. Учурда биздин окуу борборунан билим алган 15 бала Сеул университетинде, Самбук жана башка университеттерде окуп жатат».
Адистер Түштүк Корея Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуп келе жатканын да белгилешүүдө.
Түштүк Кореянын Кыргызстандагы «Менин айылым» долбоору
Кыргыз өкмөтү жана Түштүк Кореянын KOIKA уюму биргелешип учурда Кыргызстандын Баткен, Ош жана Чүй облустарында «Менин айылым» аттуу долбоорду ишке ашырып жатат.
Долбоордун KOIKA тарабынан координатору Гүлзина Зикированын «Азаттыкка» анын максаты Кыргызстандын аймактарында элдин жашоосун жакшыртуу экенин билдирди:
«Долбоор быйыл февралда башталган, 2022-жылга чейин созулат. Биринчи жылы 30 айылдагы элге керектүү инфратүзүм: суу чыгаруу, жарыктандыруу, жол оңдоо сыяктуу иштерге жумшалат. Экинчи жылы биринчи жылдын жыйынтыгында жакшы жагынан өздөрүн көрсөтө алган 15 айылга айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы долбоорго кирип, элдин кирешесин көтөрүүчү долбоорлорго акча алышат. Үчүнчү жылы 30 айылдын ичинен эң мыкты натыйжа көрсөткөн тогуз айыл калат да, алар чакан ишкерлик боюнча долбоорлорду ишке ашырат. Бул долбоорлор Түштүк Кореянын KOIKA уюму тарабынан каржыланат. Жыл сайын ар бир айылга 24-28 миң доллардан акча каражаты берилет».
Кореялыктар жаңылаган «Семетей»
Аймактар демекчи, түштүк кореялык ишкерлер Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрына 1 млн. доллар инвестиция салып, аны заманбап кинотеатр катары дээрлик кайрадан куруп чыгышкан.
2016-жылы бул долбоор боюнча кыргыз өкмөтү менен кореялык ишкерлердин ортосунда келишим түзүлүп, кыргыз тарап корей ишкерлери кинотеатрга сарптаган инвестициясын чыгарып алмайынча ижара акысын албай турган болушкан. Бирок кинотеатр иштей баштагандан көп өтпөй өкмөт өкүлдөрү корейлерден айына 150 миң сом өлчөмүндө ижара акы доолай башташкан. Бул тууралуу «Семетей» кинотеатрынын менежери Медетбек Макенов «Азаттыкка» билдирди:
«Мамлекет тарабынан кепилдик жоктугунан улам көп учурда кореялык ишкерлер бул жакта иштерин баштай албай турат. Мисалы, биздин эле учурда мамлекет тарабынан берилген убада, кепилдиктер аткарылбай, эки тараптуу түзүлгөн келишим туруктуу болбой, өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатканы терс таасирин тийгизүүдө. 2016-жылы «Семетей» кинотеатрын жаңылоодо «кореялык ишкерлер салган инвестициясын чыгарып алмайынча, тагыраагы он жылга чейин ижара акысын албайбыз» деп бийлик макулдук берген. Биз ай сайын 69 миң сом Соцфондго, дагы он миңдеген сом салык төлөгөнүбүзгө карабай, учурда Мамлекеттик мүлк фонду «ай сайын 150 миң сомдон ижара акысын төлөгүлө» деген талап коюп жатат».
Медетбек Макеновдун айтымында, Ошко жана башка облустарга инвестиция салып, бизнес курууну каалаган түштүк кореялык ишкерлердин көпчүлүгү расмий бийлик тарабынан берилген кепилдиктердин аткарылбаганынан жана түрдүү бюрократиялык тоскоолдуктардан улам максатын ишке ашырбай, кетип калышат.
Кыргызстан менен түштүк кореялык ишкерлердин бизнес-форуму 18-июлда да уланат. Форумду Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Түштүк Кореянын KOTRA уюму уюштурууда. Аталган уюм мамлекетке караштуу, чакан жана орто ишкерликти колдоо багытында 4% үстөк менен акчалай жардам берип, алардын тез арада ирденип кетишине көмөктөшүп келе жатканы менен белгилүү. Мындан тышкары ишкерлерге өндүргөн товарын чет жакка экспорттоого жол көрсөтүп келет.
KOTRAнын жылдык бюджети 6 млрд. доллар.
Быйыл 16-23-апрелде Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин мамлекеттик сапар менен Борбор Азияны кыдырган. Анда миллиардаган долларлык келишимдерге кол коюлган. Бирок Мун Чжэ Ин Кыргызстан менен Тажикстанды кыйгап өткөн.
Түштүк Корея ички дүң өнүмүнүн көлөмү боюнча Орусиядан алдыда, дүйнөдө 11-орунда турат. Чыгыштагы эң бакубат үч өлкөнүн бири.